Экинчи келген оппозициячыл маанайдагы талапкер Амиржан Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын жарыялап, өлкөдө нааразылык акцияларын өткөрүүнү колдобой турганын айтып чыкты.
Ал ортодо Алматыда шайлоого нааразылык акциясына чыккандарды камоо уланды.
Токаев жеңди, Косанов ага макул
Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматы буга чейинки жарыяланган экзит-поллдун жыйынтыгынан айырмаланган жок.
Шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Константин Петров утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70 пайыздан ашыгын алганын жарыялады:
«Токаев Касым-Жомарт Кемелович шайлоочулардын 6 миллион 505 миң 054 добушу же шайлоочулардын 70,76 пайыз добушун алып, алдыга чыкты. Бул биз тактаган акыркы маалымат».
Оппозициячыл маанайдагы «Улут тагдыры» кыймылынын мүчөсү Амиржан Косанов 16 пайыз добуш алып, экинчи орун алды. Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын БШКнын расмий маалыматына чейин эле жарыялаган. Ал мындай позициясын бүгүн да кайталап, өлкөдө митинг-пикеттерди уюштурууга каршы экенин билдирди:
«Мен «көчөгө чыккыла» деп чакырбайм. Мен муну башынан эле айтып келатам. Мен мыйзам чегинде иштеген саясатчымын. Балким радикалдуу оппозицияга бул жакпай жатса керек. Бирок бирөөгө жакпаган менен мага туруктуулук, казактардын эгемендиги керек».
Амиржан Косановдун мындай позициясы анын айрым тарапкерлерин нааразы кылды. Алар Косановдун шайлоо кеңсесине келип, оппозициячыл саясатчыны «чечкинсиз, бийликке сатылды» деп айыпташты.
«Мен сиздин байкоочу катары түнкү 12ге чейин шайлоо участогунда жүрдүм. Сизге берилген ар бир добушту коргоого аракет кылдык, күрөштүк. Мындай аракеттер Астанада гана эмес, Карагандада, Шымкентте болду. Эми сиз адамдардын бетине түкүрүп жатасызбы?» - деп суроо берди чогулгандардын бири.
Казакстандагы президенттик шайлоону бойкоттоо боюнча чакырык менен бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязовдун тарапкерлери чыгып жатат. Алар Косановду оппозициянын атынан бул шайлоого катышуу менен «бийликке көмөкчү болду» деген позицияда турат.
Шайлоого көлөкө түшүргөн кармоо
Чынында эле акыркы эки күндө адамдардын кармалышы Казакстандагы шайлоого көлөкө түшүргөн жагдай болду. Мындан улам добуш берүүгө көз салган ЕККУнун байкоочулары «адамдын негизги эркиндиктери чектелгенин» жарыялашты.
Шайлоону бойкоттоону талап кылып Алматы, Нур-Султан жана Шымкент шаарларында өткөн акция учурунда жүздөгөн адамдар кармалган эле. Алардын ичинде жагдайды чагылдырганы барган журналисттер да полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Казакстандын Ички иштер министрлиги шайлоо күнү жалпысынан 500дөй киши мыйзам бузганы үчүн кармалганын кабарлады. Алардын көпчүлүгү азыр камакта отурат. Кармоо иштери бүгүн да уланып, Алматыда 20га жакын адам камакка алынганы белгилүү болду.
Негизи Казакстанда акыркы эки-үч айдан бери нааразылык акциялары утур-утур уюштурулуп жатты. Алгач көп балалуу энелердин нааразылыгы менен башталган акцияларга соңку күндөрү жаш активисттер кошулуп, бир нече жолу митингдерди өткөрүштү.
Токаев ким?
Казакстандагы кезексиз шайлоо өлкөнү дээрлик 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткен соң жарыяланган. Шайлоого жети талапкер катышты. Бирок алардын арасында Назарбаев кызматтан кеткен соң утурумдук президент болуп калган Касым-Жомарт Токаевдин жеңип чыгаары күн мурунтан эле айтылып жаткан.
Ошентип Ак Ордонун алдыдагы беш жылдагы кожоюну тандалды. Азыр талдоочулар арасында «Казакстандын жаңы президенти өз алдынча саясат жүргүзө алабы? Аймактагы мунайга бай бул өлкөнү эмне өзгөрүүлөр күтүп жатат?» деген сыяктуу суроолор кызыктырууда.
66 жаштагы Токаев Казакстан эгемендик алганы Нурсултан Назарбаевдин жакын үзөңгүлөшү катары бир катар маанилүү кызматтарды ээледи. Кесиби боюнча дипломат Токаев эки ирет тышкы иштер министри, премьер-министр, парламент төрагасы болуп, Казакстандын атынан БУУнун баш катчысынын орун басарлыгын аркалаган.
Айрым эксперттер Токаевдин кыйышпастыгын эске алуу менен Назарбаев өзүнө мураскер тандаганын айтып келишет. Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн ички жана тышкы саясатында «элбашынын» саясатын улантууга убада берип жатат. Анын үстүнө Нурсултан Назарбаев бийликтен кеткени менен «элбашы» макамын жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өлкөдөгү маанилүү чечимдерди кабыл алууну колунан чыгарбай сактап калган.
Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы мурдагы президенттин таасири сакталып калганы менен Токаев акыркы элдин нааразылык маанайын эске алуу менен айрым өзгөрүүгө барууга мажбур болот деген пикирде.
«Кандай болгон күндө да азыр элдин максаты жана тилеги - демократиялык өзгөрүүлөр, эгемендик жана казак мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо болуп турат. Ошондуктан ким жеңишке жетишпесин, калктын кызыкчылыктары менен эсептешүүгө аргасыз болот. Бул жагынан Токаевдин алдында өзгөрүүгө болгон чоң талап турат», - деди ал.
Кыргыз-казак мамилеси: эмне өзгөрөт?
Ошол эле кезде шайлоодон кийин Казакстан менен коңшулардын, анын ичинде Кыргызстандын мамилесинде кандай өзгөрүүлөр болору кызыгуу жаратууда.
Стратегиялык өнөктөш болуп саналган эки өлкө ортосунда абдан жакын мамиле түзүлгөнү айтылган менен акыркы жылдары тараптардын мамилеси олку-солку болчу.
2017-жылы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ошол кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаевди сындап чыккан соң эки өлкөнүн чек арасында бир айга жакын чектөө киргизилген. Бул кыргызстандык ишкерлерге зыян келтирген болчу. Мындай абал быйыл Токаев кызматка киришкен соң да байкалган эле.
Кыргыз парламентинин депутаты, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев Казакстан менен мамиледе оңдош керек болгон көп жагдай бар экенин айтты:
«Чынында Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы алаканы бекемдеш керек болуп жатат. Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы эрежелер иштебей жатат. Аны моюнга алыш керек. Эми Токаев жаңы президент болуп шайланган соң биздин өлкө башчы менен жаңыча диалог курат деп ишенем».
Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев Казакстандын жаңы президенти жаңыча мамиле курууда расмий Бишкектен көп нерсе көз каранды деген пикирде.
«Касым-Жомарт Токаевди лидер катары биз абдан аз билебиз, - деди ал. - Албетте, муну туура түшүнүбүз керек. Анткени Назарбаев президент болуп турганда башка казак саясатчыларынын деле аты чыккан эмес. Бирок кыска мөөнөттөгү байкоо боюнча Токаев өтө тез ымалага келген киши болбогону менен өтө кекчил саясатчыдай да көрүнбөйт. Ошондуктан бул киши менен конструктивдүү маселе, сунуштар алкагында диалог курсак, кайсы бир жыйынтыкка жетишибиз мүмкүн».
Казакстандагы шайлоодон соң Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди алгачкылардан болуп жеңиши менен куттуктады.
Сүйлөшүү учурунда 13-14-июнда Бишкекте өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында жолугушууну макулдашты. Ошентип Токаевдин алгачкы чет өлкөлүк сапары Бишкекте өтүшү мүмкүн.