PhD доктору, эколог жана суу ресурстары боюнча эксперт, EcoMind экосистемалык чечимдер борборунун жетекчиси Арман Утепов “Азаттык” менен болгон маегинде Сырдарыя менен Аралдын экологиялык абалы жана Казакстандын суу ресурстарын сактап калууга эмне үчүн азыртан аракет кылуу керектиги тууралуу ой жүгүртөт.
Сырдарыя – Борбордук Азиядагы эң чоң дарыя. Төрт өлкөнү: Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды жана Казакстанды аралап өтүп, аягында Арал деңизине куят. “Азаттыктын” кабарчысы жана фотосүрөтчүсү Петр Троценко Сырдарыяны жээгинде жашаган карапайым калктын – балыкчынын, соодагердин, дыйкандардын жашоо-тиричилиги аркылуу дарыянын азыркы абалы жөнүндө баяндап берүү үчүн дарыянын жана анын куймаларын бойлой саякатка чыкты. Ал ошондой эле Сырдарыя бассейниндеги маселелерди изилдеп, аларды чечүү жолдорун издеген адистер менен да баарлашты.
“Сырдарыя табигый фунцияларын аткара албайт”
Петр Троценко: Адегенде Сырдарыя тууралуу кеп кылалы. Андан Арал деңизинин түндүк бөлүгүнүн деңгээли түздөн-түз көз каранды. Акыркы жылдары дарыяда суу азайып кетти эле, быйыл гана бир аз көтөрүлдү. Бул эмнеге байланыштуу?
Арман Утепов: Чындыгында Сырдарыя өзүнүн табигый функцияларын аткара албай калды. Биздин өлкөдө ал көбүнчө айыл чарба муктаждыктары үчүн бөгөп тоскон түркүн гидротехникалык курулмалар менен кысылып калган.
Кызыл-Ордо облусунун гана территориясында 90 миӊ гектардан ашык шалы өсүмдүктөрү бар, алардын аянты жылдан-жылга кеӊейүүдө. Казакстандын чегинде, Арал деңизине чейинки дарыянын боюнда табигый агым ошол эле Шардара суу сактагычынын (Түркстан облусунда Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан. – Ред.) сарптоо режимине ылайыкталган. Төмөн жагында Көксарай кайра жөндөөчү жайы жайгашкан, ал дагы айыл чарба муктаждыктары үчүн иштетилет. Андан ары Кызыл-Ордо суу жөндөгүчү жана Аклак ГЭСи бар, ошондон кийин гана Арал деңизине жетет.
Ал эми Көк-Арал плотинасын көтөрүү зарыл деп айтышканда, бул идеянын каршылаштары чоң көйгөйлөр болот, агымдын баш жагындагы бөлөк гидротехникалык курулуштар толук иштей албай калат дешкен (бул плотина Арал деңизинин түндүк бөлүгүндө курулган, суу сактагычтын ушул бөлүгүндөгү суунун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берген, бирок бийиктиги жетишерлик эмес деп эсептелет – Ред.). Ал эми дамбаны жогорулатсак, ал жактагы суунун табигый суу режими: бардык урук чачуучу жерлер, бардык суу сактагычтар, ошол эле Камышлы-Баш көлдөр тутуму калыбына келет. Дамбаны гана көтөрүш керек.
Суу менен камсыздоонун дагы бир орчундуу өӊүтү – сектор аралык бытырандылыкты жана атаандаштыкты жоюуга тийиш болгон бассейндик башкаруу ыкмасын сактоо. Бассейндик суу чарба башкармалыгы Түркстан жана Кызыл-Ордо облустарынын аймагында жайгашканына жана анын ыйгарым укуктары Казакстандагы Сырдарыянын бүтүндөй бассейнине тиешелүү экендигине карабастан, ал толук бийликке ээ эмес жана сууну пайдалануу маселелерин өз алдынча чече албайт. Ошол эле айыл чарба уюмдары ресурстарды сарамжалсыз пайдаланып, суунун 70% жакынын керектешет, анын да жарымы жөн эле коромжу болот [инфраструктуранын начардыгынан улам].
Мен Казакстан суунун экосистемалык функциясын жаңыртышы зарыл деп ишенем. Биз Сырдарыянын төмөнкү жагында жайгашканбыз, демек, суу биринчи кезекте экономикалык максатта керек деп айтсак туура болбойт. Бизге суунун өзү керек. Ал жок болсо, башка баары оңбой калышы мүмкүн. Суу циклинин бузулушу климаттын өзгөрүшүнө алып келет. Мектепте табияттагы суунун цикли жөнүндө айтылганы эсиӊиздеби? Ошол ыраат бузулат, анткени [кургап калган] жер сууну сиңирүүгө жарабайт, ал эми кыртыш сууну өзүнө сиӊирип, сактап калуу менен, биринчиден, анын сапатын жакшыртат, экинчиден, биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтириши керек.
Петр Троценко: Башкача айтканда, ал табигый чыпка болот экен.
Арман Утепов: Ооба, бул баарын жакшыртуучу табигый чыпка. Потапенко-Лукин усулу бар, ал табигый процесстерди моделдөө аркылуу кыртыштын бетинин гидрологиялык режимин калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Август айында Чувашияда, Өйдөкү Ачаки айылында болдум. Ал жерде колхоздун башкармасы жар, аӊ болуп кеткен жерди калыбына келтирүүгө жетишиптир. Ал айдоо аянтын кеӊейтүүнү көздөгөн экен. Ошол аңдарды агын суулар менен эмес, жер астындагы суулар менен толтурган жүздөн ашуун көлмө жасашыптыр. Түшүмдүүлүк эки эсеге көбөйүп, ал жерде бугулар пайда болуп, жалпысынан экосистема калыбына келе баштаптыр.
Топурактын сиңирүү касиети артып, жер иштете баштаганда эле тигилген бак-дарактар жакшы өсүп калыптыр. Токойлор да калыбына келтирилиптир – биотикалык сормо теориясы далилдениптир: кургак мезгилде өсүмдүктөр бууланууну арттырып, булутка айланып, жамгыр болуп жаайт. Биздин Маңгыстауда деле булут пайда болгону менен, жаан деӊизге барып жаайт, тескерисинче болушу керек эле. Мунун себеби, топурак нымдуулукту сиңиргенге жарабай калган. Ошондуктан жаңы Экологиялык кодексте биз экосистемалык мамиле зарылдыгына басым жасап жатабыз (акыркы өзгөртүүлөр июнь айында киргизилген, эми декабрь айында күчүнө кирет. – Ред.).
“Көк-Арал дамбасын көтөрүп, бекемдөө керек”
Петр Троценко: Көк-Арал дамбасынын курулушу Арал деңизинин түндүк бөлүгүн сактап калды, балыктар көбөйдү. Бирок Арал деңизиндеги балыкчылар азыр балык кайра азая баштады дешет.
Арман Утепов: 2005-жылы Көк-Арал дамбасынын курулушу аяктап, 2006-жылы Арал деңизинин түндүк бөлүгүндөгү суунун деңгээли көтөрүлгөндө, андагы туз балансы теӊделип, балык да тез көбөйө баштады эле. Мындай болот деп эч ким айта алмак эмес. Эң оболу, урук чачуучу жерлер калыбына келип, балыктын көбөйүшүнө шарт түзүлдү. Кантсе да, адамдын балыкты жасалма жол менен көбөйтүү аракетинин баары суу каптагандагы табигый өзгөрүүгө салыштырмалуу кыпындай эле болуп калат экен.
Петр Троценко: Бирок Арал деңизинде балык көйгөйлөрү көп. Мисалы, Көк-Арал дамбасынан суу агызылганда балык деңиздин түштүк тарабына барып, өтө туздуулуктан кырылып калышы мүмкүнбү?
Арман Утепов: Ооба, өтө жаман бул, балык чын эле кырылып калууда. Негизи ал жерде суу жок, саз гана бар. Мен ал жакка көп эле баргам. Балык коргоочу торду орнотуу менен маселени чечүүгө аракет кылган элек. Андан кийин окумуштуулар балыктарды үркүтүү үчүн аз ток бере турган тосмолорду курууну сунушташкан.
Убакыт өткөн сайын дарыянын нугу өзгөрүп, азыр түз эле дамбага такалып калганы да чоӊ маселе. Азыр дамба жапыз, суунун деңгээли көтөрүлгөндө үч миллиард метр кубдан ашыкча сууну Арал деңизинин түштүк бөлүгүнө агызып ийүүгө туура келет. Ошол эле учурда суу жетишсиз деп жатабыз. Эң өкүнүчтүүсү, бул күрүч талааларын какшытып салгандан кийин болот. Август-сентябрь айларында каналдардын баарынан суу кетет да, чабактардын жетилиши үчүн эң жакшы шарт түзүлөт. Биринчиден, суу өтө терең эмес, экинчиден, өсүмдүк көп, башкача айтканда, майда балыктарга жетишерлик азык табылат, үчүнчүдөн, суунун жылуулугу да балыктын тез жетилишине өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, бизде Камышлы-Баш балык жайыбыз бар, андан күзүндө ошол эле Сырдарыяда балык (бир жылга чейинки чабак – Ред.) чыгарылат. Мына ушунун баары чоң агым менен Арал деңизинин түштүк бөлүгүнө куюлганда, балыктар өлөт.
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарда сууну агызып ийүү зарыл болорун билем. Бирок суунун негизгиси бөлүгүн башка жерден агызуу керек. Бизде мурдагы Арал деңизинин түштүк-батыш бөлүгүндө Туңыбас деген чоң көл бар. Ал жердеги суу абдан туздуу, бирок мезгил-мезгили менен тузу азайтылат. Ашыкча сууну ошол жакка агызуу керек.
Петр Троценко: Эмне үчүн дамба ушунчалык жапыз курулган? Акча жок беле?
Арман Утепов: Эсептен жаӊылышкан го. Муну азыр бирдеме дей албайм, бирок дамба беш-алты метр бийик курулса, балким, маселе чечилмек. Көк-Арал плотинасын көтөрүүгө келсек, бул маселени комплекстүү чечүү керек деп ойлойм. Анүстүнө дамба бүлүнө баштагандай, ошондуктан баары бир аны жакшыртууга, бекемдөөгө аракет кылуу керек.
“Бардык өлкөлөр дарыяда гидротехникалык курулма тургузууну токтото баштады”
Петр Троценко: Жакында Казакстанда түзүлгөн Суу ресурстары жана ирригация министрлиги тууралуу сөз кылалы. Анын ишинен майнап чыгып жатабы?
Арман Утепов: Бул министрликти түзүү аба менен суудай эле керек болчу. Азыр ченемдик-укуктук базаны гана түзүү зарыл. Маселе чечүү ыгын өзгөртүшүбүз керек. Мына министрлик эксперттерге жардам сурап кайрылганы жакшы болду. Ушул жылдын башынан бери биз 100дөн ашык адамдан турган жумушчу топ түзүп, жаңы “Суу кодексине” өз сунуштарыбызды даярдадык: 500 барактан турган 700дөн ашуун түзөтүүлөр, алар мажилисте дагы эле каралып жатат. Бирок, тилекке каршы, экосистемалык усул маселеси чечилбеген бойдон калды. Бул тууралуу “Экологиялык кодексте” жазылгандай болду эле, бирок суу экосистемалары тууралуу эч кандай сөз жок. Азыр эми экологдор өздөрүнүн кодексинен сууга тиешелүү нерселердин баарын өчүрүп салышты, ал эми суу тармагындагылар “Суу кодексине” экология жана экосистемалык мамилеге тиешелүү нерселердин баарын киргизгиси келбей турат.
Петр Троценко: Экосистемалык мамиле деген эмне?
Арман Утепов: Экосистемалык мамиле табигый экологиялык системалардын, тирүү организмдердин, жаратылыш ландшафттарынын бүтүндүгүн жана табигый байланыштарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет, ошону менен туруктуулукту жана эффективдүүлүктү камсыз кылат. Адатта экосистеманын функцияларынын төрт категориясы каралат. Бүгүнкү күндө биз сууну камсыздоо функциясына байланыштуу карайбыз.
Бирок суу абаны, климатты жөнгө салуу функцияларын да аткарат, дарыянын агымы суунун сапатын жөнгө салат. Суу жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн жашоо чөйрөсү болуп саналат. Эгерде биз токой жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда анын пайдасын кыйылган дарактын метр кубу менен эсептөөгө болот. Бирок ошол эле дарактардын жөнгө салуучу: көмүр кычкыл газын сиңирүү, бөлүкчөлөрдү кармоо функциясы да бар. Анын тамырлары ашыкча сууну сиңирип алат. Жакын арадагы имараттарга көлөкөсү да түшүп турат. Климатты жакшыртат.
Бул адамдын күүлүү-күчтүү жашоосуна да таасир этет: изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгерде адам күнүнө 20 мүнөттөн ашык бак-дарактардын көлөкөсүндө басып жүрө алса, анын иштөө жөндөмү 30% жогорулайт. Башкача айтканда, бул да өлчөө мүмкүн болгон кыйла так экономикалык көрсөткүч.
Экосистеманын туруктуулугу жана жашоонун сапатына тийгизген таасири жөнүндө сөз кылганда, жаратылыш ресурстарын тескөөгө калкты тартуу маселесин да чечебиз. Ошондуктан жергиликтүү калктын катышуусу да өзүнчө маанилүү.
Элдин өзү демилге көтөргөнү абдан жакшы. Ошол эле бассейндик кеңештердин чоң көйгөйү мындай: алар кагаз жүзүндө бар, бирок иш жүзүндө жөн гана текшерүү менен чектелишет.
Ал эми бассейндик кеңештер – ошол эле жээкте жашап тиричилик кылган фермер, балыкчы, күрүч өстүрүүчү, мергенчилердин бирикмелери. Гидротехникалык курулмаларды тургузууну же тим коюп, балким, жайыттардын жана шалбаалардын сапатын сактоону алар чечиши керек. Азыр дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн баары дарыяларга гидротехникалык курулма тургузуудан баш тартып жатат: гидротехникалык курулуштарды бузуп, суудан алып чыгып, агымды калыбына келтирип жатышат – антпесе жашоо сапаты начарлап баратат.
Петр Троценко: Демек, дарыялар мындай курулмалар тургузулганга чейинки нугуна түшөбү?
Арман Утепов: Дал ошондой. Гидротехникалык курулмалар – адамдын кан тамырларын кыскан нерселердей. Ал эми дарыялардын табигый агымын калыбына келтирүү керек. Бул жагынан көптөгөн жакшы мисалдар бар. Германияда Рейн дарыясынын боюндагы 19-кылымдан бери курулган 800дөн ашык гидротехникалык курулуштар талкаланган. Ошентип, дарыянын абалы бир топ жакшыртылган.
“Суу талаштан экологиялык миграция олот»
Петр Троценко: Сөздү Арал менен Сырдарыяга буралы. Окумуштуу катары айтыӊызчы, эч нерсе өзгөрбөсө, жакынкы жылдарда эмне болот?
Арман Утепов: Мен башкалар айткан божомолду туура деп эсептейм го: мөңгүлөр азайып, дарыялар ташып баратат, бирок 2030-жылдарда суу тартыштыгы чоң көйгөйгө айланат. Маселени комплекстүү чечпесек, биз сөзсүз түрдө ушул абалга келебиз. Айрыкча суу башындагы кошуналарыбыз, мисалы, Ооганстан чоӊ канал казып, Амур-Дарыядан суу буруп кеткени жатканын эске алганда, азыр бүтүндөй Аралды калыбына келтирүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок экени түшүнүктүү. Өзбекстан эмне кылат? Сырдарыянын суусун көбүрөөк пайдаланат, билесизби? Учурда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан да суу сактагычтарды куруу боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары өздөрүнүн аймагында сууну мүмкүн болушунча көп кармап туруу үчүн керек.
Ошондуктан бул жерде комплекстүү мамиле абдан зарыл. Суу сактагычтарды куруу эмес, жер астындагы сууларды толуктай турган кыртыштын сиңирүү жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү зарыл. Табиятка кыянат кылбаш керек.
Петр Троценко: Көрсө, Казакстан эле эмес, Сырдарыя жээгиндеги өлкөлөрдүн баары биргелешип аракеттенбесе, суу ресурстарынан тез эле кол жууп калышы мүмкүн экенин түшүнүшү керек тура?
Арман Утепов: Ооба. Бирок адегенде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ар бири эмнеге умтулуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Алардын кайсынысынын болбосун Конституциясын ачсаң, калктын жашоосун жакшыртуу жөнүндө жазылган. Бул максатты эске алганда, мамлекеттердин баары пландоо мейкиндигин кеңейтиши керек. Макул, бүгүн суу аласыңар, бирок эртең эмне болот? мезгил өткөн сайын сөзсүз боло турган кыртыштын бузулуу процесстерин кантип токтото аласыӊар? Ал эми бул көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саясий толкундоолорго таасирин тийгизет. Чыр-чатактар болот, суу үчүн согуш болот.
Ошондой эле экологиялык миграция да сөзсүз болот. 70-80-жылдары Арал тайыз боло баштаганда балыкчылар көчүп кеткенин көрдүк. Кээ бирлери Балхашка, айрымдары Капчыгайга кетти, башкалары балык уулоону таптакыр таштап койду. Айылдар ээн калды.
Азыр бул айылдардын жарымынан көбү – жаңы курулган үйлөр, тургундар плазмалык телевизор көрөт, спутник антеннасын пайдаланат, кымбат баалуу автоунаа айдашат. Түндүк Аралга суу кайтып келгенде жашоо жакшырды. Бирок дагы бир жолу айта кетейин, жаратылышка кыянатчылык кыла берсек, чоң көйгөйлөргө туш болобуз.