Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Кыргызстандык айдоочулар Актау портунда кармалууда


Актау портунда кезек күткөн жүк ташуучу машинелер.
Актау портунда кезек күткөн жүк ташуучу машинелер.

Орусия Түркия менен Украинадан келген товарларга тыюу салгандан кийин Европа менен Анадолудан жүк ташыгандар Каспий деңизи аркылуу казактардын Актау портуна келип түшөт.

Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна мүчө болгону менен биримдиктин ичинде эркин товар айлантуу эрежеси толук кандуу иштей элек. Узак жол басып, Кыргызстанга келаткан айдоочулар казак бажы кызматкерлеринин ашкан жемкордугуна нааразы.

Орусия 1-январдан тарта Түркиядан айыл чарба жана азык-түлүк товарларын киргизүүгө тыюу салгандан бери ал жерден Борбор Азияга жүк тартып чыккан машинелердин жолу узарды. Түркиядан чыккан жүк эми Орусиянын аймагын айланып өтүп, Каспий деңизи аркылуу Казакстандын эл аралык Актау портуна келип түшөт. Президент Путиндин Украинадан товар ташууну январдан тарта токтоткон токтому күчүнө киргенден бери ишкерлер Борбор Азияга жүктү Грузия менен Азербайжан аркылуу Каспийге жеткирип, кемеге жүктөйт.

Айдоочулар жол узарган сайын жүктүн баасы кымбаттаганына нааразы, анан да коңшу өлкөнүн бажы бекеттериндеги жемкордуктан жапа чегишүүдө. Кыргызстандык Мурат эл аралык транзитке тиешелүү кагаздары жайында болсо дагы Актау портуна түшкөндө жүктү каттоодо толгон тоскоолдуктарга кабылып жатышканын “Азаттыктын” казак кызматына айтып берди.

- Эл аралык жүк ташуулардын эрежеси боюнча, эгерде жүктүн баасы 50 миң доллардан ашпаса, аны тоскоолдуксуз эле каттоодон өткөрүү керек. Менин товарымдын баасы 20 миң доллар болсо дагы бул жердеги бажычылар атайын кайтаруу менен жүрүү керектигин айтышууда, – дейт Мурат. Анын айтуусунда, жүктү кайтаруу үчүн өзүнчө акча төлөнөт.

Актау портунда Казакстан аркылуу жүк ташып өткөн машинелерди атайын коштогон кызмат бар. “Азаттыктын” кабарчысы портко барганда ар бир 10 машинени полиция коштоп жүргөнүн көргөн. Порттон чыккан машинени кийинки облустагы бажыканага чейин коштоп барган кароолдун кызматы үчүн айдоочулар бир километрге эки жарым евро төлөшү керек. Маселен, Актаудан Атырауга чейинки жол 385 евро, Атарыудан Оролго 187 еврого чыгып кетет.

Мурат Казакстандан Кыргызстанга жеткиче алты-жети бажы бекетинен өтүп, бажычыларга эле 1000 еврого чукул төлөнөрүн айтат. Актауда Мурат менен чогуу алты айдоочу ар кандай тоскоолдуктардан улам сапарын улай албай отурушат. Алардын арасында Грузиядан чыгып, портто 11 күндөн бери кагаздарын бүтүрө албай күткөн айдоочулар дагы бар.

“Азаттыктын” кабарчысы нааразы болгон айдоочулардын Актау портундагы бажыкананын жетекчиси Талгат Каримов менен жолугушканына дагы күбө болду. Каримов мыйзам боюнча Кыргызстанга Казакстан аркылуу өткөн жүк бажычылардын коштоосунда гана жүрө аларын түшүндүрөт.

- Казакстанга келген жүктү 100% сканерден өткөрүү милдети бизге тагылган. Жүк транзит болобу же жокпу, Кыргызстанга барасыңарбы же жокпу - айырмасы жок. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан нарко-кооптуу аймак деп саналат. Анын үстүнө азыр Кыргызстандан чыккан героин, марихуананын агымы күчөгөн – дейт Каримов. Анын ырасташынча, бажыда жүктү каттоодон өткөрүүдө эч кандай тоскоолдук жок. Жүктү өткөрүш үчүн 5-10 мүнөттө кагаздын баарын бүтүрсө болот. Каримов Кыргызстанга бараткан жүк Казакстанда калып калбашына көз салуу үчүн бажы полициясы коштоп жеткирет деп түшүндүрдү.

Түркиядан Кыргызстанга келаткан Ильяр болсо жүктүн чыккан жана барар жери так көрсөтүлгөндүктөн, Казакстанда түшүрүп салуу эч мүмкүн эместигин жүйө тартат. Беларус, Азербайжандан өткөндө мындай тоскоолдуктар болбогонун, эгер жүктүн кандайдыр бир бөлүгү жолдо калган күндө да ага казактар эмне үчүн кабатыр болуусу керек, деген суроосуна эл аралык порттун башкы бажычысы алаканын жайып тим болду.

Порттун бажыкана башчысы менен жолуккан айдоочулар.
Порттун бажыкана башчысы менен жолуккан айдоочулар.

Бажыкананын жетекчиси менен жолугушуу деле абалды оңдобосуна көзү жеткен айдоочулар акыры Актаудан Атырауга чейинки жол үчүн коштоочуларга 385 евро төлөп берип жолго чыгууну эп көрүштү.

Казак бажысындагы коррупция

Эл аралык портко келип түшкөн айдоочулар жөнөкөй шарттын жоктугуна нааразы. Түркиядан Кыргызстанга жол тартып бараткан Ахмет деген айдоочу кырдаалды мындайча сүрөттөйт:

- Бул жерде беш күндөн бери турам. Даараткана, жууна турган жери же кафеси жок. Ар бир турган машине үчүн күнүнө 3220 теңге төлөйбүз. Бакуда болсо жети доллар төлөп коюп каалашыңча турсаң болот, анын үстүнө болгон шарты бар.

Ал эми портко келген жүктү каттоодон өткөрүүдө казак бажычылар жок жерден акча талап кыларын Ахмет “Азаттыкка” айтып берди:

- Түркияда жүк жүктөлгөн машинени 10 жолу таразага тарттык, эч маселе жок. Актауда болсо жүктү таразага тарттырганда эч кандай маселең болбосо дагы 100 доллар берүүң керек. Болбосо жөн жерден эле айып пул салышат. Ал тургай портко киргенде машинеңе май куюп алайын десең дагы 100 доллар сурашат. Бардык жерде коррупция, – дейт эл аралык портто бушайман болгон Кыргызстанга бараткан айдоочу.

“Азаттыктын” кабарчысы айдоочулардын арыз-муңу боюнча Актау портунун жетекчилигине кайрылганда Эл аралык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Елена Погосова консулдар менен жолуккананын айтып, калган маселени кат жүзүндө кайрылсаңар чечебиз деп тим болду.

Орус-украин жаңжалына чейин Украинадан Казакстанга жүк Орусия аркылуу түз барса, эми Ильичевск – Батуми – Бакуну басып, анан Актауга кеме менен жетет. Порттогу бажыканынын маалыматына караганда, көбүнчө кондитердик азыктар менен эмерек келет. Порт күнүнө 30-35 жүк ташыган машинени кабыл алат. Кайсы бир маалда бул жерге паром менен күнүнө 80-100дөй оор жүк жүктөлгөн машинелер келип түшчү.

Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги Актау порту Казакстандын жүк, мунай жана мунай продуктыларын ташыган жалгыз эл аралык порту. 1963-жылы ачылган порттун 100% акциясы “Самрук-Казына” холдингине таандык.

Сания ТОЙКЕН

"Азаттыктын" казак кызматы

XS
SM
MD
LG