Мектеби толугу менен өрттөнүп кеткен Беш-Кемпир айылынын окуучулары аргасыздан башка айылдарга, шаарларга көчүп кетүүдө. Калган жүздөй окуучу турак үйдө жана дүкөндө билим алууда. Кырсыктан бери тогуз ай өтсө да жаңы мектептин курулушу баштала элек.
Беш-Кемпир айылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы эң четки айылдардын бири. Райборбордон жүз чакырымдай алыста, шарты катаал капчыгайда жайгашкан. Жолдун абалы начар болгондуктан эч кандай каттам жүрбөйт. Айылдын мектеби ушул жылдын 10-март күнү толугу менен өттөнүп кеткен.
“Азаттыктын” кабарчысын окуучулар өзүлөрү чакырды. Биз барганда мектептин ордуна колдонулуп жаткан үйдүн кире беришинде окуучулар гимн ырдап жатышкан экен. Алар экинчи нөөмөттө окушат. Март айында балдар мектепсиз калганда бул төрт бөлмөлүү чакан там билимканага айланды. Айылдын тургуну Шекербек Матоморов үйүн атайын бошотуп бергенин билдирди.
“Чалма айыл өкмөтүнүн Беш-Кемпир айылындагы жеке менчик үйүмдү мектеп күйүп кеткенине байланыштуу бергем. Анткени, атам Матоморов Алимбек айылдын мектептебин 36 жыл эмгектенген жана бул айылда билимкана түптөлүшүнө салым кошкон. Балдар билимсиз калбасын деп убактылуу бергемин”,-деди ал.
“Бул үйдүн бөлмөлөрүн окуу классына айлантып, күйүп кеткен мектептен аман калган отургуч, парталарды коюп койгонбуз. Жаңы мектеп жайы менен курулбады. Себебин билүү үчүн кыйла чуркадым. Курулуш башкармалыгына бардым. Алар алты айда бүтөт деп айтышкан болчу. Мен өзүм бүт документтерин берип келгем”.
"10-класста эки эле окуучу калды"
Мектептин директору Гүлзира Казакбаева 9 айдан бери мектептин курулушу үчүн чуркап жүрөт. Өткөн окуу жылында 3 ай, күзгү чейректе 3 ай жүздөн ашуун бала эч кандай шарты жок жерде окуду.
“Окуучуларыбыз ай сайын тууган-уруктарыныкына, туш тарапка тарап, азая баштады. Башка мектептерге кетип жатышат. Азыр мектепке даярдоочу топторду кошкондо 115 окуучу бар. 10-класстын окуучулары экөө эле калды”.
Айылда мектеп окуучулардын саны азайды, айрыкча бүтүрүү класстарында. Ата-энелер балдарын башка айылдарга, шаарларга окутканга аргасыз. Алардын бири Сулайман Токторбаев 9-класста окуган кызын сентябрда Өзгөн районундагы жатаканасы бар окуу жайга берген.
“Менин кызым 9-класста окуйт эле. Мектеп күйүп кеткенден кийин Мырза-Акедеги "Имам аль-Бухари" атындагы Ислам институтуна берип келдим. Бул жердеги эжекелерди көрдүңөр да, сыртта үшүп отурушат. Балдар да үшүйт. Анан кантип жеткиликтүү билим алууга мүмкүн? Же тамактанчу жери жок. Менин аялым мектепте буфетчи болгон. Бир жумадан бери иштебей калды. Себеби, идиштерди жууганга шарт жок, балдар үйдөн жууп келип калышкан. Мындай шартта билимдүү муун чыкпайт да”.
Окуучулардын дагы бир бөлүгү мурдагы кампада окушат. Эки кабаттуу жеңил конструкцияда курулган имараттын биринчи кабатында мурда дүкөн болгон. Бул жердеги үч бөлмөнү окуу классы катары пайдаланып жатышат. Баардыгында өз-өзүнчө темир эски мештер орнотулуптур. Алардан чыккан көмүрдүн иси имараттын сыртына чейин жыттанып турат.
"Пол цемент, шыптан тамчы тамат..."
Жылуу кийимдерин чечпей отурган 6-класстын окуучулары дубалга жөлөнгөн доскадагы тапшырманы жазып жатышат. Сабакта жети эле окуучу олтурат. Эмне үчүн аз келип жатышканын сураганымда, жанаша отурган Айбийке менен Асема окуучулардын арасында ооруп калгандар көп деп айтышты.
“Суук болуп көп окуучулар ооруп жатат”,-деди Айбийке.
"Биз мектепте үшүйбүз. Шарттар жок. Бул сабакты түшүнүүгө жолтоо болот экен”,-дейт Асема.
Мугалимдерге деле оор болууда дейт математика мугалими Айжамал Эркебек кызы.
“Пол цемент. Жаан, кар жааганда шыптан тамчы тамат. Күн ачылганда, маанайыбыз да ачылат. Күн бүркөлсө, маанай да жабылат дегендей. Кээде ыйлагыдай болуп эле сабак өтөбүз. Али кыш чилдеси түшө элек. Бул эми магазиндин эле бир бурчу да. Бутка сыз өтпөсүн деп мындай тактайларды таштап койдук”.
Мугалимдер өзүдөрү жасап алган эки билимкананын ортосундагы аралык жарым чакырымга жакын. Бул ашыкча түйшүктү жаратууда дейт кыргыз тили жана адабияттан сабак берген Амангүл Мойдун кызы.
“Мугалимдер каанасы бул көчөдө. Эки “мектептин” ортосунда кыйналып калдык. Мугалимдер үчүн компьютер эмес, доскалардын абалын көрдүңүз да. Мыкты окуучуларыбыз ылдыйкы айылдарга кетип калышты”.
Мугалимдер сабагы башталганча көчөдө күтүп турушу керек же башка мугалимдин сабагына кирип бош орун таап жылынып турса болот.
Беш-Кемпир айылынын башчысы Тиленбай Мырзакматов жаңы билимканынын имараты өрт чалган мектептин ордуна курулаары чечилип, эски мектептин калдыгы жазында эле тазаланып даярдалганын айтат.
“Жаңы мектептен дайын жок. Кур дегенде долбоору жасала элек. Бирок документтери, арыздары баары берилген. Ордун геологиядан келип көрүп кетишкен. Тазалап даярдап коюп отурабыз күтүп”.
Ош облустук курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев Беш-Кемпир мектеби үчүн каражат ушул жылдын сентябрь айында чечилип, долборлоо жана тендер өткөрүү иштери ноябрдын аягында араң бүткөнүн, курулуш иштерине декабрда уруксат берилээрин билдирди.
"Акча каражаты сентябрь айында чечилген. Ошондо дароо эле курулуш иш планы, долбоорлору берилген. Долборлоо, сметалык документтери эң аз дегенде бир айда бүтөт экен. Тендер да жакында өттү. Келишимдер түзүлө элек. План боюнча иш декабрь айында башталышы керек болчу. Эгер аба ырайы жакшы болсо баштайбыз. Быйылкы иштерге 5 миллион сом бөлүндү. Кийинки жылда дагы бөлүнөт буюрса”.
Ал арада Беш-Кемпир айылынын окуучулары бул кыштан мектепсиз чыкмай болушту. Эгер чилде түшүп, кыш оор келсе бул утурумдук билимканаларда сабактар уланаарына эч кимдин көзү жетпейт.
Беш-Кемпир айылы Кара-Кулжа райборборунан жүз чакырымдай алыстыкта жайгашкан. 700 адам жашаган айылга атайын маршруттук каттам коюлган эмес. Элет эли базарга азык-түлүк, отун же дагы башка зарыл иши чыкканда гана машине жалдап барып келишет.