Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдын так санын эсептеп бүтө элек. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, айрыкча Түп, Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунун аймагында мал-жанга көп зыян келди.
Малчыларды кыйнаган жайкы кар
Малчылар жайлоого чыга баштаган кезде жааган калың кардан Ысык-Көл облусунда үч район жабыркап, бир эле райондо миңге жакын мал кырылганы кабарланды.

1
Ысык-Көл районунун үч айыл өкмөтүнөн эле кырылган малдын саны миңден ашканы белгилүү болду.

2
Жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгында жабыркаган чабандарды кыдырып, абалы менен таанышып жатат. 23-24-майда жааган кар Ысык-Көл облусунун аймагында 50 сантиметрге чейин жеткен.

3
Беймаал жааган кар кесепети негизинен малын жайлоого көчүрө баштаган чабандарга тийди.

5
Жайга чукул жааган калың кар алып келген жутта кырылган малдын саны толук саналып бүтө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган тиешелүү мамлекеттик мекемелер чыгымдарды эсептеп жатышат.

6
Акимдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата алдын ала жогорудагы үч айыл өкмөттүн гана маалыматы бар, тактоо иштери уланууда.

7
Облустук бийликтин маалыматы боюнча табигый кырсыктын кесепеттерин жоюш үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган акчанын эсебинен алыскы жайыттардагы малга тоют сатып алууга жана жеткирүүгө 400 миң сомго чукул акча бөлүндү.

8
Турук жайлоосундагыдай абалга Ак-Суу районуна караштуу Чымынды-Сай жайлоосун жайлаган чабандар да туш болушту. Малчы (койчу) Казыбек Кыдырбаев.

9
Тамчы айыл өкмөтүнөн үч үй-бүлө мал-жаны менен айылга көчүрүлдү. Жайлоодо калгандарга тамак-аштан жардам берилип, жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

10

11
Элдин малын баккан Жыргалбек Абышов жаратылыш кырсыгына мал-жанды чогултуп, Түп районунун аймагындагы Турук жайлоосуна көчүп бараткан жолдо туш болду.

12

14
Кар оор түшкөн аймактарда жабыркаган чабандарды кыдырып жүргөн облус губернатору Узарбек Жылкыбаев жана район акими Элчибек Жантаев жардам келатканын айтышты.

15

16

17