Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

12:24 24.12.2020

12:20 24.12.2020

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны.

12:19 24.12.2020

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын пайдасына мамлекеттик ишканалардан акча чогултулганы тууралуу иш боюнча маалымат берди. 24-декабрда ал журналисттердин президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун кармалышы боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

“Курманбек Дыйканбаев бир мамлекеттик ишканадан 7 миллион сомго чейин акча алган. Ишкананын башчысы, ошол жерде берген адамдар мунун баарын толук тастыктаган. Кайсы ишкана экенин айтпай эле коеюн. Экинчиден, Соцфонддун жетекчилери ар бир райондук башкармалыктан 40-45 миң сомдон акча чогултуп, бир партияны каржылашкан. Өзүлөрү арыз берип жатышат. Ушул эле маселе Мамлекеттик каттоо кызматында да болгон. Кол астындагылардан акча чогултуп беришкен. Айрым жетекчилер кармалды, алардын артынан Таиров камалып отурат”.

10-декабрда УКМК Таировду камакка алып, ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналып жатканын билдирген. Атайын кызмат ушундай эле шек менен 24-ноябрда Дыйканбаевди да кармаган. Алар өзүлөрү же жактоочулары коюлган айыптар тууралуу комментарий берише элек.

Дыйканбаев шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышып, анын шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом которгон.

12:18 24.12.2020

Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалып, сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Бул тууралуу 24-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бирок ал кайсы депутат тууралуу сөз болуп жатканын ачык айткан жок:

“Ар бир чиновникти, министрди, депутатты декларациясы боюнча текшеребиз. Биз бир депутатты кармадык. Анын аты-жөнүн азыр айтпайм. Ал сегиз жыл мурда жасаган бир чоң кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Биз ага шарт койгонбуз, ал акчанын жарымын төгүп бүттү”.

Ташиев атайын кызматтын башчысы болуп октябрдагы бийлик алмашуудан кийин дайындалган. Ал мындан ары ар алты ай сайын журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалымат берип турарын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG