Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

12:18 24.12.2020

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүттү, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча өзүнчө иш ачылып, тергелүүдө. Бул тууралуу 24-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

“Эми Матраимовго сырт жактан кылган кылмыштары, башка өлкөлөр (Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия ж.б.) менен аткезчилиги боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачып, ошону тергей баштадык. Эми биз сырт жакка чыгабыз. Анын сырттагы кайсы бир мүлкү болсо ошолорду да тактайбыз. Дубайда, Америкада, Европада мүлкү бар деп жатат. Матраимов үй камагында калат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз иштер такталып бүткүчө”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Ташиевдин айтымында, бул айып боюнча Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган 2 миллиард сомду толук кайтарып бүттү, иш жакында сотко жөнөтүлөт. Далилдерге ал күнөөсүн моюнуна алганы, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшкөнү жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзүн ачканы себеп болду.

11:47 24.12.2020

Шайлоодон кийин ден соолугумду чыңдоо үчүн чет өлкөгө барам. Диагнозум тууралуу айта албайм.

11:46 24.12.2020

Урматтуу журналистер! Менин тынчымды албагыла. Интервью бер деп сурабагыла. Бардык маалыматтар УКМКнын басма сөз кызматы аркылуу чыгат. Жаңы жылда бизде жаңы, жакшы президент болот деп ойлойм.

11:44 24.12.2020

Садыр Жапаров мен үчүн негизги талапкер эмес. Мен үчүн бардык талапкерлер бирдей. Ал менин ушул өмүрдө тапкан жакшы досум. Экөөбүздү алла таалам гана ажыратышы мүмкүн. Эч кандай чагымчылар ажырата албайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG