Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

11:42 24.12.2020

Алмазбек Атамбаев тууралуу айтпай эле коеюн. Ал киши камалып атат. Ден соолугу жакшы эмес. Эртең аны барып көрүп келем. Эгер абалы начар болсо башка жайга которууга буйрук берем. Кубанычбек Кулматов боюнча мага эч кандай маалымат түшкөн жок.

11:41 24.12.2020

Райымбек Матраимов менен ким тааныш болбогон? Кылычбек Саркарбаев менен бардык чиновниктер тааныш болчу. Аны да отургуздук. Элдияр Жакыпбеков, Салмоор Жумабеков дагы мыйзам бузса, жоопко тартылат.

Комитеттин ичинде кызматтык дайындоолор жердешчилик, тууганчылыктан алыс болушу керек.

Салмоор Жумабеков абдан жакшы иштейт. Күндүр-түндүр иштеп атат. Элдияр Жакыпбековду жакшы билбейт экем.

11:38 24.12.2020

Жакында эле бир ишкерди кармадык. Айынан 4 миң сомдук салык төлөйт экен. Дүкөнүндө 140 млн. сомдук товар турат. Депутат, чиновниктин баары андан кийинет экен.

11:25 24.12.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG