Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

11:24 24.12.2020

"Азаттык" тараткан 700 млн. доллар боюнча иликтөө кылабыз. Ал акчаны бизнесмендердин акчасы деп атат. Бүгүнкү күндө бизнесмендер товар ташыйт. Болбогон нерсени айта берген журналисттер да көбөйүп кетти. Жакында эле бир видео чыгарышыптыр, Ташиев баарын басып алган деп. Урматтуу журналисттер! Мен мамлекеттин бир кирпичин да алган эмесмин. Мен кристаллдай таза бойдон калгым келет. Чекист бай жашабашы керек. Албетте, жетиштүү оокаты болсун. Бирок эч кандай эсептери, кошумча квартирасы болбошу керек. Мен андайга жол бербейм.

Биздин комитетте таза, чынчыл, мекенге берилген адам болушу керек. Бул сөздөр биз үчүн эч качан унутулбайт. Аягына чейин актуалдуу бойдон калат.

11:19 24.12.2020

Камчы Көлбаевди кармабасак, башкаларын кармай албайт элек. Биз аны кармадык. Биз аны атайын операция менен кармадык. Райымбек Матраимовдуку да ушундай. Биз ага эскертүү бердик. Чек араларды жаптык. Баскан-турганына байкоо кылдык. Аны кармап, 2 млрд. төлөткөнүбүздүн эмнеси жаман?

11:16 24.12.2020

Бизде көптөгөн өлкөлөрдүн адамдары жүрөт. Алар биздин мамлекеттик ишибизге да кийлигишкиси келип атат. Бизде маалыматтар бар. Буларды ачык айта албайбыз.

11:14 24.12.2020

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ташиев кайсы иш боюнча экенин ачыктаган жок:

"Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат".

Жогорку сот азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG