Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

11:13 24.12.2020

Курманбек Дыйканбаев боюнча. Ал бир мамлекеттик ишканадан 7 миллион сомго чейин акча алган. Ал ишкана кайсы экенин айтпай эле коеюн. Соцфонд боюнча. Булар ар бир райондук башкармалыктан акча чогултуп, бир партияны каржылашкан. Ушундай эле маселе Мамкаттоодо да болгон. Булардын арты менен Таиров камалып отурат. Мындан ары биздин өлкөдө эч ким коррупциялык схеманы жасабайт.

Мамлекеттик кызматта иштеп атам. Ден соолукка жараша иштейм деген оюм бар.

11:09 24.12.2020

Чек ара боюнча. Өзбекстан менен өтө оор сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Биз аны чечебиз.

11:04 24.12.2020

Садыр Нургожоев менен жердешчилик болбосун деп сүйлөшкөнбүз.

11:00 24.12.2020

Абдил Сегизбаев айткан Абсатаров эч нерсе чечпейт. УКМКда баарын мен чечем. Албетте, кызматкерлер мага жардам берет.

Ал эми Сегизбаев менен иштеген Чоткарев боюнча. Ага аткезчилик боюнча үч-төрт жыл мурда иш козголгон. Ошол боюнча кармалды. Сегизбаевдин ага тиешеси жок.

Жалил Атамбаев боюнча. Анын баласы бизде иштейт экен. Ага атасынын жоругу үчүн сөгүш бердик. Албетте, үйлөнүү тою болуш керек. Бирок моралдык жагын да кароо керек да. Ушундай кыйын учурда миң кишини чакырып алып той бергени акмакчылык.

Соттор боюнча. Соттордун бир кийген шубасы 5 миң доллар турат. Машинеси 100 миң доллар турат. Кечээ бир судьябыз Дубайга учуп кетиптир үй-бүлөсүн алып. Кечээ кармаган судьянын 20 квартирасы бар экен. Бирок аны декларацияда көрсөткөн эмес. Мындан ары алар декларацияда көрсөткөн үйүндө жашашы керек.

Мен аларга мүлкүңөрдү саткыла, кирешеңерди мамлекетке бергиле деп айтаар экем. Адилеттүүлүк болушу керек да.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG