Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28
Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге экинчи маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сырткы күчтөр, криминалдын таасири, коррупцияга каршы күрөш, Райымбек Матраимовдун иши жана анын мамлекетке төккөн акчасы тууралуу маалымат берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган.

10:53 24.12.2020

Кримавторитет Кадыр Досоновду кармайбыз. Ал азыр Тажикстанда, бирде Өзбекстанга, бирде бизге өтүп жүрөт. Кармалат ал дагы.

10:52 24.12.2020

Матраимовдун квартирасы боюнча. Ооба, биздин өлкөдө мугалимдер, врачтар турак-жайдан кыйналып атат. Бирок бул 90 квартира эмес. Ошол себептүү, тогуз квартираны УКМКга алууну чечтик. Биздин кызматкерлердин арасында деле жылдап иштеп, бирок үйү жок жүргөндөр бар.

Бандиттер боюнча. Биздин өлкөдө бир да бандит, криминалдык авторитеттин таасири күчтүү болбошу керек. Алар биз сүйлөп, сүйлөп унутат деп ойлошпосун. Андай болбойт. Бандиттер азыр абдан жакшы жашайт. Үйлөрү жакшы, минген машинелери мыкты. Мындан ары андай болбошу керек.

Мен криминалдык топторго эскертүү берем: ишкерлерге кысым көрсөтчү болсоңор, мыйзамдын негизинде жоопко тартыласыңар! Биз ишкерлерге кысым көрсөткөн спортсмендерди, чемпиондорду кармап атабыз. Аларга да кайрыла кетет элем, урматтуу спортчулар силер өлкөнүн туусун көтөргүлө. Ээнбаштык кылбагыла.

Бандиттерди багып келген ишкерлер да жоопко тартылат. Эгер бул өлкөдө кайсы бир кримавторитет болсо ал мыйзам менен жашоого тийиш. Аны каалабаса, түрмөгө отурат же башка өлкөгө чыгып кетсин.

10:45 24.12.2020

Бир карыш да жер башка мамлекетке берилбеши үчүн иштеп жатабыз. Абдан кылдат иштеп жатабыз.

Шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүнбү? Болушу мүмкүн. Биз мунун баарын иликтеп атабыз. Шайлоодон кийин жоопко тартабыз. Айрым талапкерлер үгүт жүргүзгөн жок. Алар башаламандык уюштурууну пландап жатат.

Шайлоо элдин эрки менен өтүшү керек. Эч ким шайлоонун жыйынтыгына таасир этпеши керек. Элге өз президентин тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

10:35 24.12.2020

Кемин районундагы тогуз жаштагы кыздын кайрылуусу боюнча. Мен өзүм бара албадым. Бирок кызматкерлерди жибердим. Үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жалал-Абаддагы курортту басып алуу боюнча. Бир адамдар менин атымдан барышкан экен. Мен аларды кармап, жоопко тартууга буйрук бергем. Алардын эч кимиси бошотулбайт. Эч ким бирөөнүн мүлкүн уруксаты жок басып албайт. Бул адамдар кармалып Жалал-Абад ОИИБсинде кармалып турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG