Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Нашакор уулдун акыркы каты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыпара Акунованын “Талкаланган тагдырлары” эне-баланын армандуу жашоо-турмушу, баңгиликтин азап-тозогун көркөм иликтөөгө алган чыгарма. Биздин күндө, ушу заманда болуп жаткан окуя.

Кыргыз аңгемесинин классикасы берүүсүндө азыркы замандын оор социалдык илдети – баңгиликтин адабияттагы сүрөттөлүшү жайында кеп кылмакчыбыз.

Байкуш эне

Чыгармада оор тагдырга туш келген аялдын арманы, көргөн азап-тозогу жайында кеп болот. Күйөөсүнөн эрте жесир калган келин кыйналып-кысталып жалгыз уулун эрезеге жеткирсе анысы наша чегип, кийин болсо ийне сайынып, баңгиликтин сормо сазына түшүп, энесин күйүткө батырып он тогузунда бул жарыкчылыктан кетип жатпайбы. Шордуу эне башынан өткөн азап-тозогун көчөдөн таанышып калган журналист кызга айтып берет. Адабий сүрөттөөдөгү мындай ыкма ретроспекция деп аталат. Каармандар өткөн ишке кайрылып, болгон окуяларды эске салышат.

Гүлбадамдын жалгыз уулунун нашакор болуп кетишине кайсы бир деңгээлде өзүнүн да айыбы бар. Күйөөсүнөн жаш калган келин башка турмуш курбай, жалгыз уулун өзгөчө бапестеп багып өстүрдү. Адатта мындай балдар өзүмчүл, жеке кызыкчылыгын баарынан жогору койгон адамдар болушат. Самат ошондой болуп өстү. Эмне кааласа апасы таап берип, аталуу балдардын алдында корунуп калбасын деген аракетинин натыйжасы жекече жыргалын гана ойлогон шайкелең өспүрүмдөрдүн арасына алып келип кошту.

Нашакорлукка берилип, кыныгын алган адамдын жөн-жай турмушка кайтышы кыйын. Мындайда чанда бир эрки бекеми гана бу балакеттүү илдеттен айыгып чыкпаса көбү жетер жерине жетип, жаш кезинде жайрап кала беришет. Аңгемеде кайгылуу тагдыры баяндалган Самат үчүн Гүлбадам эмнелерди гана кылбады, кандай гана иштерде иштебеди. Баарын жалгыз баласы үчүн жасаган. Бул үйдүн азап-тозогун көп кабат үйдөгү кошуналары жакшы билишчү, ошолор айтып беришти.

– Эки жылда карып кетти бечара, эже. Былтыр 19га чыккан жалгыз баласы өлүп калбадыбы. Күйөөсү жаш кезинде өлүп, ошол баласы үчүн жашады эле. Кийбегенди кийгизип, каалаганын сатып берип, ошонун эле көзүн карап отурчу. Мектепти бүтүрүп, университетке киргизген. Анан баласы сайынып калды.

Бечара эже машинасын сатты, жылтыраган буюмдарынын баарын сатты, баласын сактап калууга көп аракеттенди. Бирок ал балакетке бир кирген соң, кайтыш кыйын турбайбы… Акыры өлүп тынды, – деди комоктогу келин шакылыктап. Бир кубанычтуу окуяны баяндагансып, көңүлдүү. Тигил аялды аяганымданбы, ал келиндин сөзүн жактырбадым”.

Эчен жылкы мээнети текке кетип, баңгиликке берилип калган баласынан ажырагандан кийин Гүлбадамга бу жарыкчылыктын, жашоонун кызыгы деле болбой калган. Бирок адам дегениң өзүн-өзү жок кылышы кыйын экен. Эми буга чейинки жасаган-эткенин, эмнеден жаңылып, эмнеден жаздым басканын ойлонууга кенен шарт түзулдү. Бирок Гүлбадам антип өзүн-өзү оор ойлорго салбайт. Баласына деген энелик сүйүүсү баарын басып, эмне үчүн ушунча кыйынчылык менен чоңойткон жалгызы бу жарыкчылыкты таштап кетти деп күйүткө басырылып отуруп калат.

Ийненин тактары

Ошондой оор күндөрдүн биринде байкуш эне алпейим журналист кызга жолугуп атпайбы. Кыйла жылдар ичте каткан сырын айтууун кезеги келген экен. Анысын көрүнө алып кетмек беле?!

“– Менин тагдырым болсо бүттү, – деди эже. – Мончоктой уулумдан, болгон үмүтүмдөн ажырадым. Бардык дүйнөм ушул бала болчу. Ушул бала бирөөнүн көзүн карап калбасын деп турмушка чыкпадым. Теңирим мага ушундай тагдыр бергидей жаман жолго да баспадым. Кийим десе кийимден, китеп десе китептен, акча десе акчадан кем кылбадым. Аталуу балдардан ашык жүрсүн, бирөөнүн алдында шагы сынбасын дечү элем. Өзү да мени убара кылбай мектепте жакшы окуду. Чогулуштарда мактоо сөз угуп, балам менен сыймыктанып жүрдүм.

Эми Самат мектепти бүткөнү калды. Окуусуна акча керек болуп калабы деп эки жерде иштей баштадым. Анан 9-класста окуганда эле уулумдун мүнөзү такыр өзгөрө баштады. Кечинде түн бир оокумга чейин көчөдө жүрөт. Эртең менен эптеп тургузуп сабакка жөнөтөм. Сабакка даярданыш кайда, эртең менен колуна тийген дептер менен бир ручканы көтөрөт да кетет.

Эгер мен ишке эртерээк кеткен болсом, ошол бойдон уктап жата берет. Түштө туруп тамак ичет да, кайра уктайт. Кайра кечинде кетет. Баягыдай кол кабыш кыла коёюн деш кайда, урушсам ороңдой баштады. Катуураак урушсам үйдөн кетип калып келбей коёт. Кайра өзүм издеп алып келем, ыйлап да көрдүм, эки күн оңолуп калат дагы, кайра эле ошол кейпине түшөт.

Оңолор деп алаксытышка аракет кылып, каратэ, кикбоксинг ийримдерине жаздырсам эки күн катышат да барбай коёт. Баламдын көз алдымда бузулуп, өчүп баратканын көрүп туруп эч нерсе кыла албадым. Байкатпай уктап жатканда колдорун, буттарын карап коём. Жанагы апийимин же дагы башка балакетин сайынып алдыбы деп. Колу, бутунда так жок. Анда көңүлүм ордуна келе түшөт. Бирок түндөсү эмне кылып жүрөт, эмне мынча жалкоо болуп кетти, эмнеге сабак окугусу келбейт, эмнеге мынча орой болуп кетти деген ойлор мага тынчтык бербейт. Мектепте мугалимдерге жалдырап баа койдурам. Алар да мени бир чети аяп, бир чети сыйлашып, аргасыз баа коюп беришет. Эптеп оңолор, окуп кетер деп ойлойм.

Анан 11-классты бүтүп атканда тамырларында ийнелердин тактары пайда боло баштады. Биринчи көргөндө өлүп, кайра тирилдим. Ишенсең көзүм тунарып, эч нерсе көрө албай калдым. Жүрөгүм чыгып кете жаздады көрүнөт. Бир канча күндөн кийин өзүмө келип, акылымды жыйнап ойлонуп көрдүм. Бир нерсе кылыш керек да...

Айласы куруган эне дарыгерлерге кайрылып, алардын жардамы менен баласын катарга кошуу далбасасын жасай баштады. Баңгиликке берилип кеткен нашакорду айыктыруу оңбогондой көп акчаны талап кылган, анан да узактан-узакка созулчу жумуш. Анан да ошончо ыгым-чыгымдын акыбети кайтып бейтап айыгып, андайга экинчи жологус болсо жакшы. Гүлбадамдын аракети алгач жакшы болуп Самат нарколог-дарыгерден сакайып чыкты. Дарыгер жигит эми психологиялык сыноо калды, биологиялык курстан өттүң, эркиң күчтүү болсо айыгып кетесиң деген.

Саматтын эрки бош экен. Мектептеги досторунан кол үзө албай кайра эле баңгичилердин “үңкүрүнө” келди. Мунусу туура эмес экенин, жакшы эместигин билчү. Бирок каршылык кыла албады. Достору сүйгөн кызы Айгүлдү "ийнеге отургузабыз" деп коркутушкан. Самат ага ишенип жайылган торго өзү барып түшүп берди.

Байкуш эне экзаменин жууганы кеткен баласын күтүп түнү менен эшикте отурду. Кайрадан баягы азап-тозок башталды. Гүлбадам болгон дурус буюм-тайымын сатып, кабат үйдө аңгырап отуруп калышканына деле кайыл эле. Жалгызынын “порошогу түгөнгөндө өлүп кайра тирилчү”. Ошого боору ачып, жер чукуп болсо да акча таап берчү.

Колунан башка эмне келет, кээде уулунун тили тийип кеткен күндөрү болуп калат, жалгызынын сураганы эле акча. Эне баарына кайыл болчу.

"Анан бир жолу иштен келсем балам чалкасынан жатыптыр. Жанында шприци, анан бул каты жатат, – деп көз жашын көлдөттү эне. – Денеси муздап, жүрөгү эбак эле токтоп калыптыр. Ишенген жокмун. Кантип эле, кантип эле мени таштап кетсин? Эсим ооп баламдын башын кучактап ыйлап отура берипмин. Анан эсиме келгенде бакырып ыйладым. Кошуналар чогулушту, мен түш көрүп жаткансыйм. Катты кайра-кайра окуйм, ишенбейм... Балам мени тамашалап жаткандай туюла берди".

Эрезеге жеткирген уулунан бир барак кагаз калыптыр. Баласы апасынын алдында карыздар, айыптуу экенин жазып, анын мээнетин актай албаганына өкүнүптүр, эркинин боштугу ушул абалга алып келгенин жашырбай жазыптыр.

Коштошуу каты

Жазганы го жакшы, энеге баласынын тирүү болгону керек эле. Кыйынчылык акча тапмай, ийнеге пул тапмайга деле макул болчу.

“Эгер кааласам ушинтип жашай бермекмин, бирок антип сизди тирүүлөй тозокко салгым келбеди. Сиздин мен баңгиликтин сазына тереңдеп баткан сайын өчүп бараткан үмүтүңүздү, санаа чеккен кайгылуу көздөрүңүздү чыдап көрө албайм, апа. Туура, мен үчүн абдан көп кыйналдыңыз. Жапжаш туруп эле телмирип кемпир болуп калдыңыз. Менден башка акыл-эстүү уул болсо сиздей энени төбөсүнө көтөрүп алмак. Менин дагы бир акмакчылыгым ушул болду. Бир кызды жакшы көрүп калдым. Келиндүү болсом, небере жетелесем дечү элеңиз. Ал тилегиңизге да жетпедиңиз. Сиз келин кылып алсам дегендей татынакай кызды сүйдүм. Бирок мен сизди бактысыз кылгандай, ал кызды да бактысыз кылмакмын. Сиз төшөктөрүңүздү жыйган текчеде менин папкамда күндөлүгүм бар, ошол күндөлүккө баарын жазып жүрдүм. Ошого эрким жетти. Жок дегенде ушул күндөлүк жазганга убакыт тапканыма өзүм азыр сүйүнүп жүрөм. Өзүңүздөн башка киши окубасын.

Менин жашоом көпчүлүккө кандай табышмак болсо, өлүмүм да табышмак бойдон калсын. Айгүл сизге сөзсүз келет болсо керек, мени эстегениңизде ошол кызды көрүп, уулум ушул кызды сүйдү эле деп көзүңүздү тойдуруп коюп жүрүңүз. Не дейин апа, сиз менен коштошо албаганыма, мен деп жүрүп карып кеткен жүзүңүздөн сүйө албаганыма, акыркы ирет сизге эркелей албаганыма абдан өкүнөм.

Мен бул кадамга атайын бардым, апа, антпесем сизди мындан да узакка кыйнамакмын. Айгүлдү да кыйнамакмын. Душман, досторуңуздун алдында сиздин мындан да кичирейгениңизди, басынганыңызды көргүм келген жок. Кечире алсаңыз мени, эси жок уулуңузду кечирип коюңуз. Эгер тигил дүйнө бар экени чын болсо ошол дүйнөдөн кезигербиз. Самат. 12.05.2001» - деп жазыптыр жалгызы.

Баңгилик башында өспүрүмдөрдүн тамаша-оюндарынан башталат. Бара-бара алардын ичинен иргелип, чекпесе, сайынбаса тура албагандар баңгизат менен шугулданчулардын туруктуу кардарына айланат. Самат да апасынын жакшы көргөн алтын шакегин уурдап барып сатканда өзүн аябай жекирген, апасынан кечирим сураган. Эчен ирет бул балакетти таштайын деп таштай албады.

"Адегенде Нуржанды аракка алдашты, анан порошок кошулду. Кубаныч болсо Ромеонун ролунда. Бардыгынын бөпөлөгөнүнө, көкөлөтө мактагандарына магдыраган кыз бечара абийиринен кантип ажыраганын да билбей калды. Ушул окуядан кийин мен өзүмдү да, досторумду да жек көрө баштадым. Эртеси эсине келгенде кыз бечара аябай ыйлады.

Эми чоң чуу болуп, баарыбызды каматат го десем, бул окуя ошол бойдон жым-жым болуп калды. Бирок ал кызды биздин балдар өз топторуна кошуп алышкан. «Алигиден» кийин кыздар дагы мыкаачы болуп, ыплас сүйлөп, кайра жакшынакай кыздарды өз катарына тарткылары келип калышат экен. Кыздардын бири-бирин тепкилеп ургандарын да, мушташкандарын да ушул жерден көрдүм. Ошол кыз эле бул компанияга канча кызды ээрчитип келди. Айрымдары бир келип эле жоголуп кетишти. Бирок көпчүлүгү биздин катарыбызда калды. Мага ал жердеги кыздардын бири да жакчу эмес. Аттиң, кандай гана сонун кыздар эле...».

Самат достору менен өткөрчү кызыктуу күндөрүнүн биринде айыкпас ооруну жуктуруп алганын билди. Жыргал жашоо аяктап бараткан. Эми аны менен чогуу сайынган, чогуу жаткан, бирге жүргөндөрдүн баары иммун жетишсиздиги деген ооруга кабылышы мүмкүн. Бирок алар андай оорудан коркушчу эмес. Керектүү порошокту сатып алыш кыйын жумушка айланып калган.

Оңой эмес акча айланган бу криминалдык бизнестин өзүнчө бир эрежеси, жазылбаган мыйзамы бар эле. Бул чөйрөгө кошулгандарды ажал эле ажыратпаса башка коркунуч жок болчу. Жыйырмага чыкпай Самат да бул жалганды таштап кете берди.

Баласы өлгөндөн кийин Гүлбадамга жашоо кызыксыз болуп, жарыкчылыктан көңүлү калып, башкалар менен сүйлөшпөй, батар күнүн эңсеп калган. Бирок бу жарыкчылыкта пенде баласын жакшылыкка чакырган да нерсеси болот экен. Артыкбаш доза сайынып өлгөн Саматтын сүйгөн кызы Айгүлдү көргөндө Гүлбадам баласы тирилип келгендей канат байлап, жарык кыз менен чын дилден чечилип сүйлөшөт. Болбогон оюна койбой келиниме берем деген сактап келген сөйкөсүн берди. Айгүл "Самат ийне сайынып жүргөнүн айтса Бишкекке алып барып дарылатат элем, Ошко келбейт болчубуз" деп ансыз да күйүткө батып отурган апасын дагы жашытты.

Башка учурда Гүлбадам күчүн ыйдан чыгарат. Ый да утурумдук, көзүнүн жашы кургап, солуктап отуруп калганда баңги саткандарды каргайт.

Баңгизатынын үй-бүлөгө алып келген азаптарынын бир мисалы ушундай. Ким билет, Гүлбадамдын жалгыз уулуна үмүт артып, анысын өгөй атасынын алдында кор кылбайын деп турмушка чыкпай койгону чекилик болгондур. Мүмкүн турмуш жолу башка нукка түшүп, энесинин жалгыз эркеси болбой калса Самат да башкача өсүп калар беле.

Жыпара Акунова «Шок жылдыз» (1985), «Дил чырак» (1994), «Каректе калган жаз» (2009), «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин» (2012) сындуу ырлар жыйнактарынын автору. Анын кара сөз чыгармалары деле ырларындай эле кызыгуу менен окулат. Ага мисал катары ушу азыр кепке алынчу аңгемесин келтирсек болот.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG