* * * * * * *
Айылдагы кампачынын беш тоогун уурдаган Моңур тымызын киши салып айттырып, Шоңурду “сотто күбө түшүп сүйлөп, актаганга огожо боло көр”, деп өтүнгөн соң, Шоңур сотко келиптир.
- Кана, күбө экенсиз, билген-көргөнүңүздү айтыңыз. Чынын гана айтыңыз!
- Урматтуу сот, сиз ойлобоңуз, мени Моңур атайылап чакыртты деп. Өзүм эле келдим, аны актайын деп. Алиги беш тоок Моңурдун короосуна өздөрү эле түлкүдөн качып жүрүп адашып барып алышкан. Калп айтсам майнеке болоюн! Туурабы, Моке? – деп көзү алайган досуна кайрылыптыр.
* * * * * * *
Бир күнү сот Шоңур менен прокурор Моңур оодандык соттун кеңсесине кирип баратышса, алардын алдынан бүбү-бакшыдай көрүнгөн аял чыгып, жолдорун бууп ысырыктап калат экен:
- Сүф-сүф! Жамандык кетсин, доллар келсин! Жамандык жаныңардан кетсин! Доллар капчык толо келсин!
Шоңур берки аялга анча-мынча акча карматат.
- Опе-ей, сиз да ушуларга ишенесизби? – деп Моңур аң-таң калат.
- Жок, таптакыр ишенбейм. Бирок тилегени жакшы нерсе болуп жатпайбы!
* * * * * * *
Шоңур адвокаты Моңурга:
- Бүгүн мен прокурорду ит кылайын деп жатам?
- Кантип?
- Ал жети ай бою менин артымдан казып, жетимиш күбө даярдады. Мен болсом анын эч бир күбөсү ооз ача элегинде кылмышты мойнума алып салайын деп жатам!
* * * * * * *
- Урматтуу прокурор Шоңур мырза! Эмне үчүн сиз Моңурга байланыштуу кылмыш ишти создуктуруп жатасыз?
- Кечиресиз, баягы прокуратурада өрт чыкканда анын дакменттери бүт өрттөнүп кетиптир.
- Тоо-бо! Моңур кылмышты өрт өчкөндөн 6 айдан кийин жасады деп атышпайбы:
- Аныңыз туура, бирок мурдагы өрттүн бир чогу бурчта быкшыган бойдон калып калган экен...
* * * * * * *
Сот аяктаган соң адвокат Шоңур өзү жактаган Моңурга келиптир.
- Чоң рахмат! Эптеп алты айлык мөөнөткө шарттуу кесишти, бул – фантастика! Бул Сиздин эбегейсиз чоң эмгегиңиздин үзүрү болду! – дептир адвокатына ыраазы болгон айыпталуучу Моңур.
- Оо, өтө татаал иш болду! Сиз болгону алты ай... эптеп алты ай шарттуу мөөнөт болсо эле жарайт эле деп сурап туруп албадыңызбы! Анан эптеп сотту көндүрүүгө туура келди, болбосо чунак сот сизди таптакыр актап салсамбы деп жаткан!..
* * * * * * *
- Урматтуу айыпталуучу Шоңур мырза! Алты киши сизди паракор деп айтып жатат, буга эмне дейсиз? – прокурор Моңур үнүн өкүм чыгарыптыр.
- Эмне демек элем? Сизди деле "жемкор экен" деп мага алтымыш киши айткан, бирок мен аларга курулай ишенип калган жокмун да! – дептир Шоңур.
* * * * * * *
Шоңур Дордой базарга келип, Моңурдун дүкөнүнөн шым ченеп көрөт. Шым тим эле өзүнө тиккендей чак экен. Саат басып, жанында жетээр акчасы жок, айласы куруп ары жакты караса, татынакай бир күрмө илинип турат. Шоңурга күрмө да керек болчу. Ал шымды дүкөндүн ээсине кайтарат да, күрмөнү сурап кийип көрөт. Тим эле жарашыктуу!
- Болуптур, ушуну алдым! Жакшы калыңыз!
- Опе-ей, күрмөнүн акчасын бере элексиз да! – деп дүкөнчү Моңур кыйкырат.
- Кызыксыз го, бул күрмөгө жаңы шымды алмаштырбадымбы! – дептир Шоңур купшуңдап.
Ачуусу келген Моңур тигини дегдеңдете полицияга сүйрөп келиптир. Бирде сөзгө чоркок Моңурду, бирде чечен Шоңурду угуп, тергөөчү дүкөнчүгө айтат дейт:
- Анан башма-баш алмашып аткан соң, үстөк сурабай эле койбойсузбу, жарыктык Моңур мырза?!.
* * * * * * *
(TT)