“Сирена” Телеграм-каналы жазгандай, борбор азиялык мигранттарга орус армиясы менен келишим түзүү сунушталып жатат. Мындай маалыматты Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар да "Азаттыкка" ырасташты.
Алардын айтымында, Москванын жака белиндеги "Сахарово" борборуна барган мигранттарга да ар кандай баракчалар таратылууда.
"Жарым жылдан кийин жарандык аласыңар"
Интернетте Орусиянын Пенза шаарынан тартылган видео тарады. Андан аскер формасын кийген адам патент алууга келген тажик мигранттарын орус армиясы менен келишим түзүүгө үгүттөп жатканын көрүүгө болот.
Орус армиясынын өкүлү делген адам "Менин билишимче, силердин негизги максатыңар жарандык алуу" деп сөз баштап, ар кандай баракчаларды таратып жатат.
Ушундай эле жыйын Челябинск шаарындагы мечиттердин биринде да өткөнү кабарланды. Мигранттарга маалымат берип жаткан жаран армияга кошулгандарга бир катар жеңилдиктер бар экенин айтып берүүдө.
"Беш жыл күтүүнүн кереги жок. Атайын уюм менен бир жылга же жарым жылга келишим түзүп, тез арада өзүңөргө жана үй-бүлө мүчөлөрүңөргө жарандыкты оңой аласыңар. “Атайын аскердик операцияларга” катышсаңар, силерге акысыз кызматтар көрсөтүлүп, ай сайын же бир жолку төлөмдөр сыяктуу атайын аскердик артыкчылыктар берилет”, - деди орусча сүйлөп аткан адам.
Орусияда кызмат өтөп, Украинадагы согушта курман болгон Тажикстандын жарандары тууралуу так маалымат жок. "Озоди" радиосунун эсеби боюнча, алардын саны жыйырмага чукулдап, айрымдарынын сөөгү мекенине жөнөтүлсө, кээ бири Орусияга көмүлгөн. Алардын көбү Орусияда соттолуп, абактан "Вагнер" менен келишим түзгөндөр.
"Сахароводогу" ачык үгүт кайра жанданды
“Сирена” Телеграм-каналы Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борборунда да борбор азиялыктарды согушка үгүттөө ачык жүрүп жатканын жазып чыкты.
Алар жарыялаган сүрөттө армия менен келишим түзгөн мигранттарга Орусиянын жарандыгы, ай сайын кеминде 190 миң рубль, ошондой эле көптөгөн социалдык төлөмдөр убада кылынган.
Анда жазылып турган даректе (Варшава шоссеси, 83-үй) Москвадагы Чертонов райондук аскер комиссиараты жайгашкан.
Акыркы убактарда Орусияда согушка азгыруу аракеттери активдүү жүрүп жатканын кыргыз мигранттары да ырасташты. Алардын бири өмүрү үчүн кооптонгонунан улам өз башынан өткөн окуяны жашыруун айтып берди. Ал соңку төрт-беш жылдан бери Орусияда иштеп жүрөт.
“Жакында эле метродо досумду күтүп турсам, кавказ тектүү адам басып келди. Ал мага жардам сунуштап, “башка облуска командировкага барганга даярсыңбы?” деди. Мен каякка экенин сурасам, Херсонго деп жооп берди. Сөз Украинадагы согуш жөнүндө болуп жатканын түшүнгөндөн кийин дароо баш тарттым. Ал жакшылап ойлонуп көрүүнү сунуштап, визиткасын калтырып кеткен. Четтен карап турсам, жалаң мигранттарга барып жатты. Мындай учур аябай көп катталып атат", - деди кыргыз мигрант.
Орус бийлиги мигранттарды өзгөчө 2022-жылдын сентябрь айынан баштап согушка көбүрөөк тарта баштаганын борбор азиялыктар менен иштеген юристтер белгилеп келет.
Жарым-жартылай аскердик мобилиция жарыялангандан көп өтпөй Мамлекеттик Дума орус армиясында кызмат өтөгөн чет элдиктерге жарандыкты жеңилдетилген жол менен берүү мыйзамын да кабыл алган.
Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттар менен иштешкен өзбекстандык блогер Журабек Амонов “Азаттыкка” мындай деди.
“Орус жарандыгын алты ай же бир жыл ичинде берүүнү убада кылып жатат. Мындан тышкары акча менен кызыктырышат. Бирок согушка кеткендердин 99% өлүп келип жатканын жакшы билебиз да. Мага кайрылган мигранттарга ушундай жагдайларды айтып, мындан тышкары жалданып согушка баруу мыйзамсыз экенин түшүндүрүп атам”.
Келишим боюнча кызмат өтөөгө жана согушка азгырган жарыялардын көбөйүшү Орусияда рейддер, мигранттарды текшерүү менен коштолууда. Өткөн аптада Москва облустарында жашап, иштеп жүргөн 136 кыргызстандык мигрант үч күн ичинде депортация болгону ачыкка чыккан.
Мигранттар эң жөнөкөй мыйзам бузганы үчүн иштөө укугунан ажыратылып, депортацияланууда. Укук коргоочулар бул жагдай мигранттарды мындай сунуштарды кабыл алууга түртүшү мүмкүн деп кооптонушат.
Украинада согуш баштагандан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын бир нече жараны орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп, каза тапканы ырасталган. Алардын бир бөлүгү Орусияда соттолуп, абактан “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен келишим түзгөндөр.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Мейкинбек Абдалиев комитеттердин биргелешкен жыйынында Орусияда жеке компаниялар абактагы мигранттарды согушка азгырып жаткан көйгөйдү айтты.
“Бир компания, атын атабай эле коеюн, көпчүлүктү (абактагыларды-ред.) ар кандай ыкмалар менен согушка алып кетип жатыптыр. Алдап, акча каражаттарын сунуштайт экен. Ушул багытта иш алып барсаңар”, - деди.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадиция болгонун маалымдады.
Орусия аскерге чакырууну жанданттыбы?
Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскердик комиссариатка электрондук чакырууну мыйзамдаштырган долбоорду караганы турат. Бул тууралуу Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов маалымдаганын "Радио Свобода" жазды.
Комитет кагаз түрүндөгү чакырууну калтырып, аны алуудан баш тарткандарга электрондук версиясын жөнөтүүнү сунуш кылды. Картаполовдун айтымында, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ болмокчу.
Сунушка ылайык, комиссариатка барбай койгон жаран андан кийинки чакыруу маалында эки жума ичинде өз ыктыяры менен келүүгө тийиш. Андай болбосо, чет өлкөгө чыгуусу чектелет. 20 күндөн кийин автоунаа айдоого, кыймылсыз мүлк алып же сатуу, жеке ишкер катары катталуу, кредит алууга тыюу салынат.
Азыркы учурда Орусияда комиссариатка чакырууну көз жаздымда калтыргандар үчүн 500дөн 3 миң рублга чейин айып пул каралган.
Картаполов эми комиссариаттарда аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү кишилердин биридиктүү реестри пайда болорун, каттоого туруу же чыгуу, жеке маалыматтарга өзгөртүү киргизүү өңдүү иштерди алыстан аткарууга мүмкүн болорун айтты.
30-мартта Орусиянын президенти армияга кезектеги чакыруу буйругуна кол койгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ошондо биринчи жолу электрондук чакыруулар жибериле баштарын билдирген.
"Радио Свобода" жазгандай, федералдык мыйзамдарда электрондук чакырууга уруксат берген пункт жок.