Соодагерлер бул көрүнүштүн себебин пандемияга байланыштуу чек аралардан Кыргызстанга товарлардын учурунда өтпөй калганы менен түшүндүрүүдө. Бирок ага карабай көпчүлүк шаар тургундары азык-түлүк менен жаңы жылдык белек сатып алууга жандалбастап жүрүшөт.