Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

18:57 21.10.2023

Газа тилкесинин жашоочулары үчүн биринчи гуманитардык жүк жүктөлгөн 20 автоунаа Египет тараптагы Рафах өткөрмө бекетинен өттү.

Жүктү Кызыл жарым ай уюмунун кызматкерлери коштоп барды. Алар көбүнесе ХАМАС радикал тобу менен Израилдин ортосундагы кагылышууда жабыркаган палестиналыктарга керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдарды алып келишкени айтылды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторунун жашоочулары үчүн кеминде 100 жүк ташуучу автоунаа жардам керек экенин билдирген. Бирок Израил 20 гана машинаны өткөрүүгө уруксат берди.

Жалпысынан Рафах чек ара бекетинде гуманитардык жардам жүктөгөн 175 автоунаа турат. Бул Израил жүк өткөрүүгө макул болгон Газа менен чек арадагы жалгыз бекет.

13:10 22.10.2023

Израилдин армиясы жердеги операцияларына чейин Газа тилкесиндеги ХАМАСтын жоочуларын аткылоону күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниэль Хагари маалымдап, Газа тилкесинин түндүк тарабындагы элди коопсуз жакка чыгып кетүүгө чакырды. Ал ХАМАС карапайым элдин үйлөрүн пайдаланып жатканын айтты.

"Газадагы биз сокку урган ар бир имаратты ХАМАС өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат".

ЦАХАЛ Газада пландалган жердеги операциялары качан башталарын маалымдай элек. Мурдараак барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө убакыт берүү үчүн АКШнын өтүнүчү менен жылдырылганы кабарланган.

Ишемби күнү кечинде ХАМАСтын өкүлдөрү барымтадагы адамдардын ичинен эки кишини бошоторун билдиришкен, бирок Израил аны четке какты. ХАМАС ал үчүн кандай шарт койгону белгисиз.

Жума күнү АКШнын эки жараны - аялдар бошотулган.

Радикал топтун колунда 200дөн ашуун киши барымтада турганы айтылууда.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз.

Израил андан бери палестиндер байырлаган Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 4 миңден ашуун адам каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин маалымдады.

18:49 22.10.2023

Израилдин полициясы менен ЦАХАЛ жекшембиде билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөгүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо, 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек.

ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап турганын билдирди. Дагы 200дөй киши дайынсыз же тагдыры белгисиз экенин кошумчалады.

Бул санга жума күнү согушкерлер туткундан бошоткон эки америкалык жаран - Жудит Раанан менен анын кызы Натали кирбейт.

Ишембинин кечинде ХАМАС дагы эки кишини барымтадан бошотолу деген сунушун Израил четке какканын билдирди. Радикал топ бул үчүн кандай шарт койгону белгисиз.

ХАМАСтын кол салуусунан жабыркаган 299 киши Израилдин ооруканаларында жатат. Алардын ичинен 47 бейтаптын абалы оор. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрдагы чабуулдардан жана андан кийин башталган согушта 5132 киши жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирди.

ЦАХАЛдын басма сөз катчысы Даниэл Хагари ишембидеги жыйында Израил аймакта аба соккуларын "көбөйтөрүн" айтты.

Жөөт армиясынын жердеги операциясы качан башталары так белгисиз. Буга чейин ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотуу үчүн АКШнын өтүнүчү менен операция кечеңдегени айтылган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаарлары менен кошуундарына кол салып, 1400 кишини өлтүрүп, бир топ кишини барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматында согуш башталганы 4 миңден ашуун киши набыт болуп, жараат алгандар 15 миңдей экени маалымдалды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

19:09 22.10.2023

Маалымат каражаттары жекшембиде Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафх бекетинен өткөнүн жазышты.

Ишембиде 20 жүк ташуучу машине эң керектүү болгон суу, тамак-аш, дары-дармек жүктөп Газа тилкесине кирген.

Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып жатканын билдирген.

"Зарыгып турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деди Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.

БУУнун баасында Газадагы элдин муктаждыгын жабуу үчүн күнүгө 100 жүк ташуучу машине кирип турушу керек.

Израил ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, бомбалай баштаган эки аптадан бери элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дамек өтө тартыш.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттигинин өкүлү Газадагы кырдаалды "тозокко" салыштырды. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди "кандай гана эскалация болбосун же аскердик аракеттерди улантуу Газанын элин апаатка кептерин" эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG