Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

12:57 23.10.2023

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 7-октябрдан бери 4651 палестиналык жайкын тургун мерт болгонун билдирди. Анда набыт болгондордун 1873ү бала, 1101и аял жана 1677и эркек экенин кабарлады. Андан сырткары 14 миңден көп киши жараат алды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Жекшембиде, 22-октябрда бир катар маалымат каражаттары Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафах бекетинен өткөнүн жазды. Анын алдында ишембиде 20 жүк ташуучу машине элге эң керектүү болгон суу, тамак-аш, дары-дармек жүктөп барган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жардам жүктөп кирген 20 машине "деңизге тамган тамчыдай" деп сыпаттап, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып баратканын эскерткен.

"Зарыгып турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык кербен чек арадан коопсуз жана токтоосуз өтүшү керек", - деген Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Синди Маккейн.

БУУнун баасында Газадагы элдин муктаждыгын жабуу үчүн күнүгө 100 жүк ташуучу машине кирип турушу керек.

Израил ХАМАСтын жоочуларына согуш жарыялап, Газа тилкесин бомбалай баштаган эки аптадан бери элге суу жетпейт, жарык, күйүүчү май жок, дары-дамек өтө тартыш.

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттигинин өкүлү Газадагы кырдаалды "тозокко" салыштырган. Уюмдун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди "кандай гана эскалация болбосун же аскердик аракеттерди улантуу Газанын элин апаатка кептей турганын" эскерткен.

15:44 23.10.2023

Израил армиясынын Газа тилкесине жердеги аскердик операциясы ХАМАС радикал тобунун согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса гана башталбайт. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде айтты.

“Эгер ХАМАС карапайым тургундарды калкан катары колдонуп, жашырынган жерлеринен чыгып, барымтадагы жарандарыбызды кайтарып, эч кандай шартсыз багынып берсе, согуш токтойт”,- деди Конрикус.

Анын айтымында, бул согуштун максаты - ХАМАСты түп тамырынан бери жок кылып, 7-октябрда болгон окуяны кайра кайталанышына жол бербөө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргендей, ХАМАСка каршы аскердик кампания "бир, эки, үч айга чейин" уланып, радикал топту жер менен жексен кылуу менен аяктайт.

Израил армиясынын жердеги операциясы качан башталары азырынча белгисиз.

Соңку бир суткада Израил армиясы Газадагы 320 аскердик жайга сокку урганын билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Ички иштер министрлиги белгилегендей, Израил армиясынын түнкү соккуларынан көп сандагы карапайым тургундардын өмүрү кыйылды. Так саны канча экени белгисиз.

11:47 24.10.2023

ХАМАС радикал кыймылы 23-октябрдагы барымтадагы эки улгайган аялды - 80 жаштагы Нурит Купер менен 85 жаштагы Йохевед Лифшицти бошотту. Алар 17 күн туткунда болушту жана күйөөлөрү менен кошо барымтага алынган.

ХАМАСтын өкүлү Абу Обейда улгайган аялдар "гуманитардык себептерден" улам бошотулганын билдирди.

Өткөн жума күнү ХАМАС барымтадагы эки америкалык жаранды - Жудит Раанан менен анын кызы Наталини бошоткон. ЦАХАЛдын өкүлү ошол маалда ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап турганын кабарлаган.

Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде ХАМАСтын согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса жердеги операциясын баштабай турганын билдирген. Азырынча Израил армиясы жердеги операциясын качан баштары белгисиз.

Израилдин полициясы менен армиясы - ЦАХАЛ жекшембиде билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөгүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо, 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 23-октябрда блокадада калган аймакта Израил армиясынын аба чабуулдарынан жалпысынан 5000ден көп кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады. Алардын 2000ге жакыны балдар экени кабарланды. Бул сандар канчалык так экенин бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен, ондогон кишини барымтага алган. Израил армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп, электр энергиясын, суу берүүнү токтоткон.

Газа тилкесиндеги гуманитардык кризис тынчсыздануу жаратып жатат. “Чек арасыз дарыгерлер" уюму билдиргендей, ооруканаларда дары-дармек, медициналык препараттар жетишсиз. Дарыгерлер ооруну сездирбей турган дарыларсыз эле операция жасоого мажбур болууда.

12:17 24.10.2023

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ)бир сутка ичинде Газа тилкесиндеги ХАМАСтын объектилерине 400дөн ашуун сокку урганын билдирди.

24-октябрда эртең мененки маалыматында ЦАХАЛ 24 сааттын ичинде соккулар "террордук жайларга" багытталганы, ХАМАСтын бир нече кол башчысы жана кол салуу даярдап жаткан "согушкерлер" жок кылынганы айтылат.

Тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болбой турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG