Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

21:52 23.1.2024

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунда ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы жердеги операциясын баштаган үч айдан бери алгачкы жолу бир күндө эң көп жоготууга учурады. Соңку расмий маалыматка караганда, бир суткада Израил армиясы 24 жоокеринен ажырады.

ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагаринин айтымында, бүгүн 23-январда эки имаратта жарылуу болуп, ичиндеги 21 израилдик аскер мерт кетти, ошол жерде турган израилдик танкка граната менен чабуул коюлуп, анда да жоокерлер набыт болду.

Айрым маалыматка караганда, израилдик резервисттер эки имаратты жардыруу үчүн жардыргыч даярдап жаткан учурда жанында турган танкка реактивдүү граната ыргытылган. Натыйжада имараттагы жардыргыч иштеп кетип, ичиндеги аскерлер набыт кеткен.

Израилдин президенти Ицхак Герцог мерт кеткен жоокерлердин жакындарына көңүл айтты.

Учурда Хан-Юнис шаарында айыгышкан кармаш уланууда. Израилдин айтымында, ХАМАСтын негизги күчтөрү азыр ошол жерде топтолуп турат. Кечээ израилдик аскерлер шаардагы оорукананын имаратын толук ээлешкени кабарланган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен, согуш ошондо башталган. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат

15:58 15.1.2024


Жүз күнгө аяк баскан согуш Газа тилкесиндеги нечендеген турак жайды урандыга айлантты. Түштүктөгү Рафах аймагында мындай урандылардын алдынан үч баланын сөөгү бир жарым айдан ашык убакыттан бери чыгарыла элек. Үчөө тең Абу Авейданын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болчу.

Кыйрап түшкөн бетондордун биринде "Урандылардын алдында балдар калды: Оман, Абдулла жана Масса" деген жазууну көрүүгө болот.

Reuters жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Израил армиясынын ноябрь айындагы аба соккусунан кийин бул үй-бүлөнүн баш-аягы 22 мүчөсүнүн өмүрү кыйылган. Сокку Абу Авейданын үй-бүлөсү жашаган бир канча кабаттуу имаратты дээрлик толук кыйраткан.

Бул чабуулда Мохаммад Абу Авейда уулунан айрылган. Урандылардын алдында калган үч өспүрүм анын бир туугандарынын балдары эле.

"Согушка жүз күн болду. Мен бул жакка күн сайын келем. Үч баланын сөөгү дагы деле урандылардын алдында жатат. Алар: Омар, Абдулла жана Масса. Бир күнү алардын сөөгүн алып чыгып, акыркы жолу бир көрөрбүз деп үмүттөнөм. 16 бала [чабуулда каза тапкан]. Менин уулум 18 айлык эле. Ушул бөлмөгө өз колум менен уктаткан болчумун. Ал уктап жатканда шейит кетти. Анын күнөөсү эмне?", - деп билдирди Мохаммад Абу Авейда Reuters агенттигинин кабарчысына

Согуштан улам Газадагы жарандык коргонуу кызматтарынын иши дээрлик токтоп калган. Андыктан Абу Авейданын үй-бүлөсү урандыларды өз алдынча тазалай албай убайым чегип турат.

Октябрь айында башталган согуш Газа тилкесиндеги бул сыяктуу миңдеген үй-бүлөнүн тагдырын өзгөрттү. Бул согуш Израилдеги жүздөгөн үй-бүлөлөргө да азап алып келди.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн жана 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1100дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган.
ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 23 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар. Дагы далай адамдын сөөгү урандылардын алдында жатат.

Израилдик туткундарды бошотууну талап кылган акция, Тель-Авив, 13-январь 2024-жыл.
Израилдик туткундарды бошотууну талап кылган акция, Тель-Авив, 13-январь 2024-жыл.

ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган адамдардын 100дөн ашууну, анын ичинде аялдар, балдар жана чет өлкөлүк жарандар 24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында бошотулган. Буга жооп катары Израил ондогон палестиндерди абактан чыгарган.

Расмий Тель-Авив Газада хамасчылардын барымтасында дале 130дай киши бар экенин, алардын бир бөлүгү каза тапканын билдирип жатат.

Ишемби күнү кечинде 120 миңдей адам Тель-Авивдин "Туткундар аянты" деген атка конгон аймагына чогулуп, барымтадагыларды бошотууну талап кылышты. Алардын арасында Ювал Хара да болду.

"Тилекке каршы менин атам, жеңем, байкем өлтүрүлдү. Үй-бүлөмдүн жети мүчөсү барымтага алынды. Кудай жалгап, келишимдин алкагында алтоо кайра бошотулду. Бирок Кал [ред. жездеси] барымтада кала берүүдө. Биз анын өмүрү үчүн санаа тартып турабыз. Жүз күн болгонуна ким ишенет? Бул кабыл алынгыс. Аны артка кайтышын каалайбыз. Биз күтө албайбыз", - деди Ювал Хара.

Газада гуманитардык кырдаал курч

Азырынча ХАМАСтын барымтасындагы туткундар качан бошотулары, Газа тилкесиндеги чабуулдар качан токтору белгисиз.

Израилдин адеп Газанын түндүгүндө башталган операциясы азыр тилкенин борбордук жана түштүк аймактарында да жүрүп жатат.

"Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, жекшембиде Израилдин армиясы Газадагы Хан-Юнис шаарына абадан сокку урууну улантты. Агенттик жарыялаган видеолордон шаардын райондорунун бирин жарылуудан кийин коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Газадагы саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилер ишемби күнкү чабуулдардан тилкеде кеминде 60 киши набыт болгонун кабарлашты.

Согуш маалында жоготуулардын так санын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Тынымсыз чабуулдар Газа тилкесинде курч гуманитардык кырдаалды жаратты. Эл аралык уюмдар жана маалымат каражаттары Газада тамак-аш, суу, дары-дармек жана күйүүчү май тартыш экенин, аймактын саламаттыкты сактоо системасы кыйроо алдында турганын утур-утур эскертип келишет.

Хан-Юнис аймагындагы кырдаал, 7-январь 2024-жыл.
Хан-Юнис аймагындагы кырдаал, 7-январь 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Газада согуш башталгандан бери 1,9 миллион адам же аймактагы жалпы тургундардын 85 пайызга чукулу жер которууга аргасыз болду. Алардын көбү Газанын түштүк тарабына качканы менен ал аймактарда качкындарга шарт түзүлгөн эмес.

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттигинин башчысы Филиппе Лаззарини ишембиде Газадагы сапары маалында тилкенин тургундарын ачарчылык тооруп турганын айтты.

Ал "соңку 100 күн ичиндеги эбегейсиз кыйроо, өлүм, жер которуу, ачкачылык, жоготуу жана кайгы жалпы адамзаттын абийирине шек келтирип жатканын" белгиледи.

Израилдин максаты, региондогу чыңалуу

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы, эл аралык укук коргоо уюмдары Израилди Газадагы чабуулдарын токтотууга чакырышкан. Мындай талап менен дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ири жүрүштөр өткөн. Расмий Тель-Авив Газадагы операциясын өзүн-өзү коргоо аракети деп мүнөздөгөн.

11-январда Гаагадагы Эл аралык сот Түштүк Африка Республикасынын Израилди БУУнун Геноцидге каршы конвенциясын бузууга айыптаган арызын кароого киришти. 29-декабрда Претория Гаага сотуна арыз менен кайрылган. Израилдин Газадагы операциясын токтотууну көздөгөн бул соттук ишти палестиндер кубатташкан.

Ишемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху телекайрылуу жолдоп, расмий Тель-Авивди бул сот токтото албай турганын, согуш "толук жеңишке" чейин улана турганын айтты. Ал Израил "ХАМАСты толук жок кылууну, барымтадагы адамдардын баарын бошотууну, Газа тилкеси Израилге мындан ары коркунуч туудурбайт деген кепилдикти" көздөрүн белгиледи.


"Биз коопсуздукту түштүктө да, түндүктө да калыбына келтиребиз. Бизди эч ким - Гаага да, жамандыктын огу да, башка бирөө да - токтото албайт", - деп билдирди Нетаньяху.

Ал "жамандыктын огу" деп Ливандагы, Сириядагы, Ирактагы жана Йемендеги Иран колдогон, "каршылыктын огу" деген атка конгон жоочулардын топторун ишарат кылгандай болду.

Буга чейин Йемендеги Тегеранга ыктаган хусит козголоңчулары Кызыл деңиздеги соода кемелерине чабуул койгон учурлар катталган. Хуситтер бул кемелерди Израилге байланышы бар деп сыпатташкан.

Өткөн жума күнү Америка Кошмо Штаттары жана Британия мындай чабуулдарга жооп катары хуситтердин Йемендеги бир катар позицияларына сокку урган. Хуситтер мындай чабуулдар болгонун ырастап, ага жооп кайтарыларын эскерткен.

Ишемби күнү АКШ Йемендеги хуситтерге дагы сокку урганы белгилүү болду. Бул окуялар Газадагы согуш Жакынкы Чыгыштын башка аймактарына да жайылып кетпейби деген тынчсызданууларга жол ачты.

16:48 10.1.2024

Газа тилкесинде согуш башталганы 79 медиа кызматкеринин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 9-январда Журналисттерди коргоо комитети кабарлады. Улуттар Уюму кыска аралыкта көп сандагы журналисттердин өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барды. Анклавдын түштүгүндө айыгышкан салгылаш уланууда.

Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух дагы бир жакынын акыркы сапага узатты. АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо башкармалыгы жана журналисттер биримдиги билдиргендей, анын тун уулу Хамза ад-Дахдух 7-январда Рафах шаарына жакын жерде автоунаага тийген соккудан мүрт кеткен. Аны менен кошо дагы бир палестин журналисти Мустафа Тураянын өмүрү кыйылды.

"Хамза аларга эмне кылды? Менин үй-бүлөм аларга эмне кылды? Газа тилкесиндеги жайкын тургундар аларга эмне кылды? Эч нерсе кылган жок. Дүйнө Газадагы окуяларга келгенде эч нерсени көрбөй калды", - деп оор улутунат Ваэл ад-Дахдух.

Хамза атасындай эле “Аль-Жазира” телеканалында иштечү. Ваэль ад-Дахух буга чейин түз эфирде Газадагы окуяларды чагылдырып жатып, аялы, уулу, кызы жана небересинен айрылганын билген.

Израилдин армиясы сокку урулган автоунаада террорчу дагы болгонун билдирди. NBC News телеканалына берген комментарийинде ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари бул окуя иликтенип жатканын айтты.

Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух уулун акыркы сапарга узатууда. 7-январь, 2024-жыл.
Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух уулун акыркы сапарга узатууда. 7-январь, 2024-жыл.


Журналисттерди коргоо комитети 9-январда билдиргендей, Израилдин ХАМАС радикал уюмуна каршы согуш баштаганы маалымат каражаттарынын 79 кызматкери набыт болгон. 16 журналист жараат алган. Үч кабарчы дайынсыз жоголуп, 21 журналист камалган. Уюм журналисттер кризис маалында маанилүү ишти аркалап жаткан карапайым тургундар экенин белгилеп, алар согушуп жаткан тараптардын бутасына илинбеши керектигин эскертти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Катардагы маалымат жыйында Хамзанын өлүмүн “чоң трагедия” деп атады.

Газадагы согуш 7-октябрдагы ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары жөөт конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган. ЦАХАЛ Газадагы аскердик операциясы баштагандан бери анклавда 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирип жатат. Бул санды көз карандысыз булактардан тактоо эч мүмкүн эмес.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2024-жыл.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2024-жыл.

Блинкендин Израилге сапары

Блинкен 9-январда Израилге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушту. Газада согуш башталганы мамкатчы аймакка төртүнчү ирет келди.

"Мен жаңы эле аймактагы бир катар өлкөлөрдү, Түркия, Грекия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияны кыдырып келдим. Бул мамлекеттердин лидерлеринен уккандарымды бүгүн Израилдин президентине, өкмөт башчысына жана министрлерине айтам. Андан тышкары биз туткундагылардын жакындары менен отуруп, аларды бошотуу, үй-бүлөлөрү менен бирге болуу маселелерин талкуулайбыз", - деди Блинкен Израилдин президенти Исхаак Герцог менен жолугуп жатып.

Мамкатчы андан соң өкмөт башчы Биньямин Нетаняху менен жолукту.
Блинкендин сапары Израил армиясы ХАМАС радикал уюмуна каршы согуш жаңы баскычка өткөнүн жарыялаган маалга туш келди.

Израилдин армиясы 8-январда ХАМАСтын Сириядагы жогорку даражалуу өкүлүн жок кылганын жарыялады. ЦАХАЛ тараткан маалыматка ылайык, Хасан Акаше Сирия тараптан Израил аймагын аткылоо аракеттерин жетектеп турган. Ошол эле күнү Ливандын түштүгүнө жасалган жөөт армиясынын соккусунан “Хезболла” кыймылынын командирлеринин бири жок кылынганы кабарланды.

AFP маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазышынча, Виссам ат-Тавил Ливандын түштүгүндөгү кыймылдын аскердик операцияларын жетектеп турган.

16:46 10.1.2024

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Израилдин ырчылары концерт берет” деген маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди.

Министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, концертти уюштуруучулар менен филармониянын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Буга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарандарды такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырды.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда социалдык тармактын айрым колдонуучулары Израилдин ырчылары 29-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт бере турганын жазып, ага каршы экенин билдирип жатышкан.

Былтыр октябрь айында Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада 300дөй адам Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын уюштурушкан.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери эки жүздөй аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Аймакта гуманитардык кризис курч болуп турат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG