Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

15:35 9.1.2024

Бир нече араб өлкөсү жана Түркия Газаны калыбына келтирүүгө, анын саясий келечегин аныктоого жана аймакта туруктуу тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууга багытталган аракеттерин Америка Кошмо Штаттары менен координациялоого даяр. Бул тууралуу 8-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Блинкен бул күндөрү аймакта иш сапар менен жүрөт. Буга чейин ал Түркия, Грекия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүн кыдырды.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Ал Сауд менен жолугушуудан кийин Блинкен бул өлкө "эгер Газадагы согуш токтотулса, палестин мамлекетин түзүүгө карай практикалык кадамдар жасалса Израил менен дипломатиялык мамиле түзүүгө кызыгуусу болорун" билдиргенин айтты.

«Кызыгуу бар, ал реалдуу, ал кырдаалды өзгөртө алат», - деди Энтони Блинкен.

Буга чейин аталган өлкөлөр АКШнын чакырыктарын четке кагып келишкен.

9-10-январь күндөрү Блинкен Израилдин жана палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолугуп, Түркиянын, Иорданиянын, Катардын, БАЭнин жана Сауд Арабиясынын сунушун талкуулайт.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери эки жүздөй аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Аймакта гуманитардык кризис курчуп турат.

18:53 7.1.2024

Израил армиясынын учактары оккупацияланган Батыш жээктеги палестин согушкерлерине сокку урганын жөөт аскерлери билдирди. Палестин автономиясынын саламаттык сактоо мекемеси алты палестин набыт болгону тууралуу маалыматты 7-январда таратты.

Израил армиясы Женин шаарында палестин согушкерлери аскердик учакты аткылап, жоокерлерге кол салганын, чек ара полициясынын офицери каза тапканын маалымдады.

Палестин автономиясынын министрлиги сокку чогулган бейкүнөө кишилерге багытталганын билдирсе, күбөлөр кандуу окуя жөөт аскерлери чыгып кетип бараткан маалда болгонун айтышты. Набыт болгондордун төртөө бир туугандар экенин маркумдардын жакындарды билдирди.

Азырынча окуя тууралуу израил армиясы толук маалымат бере элек.

Соңку 18 айда бери эле Батыш жээкте кырдаал чыңалып турган. 7-октябрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун согушкерлери жөөт конуштарына кол салгандан кийин абал курчуп, Израил Газа тилкесин толук курчоого алып, хамасчыларга каршы согуш ачкан.

Израил армиясынын соккусу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аймакта жүргөн маалда болду. Кошмо Штаттардын башкы дипломаты Израилдин ХАМАС радикал тобуна каршы согушу башталгандан кийинки аймактагы жалпы кырдаалды стабилдештирүүнүн жолдорун сүйлөшүү үчүн барган.

Блинкен бул жолку сапарын Түркиянын, Грекиянын лидерлери менен жолугуудан баштап, бир катар Араб өлкөлөрүнө, Израилге жана оккупацияланган Батыш жээкке да барары кабарланды.

16:14 5.1.2024

Израил ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы күрөшүндө негизги көңүлдү бул топтун согушкерлерин жана лидерлерин бутага алып, жок кылууга бурарын билдирди.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант согуштун жаңы этабы башталганын, Газа секторунун түндүгүнө өзгөчө көңүл буруларын, ал жакта ХАМАС курган туннелдер жок кылынарын, рейддер жүргүзүлүп, абадан жана жерден сокку уруу операциялары уланарын айтты.

Ал эми сектордун түштүгүндө, Газанын 2,3 миллиондук калкынын көпчүлүгү убактылуу жашына турган жайларда, чатырларда жашап жаткан аймакта ХАМАСтын лидерлерин жок кылуу операциясы улантылары, 7-октябрда барымтага алынган 240 адамдын калган 132син бошотуу аракети көрүлөрү белгиленди.

Бейшемби күнү израилдик аскерлердин Газа секторуна жасалган чабуулунан 20дай адам каза болгонун, алардын 16сы Хан-Юнис шаарынын тургундары экенин, Ан-Нусейрат качкындар лагерине да сокку урулганын бул аймактын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Хан-Юнисте сектордун башка аймактарында жүрүп жаткан согуштук аракеттерден качып баргандар баш калкалап турушат. Каза болгондордун тогузу балдар экени белгилүү болду.

11:50 3.1.2024

Ливанда ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех ал-Арури жок кылынганы кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жеке булактарына шилтеме берип жазды. Алдын ала маалыматтар боюнча ал Израилдин учкучсуз учагы менен өлтүрүлгөн.

Ливандын мамлекеттик NNA агенттиги ХАМАСтын Бейрут шаарынын түштүк четиндеги кеңсесине учкучсуз учактан сокку болгонун ырастады.

Салех аль-Арури 57 жашта болчу. Израилдин чалгын кызматы аны мамлекетке каршы бир катар чабуулдарга, анын ичинде 2014-жылдын июнь айында үч өспүрүмдү барымтага алуу жана өлтүрүүгө катыштыгы бар деп эсептейт.

Салех ал-Арури декабрь айында барымтадагы туткундар мындан ары ок атышууну толук токтотуу шарты менен гана бошотуларын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG