Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

17:56 27.11.2023

Израил бийлиги менен ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда бошотула турган барымтадагылардын жана түрмөдөгү палестиндердин тизмеси боюнча пикир келишпестик жаралды. Катардык ортомчулар бул боюнча иштеп жатканын израил маалымат каражаттары жазышты. Азырынча талаш-тартыштын так себеби эмнеде экени белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАС радикал уюму израил түрмөлөрүндөгү алты аялды бошотууну талап кылууда. Ал эми 27-ноябрда бошотула тургандардын тизмесинде алардын аты-жөнү жок болуп чыккан.

Дүйшөмбүдө ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 11 израилдикти бошотууга тийиш. Алардын тизмеси 26-ноябрдын кечинде Израил бийлигинин колуна тийген. Жекшембиде жоочулар туткундагы 14 адамды, анын ичинен тогуз баланы Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Эки тараптын ортосунда түзүлгөн макулдашуу күчүнө кирген соңку үч күндүн ичинде хамасчылардын барымтасынан 39 израилдик, ал эми израил түрмөлөрүнөн 117 палестин бошотулду.

Андан тышкары ХАМАС радикал уюму барымтадагы чет элдиктерди дагы бошотууда. Ал мамлекеттердин бийликтери менен өз ара түзүлгөн макулдашуунун алкагында ишке ашып жатат.

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 240тан ашуун туткундан 50нү бошотот. Алардын катарына туткундагы чет өлкөлүктөр кирбейт. Аларды ХАМАС экстремисттик уюму мамлекет лидерлери менен өз ара макулдашуунун жыйынтыгында коё берүүдө.

Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

15:48 27.11.2023

Ташкенттеги синагоганын дубалына белгисиз адамдар палестиндерди жактаган ураандарды жазып кетишти. Бул тууралуу AZfront Телеграм-каналы өз катталуучуларына шилтеме жасап кабарлады. Өзбек бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин аталган канал Израилдеги Диаспоралардын иши боюнча министрликтин ички документине шилтеме жасап, Ташкентте жөөттөрдүн эл аралык “Хабад” кыймылынын эки өкүлүнө кол салуу болгонун кабарлаган. Израил тарап бул окуядан кийин Өзбекстанда антисемитизм күчөшү мүмкүн экенин эскерткен.

Расмий Ташкент Өзбекстандагы синагогалар жана жөөттөргө тийиштүү башка жайлардагы коопсуздук чараларын күчөткөн.

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда азыр 10 синагога бар. Ташкентте үч, Самарканд менен Бухарада экиден, калгандары Кокон, Фаргана, Маргалан жана Анжиянда жайгашкан.

1926-жылдары Өзбекстанда 19 миңдей жөөт болгон. 1989-жылы алардын саны 29 миңге жеткен. Анын ичинен 4200ү бухара жөөттөрү эле. 1990-жылдардын башында алардын көбү АКШ, Израил жана Европанын ар кайсы мамлекеттерине чыгып кетишкен.

23:25 26.11.2023

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС куралдуу тобу барымтага алынгандардын үчүнчү тобун жекшембиде эл аралык Кызыл Чырым комитетине өткөрүп берди.

17 адамдын 14ү Израилдин жараны (анын ичинде орус жарандыгын алган теги израилдик бар), үчөө чет элдик экенин Израилдин армиясы билдирди.

ТАСС ХАМАСтын өкүлүнө шилтеме берип алардын баары Тайланддын жарандары экенин жазды.

ЦАХАЛ билдиргендей, бошотулгандардын бири, Израилдин жараны дароо ооруканага жеткирилген. 12 кишини Кызыл Чырымдын кызматкерлери жөөт аскерлерине өткөрүп беришти. Алар Хатцерим аскердик аба базасына жеткирилет. Калган төрт адам Египет менен чек арадагы Рафах көзөмөл-өткөрмө пунктун көздөй баратат.

17:52 26.11.2023

ХАМАС (АКШ менен Европада терррордук деп таанылган) куралдуу тобу 26-ноябрда бошото турган барымтадагылардын кезектеги тобунун тизмеси Израил бийлигинин колуна тийди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун кеңсесине таянып жазды. Израил менен экстремисттик топтун ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу режимине үч күн болду. Ишембиде хамасчылар туткундагы 17 адамды, ал эми Израил бийлиги түрмөдөгү 39 палестинди бошотту.

АКШ менен Европада терррордук деп таанылган ХАМАС уюмунун барымтасынан 26-ноябрга караган түнү бошотулган израилдиктердин абалы дурус. Бул тууралуу алар жеткирилген “Шиба” ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Итай Песах билдирди.

"Бир топ убакыт зарыгып күткөндөн кийин, түнкү саат үч жарымдарда туткундан бошотулган 12 киши ооруканага которулду. Алар алгачкы медициналык кароодон өткөрүлдү. Ушунча күн туткунда отуруп, кандай азапты баштарынан өткөргөнү менен алардын бири да шашылыш медициналык жардамга муктаж эмес экенин кубануу менен айта алам. Алар канча зарыл болсо ошончо убакыт ооруканада кала алышат", - деди профессор.

Барымтадан бошотулган дагы бир аял Беэр-Шевадагы медициналык борборго жеткирилгенин, анын абалы орто оор деп мүнөздөлүп жатканы кабарланды.

Ал арада Израилдин бийлиги 26-ноябрда бошотула турган туткундардын тизмесин алды. Ал жактагы 13 кишинин арасында Американын да жарандары бар экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Тизмедегилердин жакындарына кабар берилгенин The Times of Israel басылмасы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсесине таянып кабарлады.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму ХАМАС бошоткон израилдик туткундарды Египеттин аймагына Рафах өткөрмө бекети аркылуу чыгарып баратат. 24-ноябрь, 2023-жыл..
Эл аралык Кызыл Чырым уюму ХАМАС бошоткон израилдик туткундарды Египеттин аймагына Рафах өткөрмө бекети аркылуу чыгарып баратат. 24-ноябрь, 2023-жыл..

Келишимдин үзгүлтүккө учурап кала жаздады

25-ноябрдын кечинде Тель-Авивде ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы бардык туткундарды бошотуу талабы менен ири нааразылык акциясы өттү. Уюштуруучулардын эсебинде, ага 100 миңдей киши катышты. Ушундай эле митинг Иерусалимде дагы өттү.

Бул акциялардын башталышына Израил менен ХАМАС куралдуу тобунун ортосундагы макулдашууну ишке ашырууда чыккан маселелер түрткү болду. Жихадчылар Израилди макулдашуунун алкагында өз мойнуна алган милдеттенмелерин аткарбай жатат деген жүйө менен туткундардын экинчи тобун убагында бошотпой, бир нече саатка создуктурду.

Бир нече сааттан кийин гана Газа тилкесиндеги Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө 17 туткунду өткөрүп берди. Алардын арасында 13 израилдик жана төрт чет өлкөлүк, тактап айтканда Тайланддын жарандары бар. Тайланддыктар Израилге убактылуу иштегени барып, барымтага түшүп калышкан.

Өз кезегинде Израил түрмөдөгү 39 палестинди, анын ичинде алты аялды жана 33 өспүрүм баланы бошоткону маалым болду. Элине кайткандардын арасында Мохаммад Сабах дагы бар.

"Бизди таңкы саат жетилерде алып кетишти. Саат ондордо макулдашуу түзүлүп, эми бизди кое берерин айтышты. Аябай күтүүсүз болду. Бирок абдан айтып бере алгыс, кубанычтуу сезимде болуп турабыз",- дейт өспүрүм.

Израилдин түрмөсүнөн бошотулгандарды Батыш жээкте жүздөгөн адамдар тосуп алышты. Өспүрүмдөрдү чогулгандар баштарына көтөрүп, көчөлөрдө жөө жүрүштү.

Израил түрмөсүнөн бошотулган палестиндерди оккупацияланган Батыш жээкте шаң менен тосуп алышты. 24-ноябрь, 2023-жыл.
Израил түрмөсүнөн бошотулган палестиндерди оккупацияланган Батыш жээкте шаң менен тосуп алышты. 24-ноябрь, 2023-жыл.

Гуманитардык жардам таркатылып жатат

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө ок атышуу токтотулат, ХАМАС радикал уюму 7-октябрда Израилде барымтага алган 220дан көп туткундун элүүcүн бошотот. Ал эми Израил өз кезегинде түрмөдөн 150дөй палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды эркиндикке чыгарат. Андан тышкары Газа тилкесине күнүнө 200 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жана төрт машине күйүүчү май киргизүүгө уруксат берилет. Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Мамаду Соу алар гуманитардык жардамды таркатып жатканын билдирди.

Ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап Газа тилкесине 61 машине менен гуманитардык жардам киргизилди. Ошондой эле 129 литр күйүүчү май жеткирилди.

Макулдашуу күчүнө кирген биринчи күнү ХАМАС радикал уюму 13 израилдикти жана 12 чет өлкөлүктү бошоткон. Ал эми Израил түрмөдөгү 39 палестинди, негизинен аялдарды жана балдарды Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүп берген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын чыңалышына ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 220дан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине чыгарып кеткен.

Буга жооп кылып, жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кеминде 15 миңдей киши набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Газа тилкесинде таза суу, тамак-аш, дары-дармек тартыш. Согуш башталганда Израил электр жарыгын берүүнү токтотуп, Газаны караңгылык каптады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG