Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

12:11 26.11.2023

Ишемби күнү кечинде АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынган ХАМАС куралдуу тобу Израилде мурда барымтага алган 17 кишини эл аралык Кызыл чырым уюмуна өткөрүп берди. Анын ордуна Израил ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон 39 палестиналыкты бошотконун маалымдады.

Ишембидеги туткун алмашуу иши буга чейинки төрт күндүк келишимдин экинчи бөлүгү болуп саналат. Бошотулгандардын арасында 13 израилдик жана төрт тайланддык жаран бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз бала жана беш аял тууралуу сөз болуп жатат, алардын баарын ХАМАС 7-октябрда колго түшүргөн. Буга чейинки маалыматтарда боштондукка 14 израилдик чыгары айтылып жаткан.


"Гаарец" гезитинин жазганына караганда, алмашылган туткундардын арасында палестиндер тарабынан терракт жасоого шек саналып 2015-жылы кармалган Исрааа Жабис да бар. Аны Иордан дарыясынын батыш жээгинде полиция токтоткондо автоунаасындагы газ баллону жарылган. 31 жаштагы палестиналык ал аял дагы, аны токтоткон израилдик полиция кызматкери да оор жаракат алган. Исраа Жабистин машинасындагы газ баллон атайын жардырылганбы же бузулуп калып жарылып кеткенби - азырынча бир жактуу маалымат жок.

Бул жолку барымтадагыларды алмашуу түш ченде жүрөт делген болчу, бирок, ал түнкү он бирлерде ишке ашты. Сүйлөшүүлөргө Катар менен Египеттен тышкары, АКШнын президенти Жо Байден кошулганы белгилүү болду, бул тууралуу Ак үйдөн маалымдашты.

ХАМАС жалпысынан 240тай адамды барымтага алган. Алардын айрымдарын бошотуу аракети жума күнү эртең менен башталган Газа тилкесинде ок атуу токтоп, тынчтык режими киргизилгенден кийин ишке аша баштады. ХАМАС төрт күндүн ичинде 7-октябрда Израилдин түштүгүндө барымтага алынгандардын ичинен 50 адамды бошотууга убада берген. Израил өз кезегинде камакта жаткан 150 палестиналыкты, аялдар менен жашы жете электерди өткөрүп бермей болгон.

Бир катар мамлекеттер жана БУУ баштаган айрым эл аралык уюмдар Израилди Газа тилкесиндеги жайкын адамдарды, анын ичинде аялдар менен балдарды аябай, катаал согуштук иш-чараларды жүргүзгөнү үчүн сынга алышкан.


7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, 1200 кишинин өмүрү кыйылган.

Ушундан кийин жөөт аскерлери Газа тилкесине сокку ура баштап, алардын адегенде абадан, андан кийин жердеги чабуулдарынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

17:29 25.11.2023

Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдиргендей аларды алып келүүгө Кыргызстандын Сауд Арабиядагы жана Орусиядагы элчиликтеринин кызматкерлери көмөктөшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Газа тилкесинен кетүүнү каалаган мекендештерди эвакуациялоо уланарын кошумчалады.

15-ноябрда Газа тилкесинен Казакстандын 92 жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү эвакуацияланганы кабарланган.

15:58 25.11.2023

ХАМАС радикал тобунун колунда барымтада калган адамдарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Катар Израилге 25-ноябрда бошотула турган 13 адамдын тизмесин берди. Тизмеде аялдар менен балдар бар.

ХАМАС (АКШ менен Европада террордук топ деп таанылган) бир күн мурда 13 израилдикти барымтадан бошоткон. Анын ичинде 34 жаштан 85 жашка чейинки тогуз аял, эки жаштан тогуз жашка чейинки төрт бала эркиндикке чыкты. Бошотулган аялдардын бири мурдараак каза болду деп кабарланган.

Бошотулгандар учурда Израилде ооруканада дарыланып жатат. Маалымат каражаттары алардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

Таиланддын бийлиги 24-ноябрда бошотулган 11 жаранынын аты-жөнүн жарыялады. Барымтадан бошотулгандардын ичинде Филиппиндин жараны да бар. Булар Израилде иштеп жүрүп барымтага алынган. Таиланддын дагы 20 чакты жараны ХАМАСтын колунда кала берүүдө.

21:41 24.11.2023

24-ноябрдан тарта ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюму 7-октябрда барымтага алган адамдардын айрымдарын бошото баштады. Алгач Таиланддын 12 жараны бошотулду. Бул маалыматты Таиланддын премьер-министри ырастады. Алар Израилге убактылуу жумушка келген маалда радикал уюмдун туткунуна түшкөн. Жума күнү Газа тилкесиндеги Кызыл Чырым уюмунун кызматкерлерине 13 израилдик аял жана бала өткөрүлүп берилди.

Туткундар Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына чыгарылууда. Аларды Израил армиясынын аскерлери, дарыгерлер жана психологдор тосуп алат. Туткундар андан ары тик учак менен Израилдин түштүгүндөгү Хацерим авиабазасына жеткирилип, ооруканаларга жайгаштырылат.

Израил өз аймагындагы түрмөлөрдө жаткан 39 палестинди өткөрүп берүүгө тийиш. Алардын 13ү Кызыл Чырым уюмунун автобустары менен Газа тилкесине жакын жерге жеткирилип, хамасчыларга өткөрүлүп берилгенин маалымат каражаттары жазды.

ХАМАС радикал уюму менен Израилдин ортосунда АКШ,Катар, Египеттин ортомчулугунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, төрт күнгө согуш токтоп, курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам кирет. Бул убакыт аралыгында ХАМАС куралдуу тобу барымтадагы 220 кишинин 50сүн бошотушу керек. Ал эми Израил өз кезегинде 150дөй аял менен өспүрүмдү өткөрүп берет.

Газада ок атышуу убактылуу токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG