Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

14:42 21.11.2023

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун лидери Исмаил Хания Израил менен ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдирди. Ал эми Тель-Авив 240 чакты кишини барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайсы баскычка жеткенин азырынча айта элек. Согушкерлер 7-октябрда барымтага алгандардын көбү израилдиктер, арасында балдар менен кары-картаңдар бар. Буга чейин бир ууч киши гана бошотулду же сөөктөрү өткөрүлүп берилди.

ХАМАСтын медиа кеңсеси дүйшөмбүдө билдиргендей, Газа тилкесинде жаңжал башталган 7-октябрдан бери 13 миң 300 киши каза тапты, алардын 5 миң 600ү балдар, 3 миң 550дөн ашыгы аялдар.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Палестин автономиясынын бийлиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде 215тен көп киши набыт болгонун, 2 миң 800дөн ашууну жараат алганын маалымдады.

Израилдин өкмөтү ХАМАСтын кол салуусунан 1 миң 200 кишинин өмүрү кыйылганын билдирген.

БУУнун Гуманитардык маселелерди тескеген агенттиги Газа тилкесинде бери дегенде 1,7 млн киши жер которууга аргасыз болгонун кабарлады. Алардын 900 миңдейи БУУнун жайларында башкалкалап жатат.

20-ноябрда Израилдин коргоо күчтөрү Газа шаарында хамасчыларды курчоого алганын маалымдаган.

Рейтер агенттигинин жазганына караганда, ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги ошол эле күнү израилдик аскерлер Газанын түндүгүндөгү индонезиялык ооруканага чабуул койгонун, 12 киши каза таап, ондогону жараланганын билдирди. Палестинанын маалымат каражаттары танктар оорукананы курчоого алганын, ал жакта медициналык кызматкерлер, бейтаптар менен жер которгон кишилер болгонун жазышты.

Тель-Авив бул окуяга байланыштуу үн ката элек.

7-октябрда ХАМАСтын кол салуусунан кийин Израил радикал топко каршы согуш ачып, Газада аскердик операция баштаган.

14:40 21.11.2023
Газа: Туткундарды бошотуу аракети уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

17:19 19.11.2023

Израилдин армиясы жекшембиге караган түнү Газа тилкесине абадан сокку урганын билдирди.

ЦАХАЛ Жабалия, Бейт-Лахия, Зейтун райондору, Газа шаарындагы "ХАМАСтын жайларын бутага алганын" маалымдады.

Жабалиянын чет жакасында жөөт армиясы менен ХАМАСтын согушкерлеринин кагылышуусу болгонун кошумчалады.

17:01 19.11.2023

19-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дарыгерлер тобу Газадагы эң чоң Аш-Шифа ооруканасында 291 бейтап калганын билдирди. Алардын арасында абалы өтө оор 32 наристе, омурткасы мертинген, ордунан жыла албаган бейтаптар калган.

Эл аралык уюмдун атайын командасы ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана медициналык кызматкерлер чыгып кеткен соң комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу, күйүүчү май, дары-дармек, тамак-аш жана башка өтө зарыл нерселердин тартыштыгынан улам дээрлик өз милдетин аткара албай калганын ДССУ билдирди.

Израилдин армиясы ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) согушкерлеринин Аш-Шифа ооруканасынын алдына башкаруу борбору жайгашкан деген жүйө менен медициналык комплексте атайын операция жүргүзүпжатат. Жөөт аскерлери Аш-Шифада тургандардын баарын эвакуациялоону талап кылбаганын, «эвакуацияга жардам берүү макулдашылганын» ишембиде билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG