Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

18:00 18.11.2023

Израилдин ЦАХАЛ коргоо армиясы Газа тилкесиндеги Ас-Шифа ооруканасын эвакуациялоо тууралуу кабарды четке какты. Буга чейин Al Jazeera телеканалы ишенимдүү булактарына таянып, Израил аскерлери бейтаптарды имараттан чыгарып кетүүгө бир саат гана убакыт бергени тууралуу маалымат тараткан.

ЦАХАЛдын Телеграм-каналында оорукананын директорунун өтүнүчү менен израил аскерлери каалоочуларга сектордун түштүгүнө коопсуз каттам менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бергени айтылган.

"Медициналык кызматкерлер эвакуацияланбаган бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында ооруканада кала берет", - деп белгиленет маалыматта.

Бүгүн Израил тарап ХАМАС тобу (АКШ менен Европада террордук деп табылган) барымтага алган 50 адамдын ордуна ок атууну убактылуу токтотуу сунушунан баш тартканы белгилүү болду.

Израилдин бийликтери бул тууралуу учурда сүйлөшүүлөрдө ортомчулук вазийпаны аркалап жаткан Катарга кабарлаган.

Мындай чечим Израилдин Министрлер кабинетинин түнкү отурумунда кабыл алынды. Алар ХАМАСка аскердик басымды күчөтүү мындан кийинки пайдалуу келишимге жетишүүгө жол ачат деген тыянакка келген.

БУУ: Газада ачарчылык башталышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

12:01 18.11.2023

Израилдин армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын билдирди.

ЦАХАЛ 17-ноябрга караган түнү Газа тилкесинин түштүгүнө дагы сокку урду. Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде гуманитардык жүк жеткирүү маселеси жөнгө коюлбай жаткандыктан, ал жакта ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын тургундары израил армиясынын соккусунан талкаланган үйдүн уранды алдынан Абу-Занаддын үй-бүлө мүчөлөрүн издеп жатат.

"Кайдагы гуманитардык тыныгуу? Газанын түндүгүнөн качкан аялдар, балдар ушул үйдө болчу. Алар биздин туугандарыбыз эле. Түштүктө коопсуз деп коюшат. Кайдан коопсуз?", - дейт Хан-Юнис шаарынын тургуну Хани Абу Занад.

17-ноябрга караган түнү израил армиясы Хан-Юнис шаарынын чыгыш райондоруна абадан аскердик операция болору жазылган кагаздарды абадан таратып, жергиликтүү тургундарга бул аймактан чыгып кетүү эскертилген.

Хан-Юнис шаарындагы мектептерде, ооруканаларда Газа тилкесинин түндүгүндөгү бомбалоодон качкан жүз миңдеген палестиндер баш калкалоого аргасыз.

Калаада гуманитардык кризис күчөп баратканын эл аралык уюмдар эскертүүдө. Тамак-аш, суу жетишпейт.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 17-ноябрда билдиргендей, Газа тилкесинде жугуштуу оорулардын жайылып жатканы тынчсыздануу жаратууда.

Уюмдун Газа тилкесиндеги өкүлү Ричард Пеперкорн азыр эле 70 миңден көп адам респиратордук инфекцияга кабылып, 44 миңдей киши диареядан жабыркап жатканын билдирип, жугуштуу илдеттер дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму буга чейин эле Газадагы кырдаалга тынчсызданганын жарыялаган. Израил армиясынын аба чабуулдарынан жана жердеги операциясынан улам анклавда саламаттык сактоо системасынын иши начарлады, таза суу жетишсиз, карапайым тургундар топтолуп, жер төлөдө баш калкалоого аргасыз.

Бириккен Улуттар Уюму бир гана Рафах өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам киргизүү жетишсиз болуп жатканын билдирип, Газа тилкесинде ачарчылык башталышы мүмкүн экенин эскертти.

ЦАХАЛ: Газа тилкесиндеги операциянын экинчи баскычына кириштик

Ал арада Израил армиясы Газа шаарынын батыш бөлүгүн толук өз карамагына алып, эми тилкедеги операциянын кийинки баскычына өтүп жатканын коргоо министри Йоав Галант билдирди:

"Өткөн суткада биз Газа шаарынын батыш бөлүгүн тазалап, өз карамагыбызга алууну аяктадык. Кийинки баскыч башталды, биз ага кириштик. Армиябыз күчтүү чалгындын колдоосу менен абадагы күчтөрдү координациялоо аркылуу чечкиндүү кадамдарды жасап жатат".

Йоав Галлант аскерлери Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасын тинтүүдө "маанилүү табылгаларды" аныктаганын белгилеп, бирок кеп эмне жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

Буга чейин израилдик аскерлер аталган оорукананын имараттарынын биринде табылган курал-жаракты көргөзгөн.

Бирок комплексте АКШ менен Евробиримдикте "террордук" деп таанылган ХАМАС радикал тобунун командалык борбору жайгашканы тууралуу далил бериле элек. Жоочулар жана оорукананын кызматкерлери ал жерде командалык пункт жок экенин айтып келет.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху америкалык CBS телеканалына курган маегинде Израил Газа тилкесиндеги карапайым тургундардын арасында жоготууларды азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты.

ЦАХАЛ ХАМАС радикал тобун жай тургундарды тирүү калкан катары колдонуп жатканы үчүн айыптап келет.

ХАМАСтын жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 240тай кишини барымтага алган. Арасында ондогон балдар бар. ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөй киши өлгөнүн маалымдалган.

Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500ү балдар.

12:18 17.11.2023

Израилдин аскерлери 7-октябрда ХАМАС куралдуу тобунун (АКШ менен Европада террордук деп табылган) согушкерлери кармап кеткен 65 жаштагы Йегудит Вайстын сөөгүн Газа тилкесинен табышканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү Ас-Шифа ооруканасына жакын имараттан табылган. Анын күйөөсүн согушкерлер кол салган күнү эле өлтүрүшкөн.

Маркумдун сөөгү Израилге жеткирилди, анын өлүмүнүн себеби тууралуу маалымат жок. Израилдик басылмалар үч ай мурда Вайс онкологиялык ооруга чалдыгып, дарыланууга муктаж болгонун жазып чыгышты.

ХАМАС куралдуу тобунун колунда 240ка чамалуу адам барымтада турат, ичинде ондогон балдар бар.

Израил бийлиги барымтадагыларды алмаштыруу боюнча ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалды. The Washington Post өз булактарына таянып, радикал топтун өкүлдөрү Израилдин сунушуна макулдугун, жыйынтыгында 50 чакты аялдар менен балдар бошотуларын жазды.

23:55 16.11.2023

Израилдин куралдуу күчтөрү палестиналыктарга Газанын түштүгүндөгү айрым жерлерден чыгып кетүүнү эскерткен баракчаларды таштаганын жергиликтүү тургундар 16-ноябрда айтып беришти. Ассошиэйтед Пресс агенттиги бул – ЦАХАЛ жүз миңдеген киши ооп кеткен аймакка да чабуул коюуну көздөп жатат дегенди туюндурушу мүмкүн деп жазды. Гуманитардык кызматкерлер БУУ түзгөн башкалкалоочу жайлар анклавдын түндүгүнөн түштүк аймакка агылган карапайым газалыктарга толуп калганын айтып жатышат.

Ал арада израилдик аскерлер Газадагы эң ири Аш-Шифа ооруканасында операциясын улантып, имараттардын биринде табылган курал-жаракты көргөздү. Бирок комплексте ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобунун командалык борбору жайгашканы тууралуу далил бере элек. Согушкерлер жана оорукананын кызматкерлери ал жерде командалык пункт жок экенин айтып келишет.

ХАМАС радикал тобунун көзөмөлүндөгү Газанын Саламаттык сактоо министрлиги израилдик бульдозерлер оорукананын бир тарабындагы кире беришти сүрдүрүп салганын билдирди.

Human Rights Watch эл аралык коргоо уюму Аш-Шифада табылган куралдын сүрөттөрү оорукананы согуш мыйзамдарына ылайык корголгон жай деген макамынан ажыратууга негиз бербейт деп билдирди.

Уюм ооруканалар эл аралык гуманитардык укукта өзгөчө корголорун эске салды.

Ал арада Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газада инфекциялык илдеттер жайылышы жана ачарчылык болушу ыктымал экенин Жакынкы Чыгышка барып кайткандан кийин эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG