АКШнын каржы министри Скотт Бессент Тегеранга басымды күчөтүүгө багытталган жаңы чараларды жарыялап, Кошмо Штаттар «Ирандын дүйнө жүзүндөгү каржылык байланыштарына каршы экономикалык чабуулду баштап жатканын» билдирди.
«Биздин максат - Тегеран жалгыз калганга чейин, бул зомбулук режимин колдоп турган бардык экономикалык байланыштарды үзүү», – деди Бессент 24-августтагы маалымат жыйынында.
Андан мурдараак ал жана президент Дональд Трамп «экономикалык кыямат күнү» болорун эскертишкен эле.
Бул билдирүү АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан дээрлик алты ай өткөн соң айтылды. Согуш дүйнөлүк рынокторго олуттуу таасир этип, Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңунан мунай жеткирүүгө бөгөт койгон.
Бессент АКШ Ирандан келип чыккан коркунучту жөн гана «көзөмөлдөбөстөн», аны «жок кыларын» айтты. Ошондой эле Кошмо Штаттар Иран режиминин мыйзамсыз кирешесинин бардык булактарына каршы чечкиндүү чара көрөрүн белгиледи.
Анын айтымында, Трамп дүйнө лидерлери менен жеке сүйлөшүп, конкреттүү өтүнүчтөрдү коюуда. Ошондой эле ар бир өлкөгө «Иран менен байланышкан ишмердүүлүктү токтотуу» үчүн белгилүү мөөнөт берилет.
Бессент так мөөнөттөрдү атаган жок, бирок: «Биздин колубуздагы убакыт чексиз эмес», – деди.
Ал АКШнын Каржы министрлиги «Иран мунай аткезчилигин жүргүзүү, санкцияларды кыйгап өтүү жана терроризмди каржылоо үчүн пайдаланып келген тармактардын, ортомчулардын жана каржылык каналдардын картасы түзүлгөнүн» билдирди. Анын сөзүнө караганда, АКШ режимдин мыйзамсыз кирешелеринин ар кандай булагына каршы аёосуз күрөш жүргүзөт.
АКШнын Каржы министрлиги Иран экономикасын колдоо үчүн колдонуп келген беш негизги тармакты аныктаганын маалымдады. Алар: санариптик активдер, технологиялар, алтын, авиация жана кеме ташуу. Ошондой эле дээрлик 60 уюмга, жеке адамга жана кемеге каршы жаңы санкциялар киргизилери айтылды.
Өткөн аптада Бессент жаңы чаралар тууралуу кыйытып айтып, АКШнын Ирандын портторуна киргизген блокадасы жана, анын сөзү менен айтканда, «тарыхтагы эң катаал санкциялар» Иранга каршы жаңы аскердик операцияларды жүргүзүү зарылдыгын азайтат деп билдирген.
Бирок коргоо министри Пит Хегсет аскердик күч колдонуу мүмкүндүгү толугу менен четке кагылбаганын баса белгилеген.
«Биз Ормуз кысыгында же Ирандын айланасында сокку уруу ыктымалдыгын эч качан четке какпайбыз», – деген ал журналисттерге.
Аймакта жапырт чабуулдар токтогон, бирок түрдүү форматта улам жүргүзүлүп жатканы тууралуу сүйлөшүүлөрдөн так майнап чыга элек. Согушка чейин дүйнөлүк базардагы мунайдын 20 пайызы өтүп турган Ормуз кысыгын кайра ачуу же Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу көп жылдык талашты жөнгө салуу боюнча азырынча жыйынтык жок.
АКШ Кытайды Ирандын мунайын сатып алууну улантканы үчүн жоопко тартабы деген суроого Бессент:
«Биз бардык тараптар Ормуз кысыгынын ишинин кайра жанданышына жана энергиянын баасынын төмөндөшүнө кызыкдар экенине ишенебиз. Кытай энергиясынын 50 пайызын Перс булуңундагы өлкөлөрдөн алат экенин унутпагыла. Ошондуктан бул программага кошулуу алар үчүн пайдалуу болмок», – деп жооп берди.
24-августта Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь:
«Санкциялар менен басым көрсөтүү көйгөйдү чечпейт. Тескерисинче, чыңалууну күчөтүп, кырдаалды ого бетер курчутат. Бул эч бир тараптын кызыкчылыгына жооп бербейт», – деп билдирди.
China Daily басылмасы келтирген маалыматка ылайык, Линь тараптарды мүмкүн болушунча тезирээк диалогду кайра баштоого, саясий жөнгө салууга чакырган. АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Вашингтондогу жолугушуусу сентябрдын аягына белгиленүүдө.
Өткөн аптада CNBC телеканалына курган маегинде Иран боюнча жаңы чаралар тууралуу сөз кылган Бессент:
«Биз бул режимди кыйратабыз», – деген.
Ал эми Трамп 24-августта социалдык тармактагы билдирүүсүндө:
«Иран толугу менен кыйрап жатат», – деп жазды.
Ирандын экономика министри Али Маданизаде мамлекеттик телеканалга курган маегинде Тегеран АКШнын жаңы чараларын күтүп жатканын жана «бул окуяларды жөнгө салууга багытталган эки жылдык планы даяр» экенин айтты.
«Алар иран элинин жана өлкө жетекчилеринин чечкиндүүлүгүн сыноо үчүн колунан келгендин баарын жасап келишти. Бирок бир да жолу ийгиликке жете алышкан жок. Сыягы, дагы бир жолу жеңилгиси келип жаткандай», – деди министр.
Ошол эле учурда Ирандын экономикасында көйгөйлөр уланып жатканын көрсөткөн белги 24-августта байкалды - ачык валюта рыногунда иран риалынын АКШ долларына карата курсу тарыхый эң төмөнкү деңгээлге түштү.
Венадагы Эл аралык экономикалык изилдөөлөр институтунун улук экономисти Мехди Годси санкциялар Вашингтон күткөн саясий натыйжаны бербеши мүмкүн экенин белгиледи.
«Өкмөт сыртынан көрүнгөндөн алда канча өжөр», – деди Годси «Эркин Европа/Азаттык радиосуна» курган маегинде.
Анын айтымында, согуш режимдин көптөгөн лидерлеринин өмүрүн алып, инфраструктурасынын олуттуу бөлүгүн талкалаганына карабастан бийлик мурдагы позициясынан тайбай келет.
«Өлкө кыйроого алып бара турган багытта кетип баратат», – деди ал. Бирок ошол эле учурда:
«Өлкөнү башкарып жаткандар үчүн анын кайсы жакка баратканы анча деле маанилүү эмес окшойт», – деп кошумчалады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент Вашингтон Тегеранга каршы “тарыхтагы эң катаал санкцияларды” киргизерин билдирди. Анын айтымында, экономикалык басымды күчөтүү Иранга каршы жакын арада кеңири масштабдагы аскердик операциялар болбой турганын айгинелейт.
“Бул кош сокку болот. Бизде [Ирандын портторуна карата] блокада бар жана тарыхтагы эң катаал санкцияларды киргизебиз. Бул Иранга таасир этет жана биз бул режимди кулатабыз”, – деди Бессент CNBC телеканалына курган маегинде.
Анын билдирүүсү президент Дональд Трамп Иранга каршы “ири масштабдагы экономикалык согуш жана изоляция” жарыялай турганын жарыялагандан бир күн өткөн соң айтылды. Трамп ошондой эле Иранды колдогон бардык өлкөлөр оңой эмес экономикалык кесепеттерге туш болорун эскерткен.
АКШ президенти Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына Иранга кимде ким каржылык институттары, ишканалары, аэропорттору же мамлекеттик түзүмдөрү аркылуу кандай гана жардам көрсөтпөсүн, катуу экономикалык чараларга кабылат деп жазган.
Бессенттин айтымында, бул дүйнө тарыхындагы эң ири координацияланган экономикалык изоляция болушу мүмкүн. Ал АКШ өнөктөштөрүнө “же биз мененсиңер, же бизге каршысыңар” деген тартип коюларын белгиледи.
Азырынча Трамп да, Бессент да жаңы санкциялардын чоо-жайы боюнча кеңири маалымат берише элек.
Ошол эле учурда дүйнөлүк мунай баасы өсүп жаткан шартта Бессент экономикалык басым күчөгөн сайын Иранга каршы кеңири аскердик аракеттердин зарылдыгы азайышы мүмкүн деп эсептей турганын айтты.
Бул аптада АКШ менен Ирандын ортосунда июнь айында түзүлгөн меморандумда каралган 60 күндүк сүйлөшүү мөөнөтү аяктады. Вашингтон Тегеранды июль айында Ормуз кысыгындагы бейтарап соода кемелерине кол салуу менен келишимди бузду деп айыптап келет.
АКШнын жана Израилдин Иранга каршы аскердик операциялары быйыл 28-февралда башталган. АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берилбей турганын кайталап келет. Тегеран өзөктүк программасы тынч гана максатты көздөрүн билдирүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп 30-июлда анын администрациясы жаңыдан түзгөн Тынчтык кеңеши Газа секторундагы ХАМАСты жана башка куралдуу топторду толук куралсыздандыруу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады. Ал муну Израил аскерлеринин аймактан чыгышына жана жаңы палестин администрациясын түзүүгө жол ачышы мүмкүн болгон бурулуш окуя катары баалады.
Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасында бул келишимди «Газаны жаңы палестин өкмөтү башкаруусуна карай маанилүү кадам» деп атады. Анын айтымында, жаңы өкмөт Тынчтык кеңеши менен тыгыз кызматташат, ал эми Израил куралсыздандыруу процесси жыйынтыкталган сайын Газа секторунан аскерлерин чыгарат.
«Бул келишим Газаны акыры жаңы палестин өкмөтү башкаруусуна өткөрүү жолундагы өтө маанилүү кадам болуп саналат. Ал өкмөт Тынчтык кеңеши менен тыгыз иш алып барат», — деп жазды Трамп.
Ал ошондой эле Газа мындан ары Израилге каршы чабуулдар үчүн плацдарм катары колдонулбай турганын белгиледи.
Эгер бул сунуш ишке ашса, согуштан кийинки Газа секторун башкаруу системасын өзгөртүү аракеттеринде олуттуу бурулуш жаралышы мүмкүн.
Кошмо Штаттар жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган ХАМАСтын жооптуу өкүлдөрү АКШ менен макулдашуу жетишилгенин ырасташты.
Аймактагы чыңалууну мындан ары азайтуунун негизги шарты катары ХАМАСтын куралсыздануусун талап кылып келген Израил азырынча комментарий бере элек.
Палестинанын ХАМАС тобу быйыл 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялаган. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөрү маалымдалган.
2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды. Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, эки жылда 71 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.
Америкалык аскерлер Ирандын объектилерине чабуулдарын күчөтүп, негизги көпүрөлөргө, темир жолдорго жана аэропортко сокку урганы кабарланууда. Бул, Ак үйдүн сүйлөшүүлөр уланып жана дипломатия ылайыктуу вариант бойдон калып жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан, Тегерандын жооп кайтаруусуна алып келди.
Иран убактысы боюнча саат 21:30да "Америкалык күчтөр Иранга алтынчы түнү да катары менен жаңы соккуларан баштады, максаты ирандык аскердик кубаттуулукту андан ары алсыздандыруу", - деп АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 16-июлдагы маалыматында билдирди.
Бир нече сааттан кийин АКШнын Борбордук командачылыгы миссия "ийгиликтүү" аяктаганын жана "ондогон" ирандык аскердик объектилерге сокку урулганын кабарлады.
"Америкалык аскерлер, анын ичинде кыргын салуучу учактар, учкучсуз учактар жана аскердик кемелер Ирандын жээк күзөтү жана абадан коргонуу объектилерине, аскердик-логистикалык инфраструктурасына жана деңиз объектилерине жогорку тактыктагы ок-дарыларды колдонушту", - деп айтылды билдирүүдө. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт "акыркы күндөрү жасалган соккулардын себеби Ирандын биз менен түзгөн өз ара түшүнүшүү меморандумун бузганы болду" деди.
Ирандын мамлекеттик Press TV телеканалы жарандык объектилер зыянга учураганын, мисалы, Хормозган провинциясында үч көпүрө жарактан чыкканын кабарлады.
Кувейт, Бахрейн жана Катар 17-июлга караган түнү ракета жана дрон соккулары болгонун билдиришти. Маалыматтарга караганда, бул чабуулдар АКШ Ирандын түштүгүндөгү объектилерди алты күндөн бери аткылап жатканына карата Тегерандын жообу болушу мүмкүн.
АКШ менен Иран 17-июнда согушту токтотуу жана Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Бирок 25-июнда ирандык жанкечти дрон Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан жарандык танкерге чабуул жасаган. Буга жооп катары АКШ Ирандын аймагына бир нече сокку урган.
8-июлда Анкарада өткөн НАТО саммитинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.
Ал эми 13-июлда АКШ Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алганын айткан. Кийинчерээк Трамп Тегеран кепке келбесе, Ирандагы электр станцияларына жана көпүрөлөргө чабуул коюлушу мүмкүн экенин эскерткен.
АКШ Иран өзүнүн өзөктүк программасын чектеши керек деп эсептейт, Иран бийлиги болсо бул программасы жай турмуш максаттарын көздөгөнүн кайталап келет.
Шерине