Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Иранда өкмөттү колдогондор да жүрүшкө чыкты


Ирандагы өкмөттү колдогон акциялардын бири. 3-январь, 2018-жыл.
Ирандагы өкмөттү колдогон акциялардын бири. 3-январь, 2018-жыл.

3-январда Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон акциялар өттү. 28-декабрдан бери өлкөнүн ондогон шаар-кыштактарында өкмөткө каршы демонстрацияларда эки киши каза болуп, 450дөй киши кармалган. Европа жана АКШ лидерлери Иран бийлигин көчөдөгү элге зомбулук көрсөтүүдөн алыс болууга чакырып келет.

Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдоп, миңдеген адамдар көчө жүрүшүнө чыгышты. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары 3-январда Ирандын желегин жана өкмөттү жактаган жазууларды көтөргөн демонстранттардын жүрүшүн түз алып көрсөтүштү. Мындай акциялар Ирандын Ахвас, Керманшах жана Горган шаарларында өткөнү белгилүү болду.

Өкмөттү колдогон акциялардын бири.
Өкмөттү колдогон акциялардын бири.

Өкмөттү колдогон бул митингдер Ирандын бир катар аймактарындагы бийликти сындаган нааразылык акцияларынын алтынчы күнүндө өтүп жатат.

28-декабрда Мешхед шаарында азык-түлүк бааларынын кымбатташына жана экономикалык кыйынчылыктарга нааразылык билдирүү максатында өткөн демонстрациялар тез эле Ирандын ондогон ири жана чакан шаарларына жайылып, аларда "Диктаторго өлүм!" деген сыяктуу саясий чакырыктар да айтылган.

Демонстранттар менен полициянын кагылышынан кеминде 22 адам мерт болуп, 450гө чукул киши кармалды. Шаршемби күнү өкмөткө каршы акциялар мурдагыдан басаңдап калганы кабарланды.

Европа Биримдиги, АКШ Ирандагы демонстранттардын өлүмүнө тынчсыздануусун билдирип, Тегеранды тынч митингчилерге өз оюн эркин билдирүүгө уруксат берүүгө чакырды.

Ал ортодо Иран менен АКШнын дипломатиялык кайым айтышуусу уланууда.

Ирандын жогорку руханий жолбашчысы Аятолла Али Хаменеи демонстрацияларга байланыштуу өлкөнүн "сырткы душмандарын" айыптады. Ал демонстрациялар тышкы күчтөрдүн “акчасы, куралы, саясий жана чалгындоо кызматтары” аркылуу уюшулуп жатканына басым жасады.

Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеи жыйын өткөрүп жаткан учур. 2-январь, 2018-жыл.
Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеи жыйын өткөрүп жаткан учур. 2-январь, 2018-жыл.

Ал эми “душмандар өч алып жатат” деген Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдө айрым көйгөйлүү маселелер бар экенин моюнга алып, “азыркы башалмандыктар - аларды чечиш үчүн мүмкүнчүлүк” деп элди жоошутууга аракет кылды.

АКШнын президенти Доналд Трамп болсо, Ирандагы абалга кайрылып, "Твиттерде" “каардуу жана коррупцияга малынган иран режими урап түштү” деп жазды.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли демонстранттардын чечкиндүүлүгүн жогору баалап, Ирандын бийлигинин “тышкы күчтөр” жөнүндө айткандарын четке какты. Хейли Иранды "чындыкты айткан адамдарын өлтүргөн узак тарыхы бар өлкө” деп атады.

- Эми Ирандагы диктатура мурункудай эле кадамга барып жатат. Алар "нааразылык акцияларын Ирандын душмандары уюштурууда" деп айыптап жаткан кези. Мунун баары акылга сыйбаган иш. Демонстрациялар башаламан уюшулуп, Ирандын ар башка шаарларында өтүп жатат. Бул узакка эзилген элин диктаторлорго каршы күрөшү.

Никки Хейли.
Никки Хейли.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жооп иретинде ирандыктар тынч митинг өткөрүүгө болгон укуктарын колдонуп жатышканын, ал эми Вашингтон колдогон Жакынкы Чыгышта мындай эркиндик жок экенин "Твиттерде" жазды.

Европа лидерлери болсо Иран бийлигин зомбулуктан алыс болууга чакырып жатат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран президенти Хасан Роухани менен телефон сүйлөшүүсүндө митингчилерге “сабырдуулук жана тынчтык жолдору аркылуу” мамиле кылууга үндөдү. Ал эми Роухани Макронду Париждеги “Мужахид-э-халк” деген ирандык оппозиционерлердин тобуна карата чара көрүүнү суранган. Иран президенти аларды "Францияда отуруп алып, Ирандагы көчө акцияларына шыкак берип жатат" деп күнөөлөп келет.

Ошол эле учурда Ирандагы "Каршылык көрсөтүү тобу" бийликти нааразылык акцияларына карата чабалдыгы үчүн айыптап жатат. "Диний жоочулардын бирлиги" “козголоңчулар демонстрацияны өз кызыкчылыгында колдонушту” деген билдирүү таркатты.

Иран президенти Хасан Роухани “элдик нааразылыкты жараткан көйгөйлөр чечилбей келгендигин” моюнга алганы менен көчөгө наарызылык билдирип чыккандарды катаалдык менен токтотууга даяр экенин кошумчалады. Чалгындоо министрлиги “козголоңчулар менен шыкакчылар” аныкталганын, аларга жакынкы арада тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди.

Ирандагы нааразылык акцияларынан бир көрүнүш:
Ирандагы башаламандыкта өлгөндөрдүн саны өсүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Вашингтон ал арада Иранда өкмөттүк коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууларда каза болгон демонстранттардын өлүмү боюнча Тегеранды айыптоо максатында БУУнун Коопсуздук кеңеши менен Адам укуктары боюнча кеңештин чукул жыйындарын чакырууга аракет кыла баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG