Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Иранда нааразылык акциялары уланып жатат


Ирандагы нааразылык акциясы. Тегеран. 12-январь, 2019-жыл.
Ирандагы нааразылык акциясы. Тегеран. 12-январь, 2019-жыл.

Иранда үч күндөн бери украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланып жатат. 13-январда Шариф атындагы Тегеран технологиялык университетинин жана Амир Кабир университетинин алдында нааразылык митингдери өттү. Интернетте жарыяланган видеолордо алар Ирандын бийлигин, анын ичинде жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеини сындап жатышканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеолордон полиция жана күч түзүмдөрү демонстранттарга каршы ок чыгарып, көздөн жаш чыгарчу газ чачып жатканы да чагылдырылган. Бийлик нааразылык акциясына каршы күч колдонгону тууралуу маалыматтарды четке кагып жатат.

Тегерандан Киевге багыт алган «Украина эл аралык аба жолдоруна» таандык учак 8-январдын таңында кулап түшкөн. Ичиндеги 176 адамдын баары курман болгон. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты «кокусунан» атып алганын мойнуна алган. Кырсык Тегеран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан базаларды аткылагандан бир нече сааттан кийин болгон.

XS
SM
MD
LG