Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Иранда Британиянын элчилиги кайрадан ачылды


Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммон жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф. Тегеран, август, 2015.
Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммон жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф. Тегеран, август, 2015.

Ирандын борбору Тегеранда мындан төрт жыл мурда жабылган Британиянын элчилиги жекшембиден тарта кайрадан иштей баштады.

Ушул эле күнү Британия Ирандын Борбордук банкы менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Британия Ирандын Борбордук банкы менен иштешүүгө даяр экенин британ тышкы иштер министри Филипп Хаммонд Тегеранда, Ирандын Борбордук банкынын башчысы Валиоллах Сейф менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал Иран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосундагы июлда жетишилген келишимге ылайык, бардык санкциялар алынары менен Британиянын банктары жана өндүрүш ишканалары Тегеранга кирүүгө даяр экенин ачыкка чыгарды. Ошентсе да Хаммонд мунун бардыгы тиешелүү эрежелерге ылайык болорун эскертти.

Өз кезегинде В. Сейф Иран менен Британия ортосундагы буга чейинки жылуу мамилени эске салып, эки тарап мындан ары да ошол нукта иштей берерин кошумчалады.

Ушул эле күнү Британиянын тышкы иштер министри Тегеранда төрт жыл мурда жабылган Британия элчилигинин ачылыш салтанатына катышты. Ирандын борборунда Британия туусу көтөрүлгөн соң, Хаммонд мындай деп сүйлөдү:

- Мен бул жерде болгонума кубанычтамын. 2003-жылы экс-министр Жек Стродон кийин Иранга келген биринчи тышкы иштер министримин. 1979-жылдан бери бул өлкөгө биздин өлкөнүн үч эле министри келген экен. Бүгүнкү салтанат эки өлкө ортосундагы мамиленин бир этабынын аякташын жана экинчисинин башталышын көрсөтөт. Бул этапта көптөгөн ийгиликтер күтүп турарына ишенем, -деп кошумчалады.

Ал арада Ирандын ИРНА агенттиги 23-августа Ирандын элчилиги Лондондо өз ишин кайра улантканын маалымдады.

2011-жылы Тегеранда Батыштын Иранга санкция киргизгенине нааразылык билдирип, демонстрацияга чыккандар Британиянын элчилигине чабуул жасап, кирип барышкан. Элчиликтин имаратынын ичинде ошол күндөрдө калган жазуулар дагы эле сакталуу бойдон турат. Ханыша Елизавета экинчинин сүрөтүндө “Англияга өлүм” деген жазууну окуса болот.

Демонстранттар Британиянын элчилигине чабуул коюшту. 2011-жыл, Тегеран.
Демонстранттар Британиянын элчилигине чабуул коюшту. 2011-жыл, Тегеран.

Британия анда Ирандын Лондондогу элчилигин жапкан эмес, бирок дипломаттарын чыгарууга мажбур болгон.

Азырынча элчинин милдетин убактылуу аткаруучу адамдар ишти жөндөшүүдө, жакынкы айларда элчилер макулдашылып дайындалмакчы.

Ал арада 23-августта Тегерандагы Британия элчилигинин алдында ондогон адам нааразылык билдирип, каршы сөздөрдү кыйкырып турушту. Алардын бир нечесин полиция кармап кеткенин ИРНА агенттиги кабарлады.

Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммад Зариф менен болгон биргелешкен маалымат жыйында Хаммонд,

- Иран аймактагы эң маанилүү өлкө. Ирандын туруксуз, ошол эле маалда стратегиялык жактан маанилүү чөлкөмдө стабилдүүлүк үчүн жоопкер болгону көпчүлүк өлкөлөрдүн кызыкчылыгына төп келет, -деп билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммонд жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф.
Британиянын тышкы иштер министри Филипп Хаммонд жана Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф.

Ал арада Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммад Зариф,

- Иран бардык коңшулары менен кайсы бирине артыкчылык бербей кызматташууга даяр. Биздин чөлкөмдө эч качан эч кандай бөлүнүү болбошу керек, анткени бардыгыбыздын көйгөйлөрүбүз бир. Биздин чөлкөмдөгү элдин жашоосун жакшыртканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мына ошондон улам, Иран эски көз караштарды артта калтырып, жаңы кызматташууну баштоону көздөйт, - деп билдирди.

Хаммонд Ирандын президенти Хасан Роухани менен 24-августта жолугушат.

Эки өлкө ортосундагы мамиле ушул жылдын июль айында Иран менен дүйнөнүн алты державасы: АКШ, Германия, Франция, Британия, Кытай жана Орусиянын ортосундагы Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишим макулдашылган соң жаңыланууда. Келишимге ылайык, Иранга карата буга чейин кабыл алынган санкциялар акырындан жоюла бермекчи.

Ал эми Тегеран уран байытуу программасын чектеп, эл аралык инспекторлорду Иранга киргизүүгө макулдугун берген.

XS
SM
MD
LG