Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Иран дүйнөлүк державаларга убакыт чектеди


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Расмий Тегеран жакын арада өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартаарын эскертти. АКШ Ирандын мындай билдирүүсүн "шантаж" деп атады.

Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин басма сөз өкүлү 17-июнда Тегерандын өзөктүк келишимине кол койгон дүйнөлүк державаларга эскертүү берди.

Бехруз Камалвандинин айтымында, жакында Тегеран 2015-жылкы бул келишимдин айрым шарттарын аткарууну токтотот.

Тагыраагы, Тегеран он күндөн кийин же 27-июнда байытылган урандын резервине коюлган 300 килограммдык чекти көбөйтөт.

"Европалыктардын дагы бир аз убактысы калды. Алардын толук бир жылы бар эле. Бул мөөнөттү биз "стратегиялык сабырдуулук жылы" деп мүнөздөп койгонбуз. Алардын бир жыл өткөндөн кийин дагы эки айы бар эле. Биз мындай демилгесиз жагдайды эки жол менен гана чечмелей алабыз. Биринчиси, алар кандайдыр бир кадам таштагысы келбей жатат. Экинчиси, алар бир нерсе кылалы десе да, кайсы бир себептерден улам аны кыла албай жатышат", - деп билдирди Камалванди.

Ирандын Соруш мунай кени.
Ирандын Соруш мунай кени.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасынын - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германиянын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкцияларды алуу каралган.

Былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, бул кадамынын себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын көрсөткөн. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатканын билдирип, АКШнын андан бир тараптуу чыкканын сынга алып келет. Быйыл май айында Тегеран келишимдин алкагындагы айрым милдеттемелерге баш ийбей турганын эскерткен.

17-июнда Ирандын президенти Хасан Роухани Франциянын Тегерандагы элчисин кабыл алып жатып, дүйнө өлкөлөрүн өзөктүк келишимди сактап калууга чакырды.

Бирок АКШ Ирандын мындай эскертүүлөрүн "өзөктүк шантаж" деп атады. Ак үйдүн Коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Гаррет Маркис 17-июндагы билдирүүсүндө Тегеранга "эл аралык басым" жасалышы керек экенин белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иранды сабырдуу болууга үндөдү:

"Албетте, Ирандын бүгүнкү билдирүүсү өкүнүчтүү. Бирок Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Иран милдеттемелерин аткарып жатканын баса белгилеген. Мен Иранды сабырдуу жана жоопкерчиликтүү иш-аракетин улантууга чакырам. Эскалациянын бардык түрү туура багыт эмес, ал Ирандын өзүнө жана эл аралык коомчулукка жардам бербейт", - деди Макрон.

Оман булуңунда чабуулга кабылган кемелердин бири, 13-июнь 2019-жыл.
Оман булуңунда чабуулга кабылган кемелердин бири, 13-июнь 2019-жыл.

Быйыл жазда АКШнын бир нече өлкөгө Ирандан мунай алууга берилген айрым жеңилдиктерин токтотушу Тегеран менен Вашингтондун алакасын ого бетер курчуткан. Пентагон Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөргө коркунуч жаратып жатканын жүйө келтирип, аймактагы аскердик кудуретин күчтөндүргөн.

Май айында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваторияда төрт кеме "диверсиялык чабуулга" кабылган белгилүү болгон. Аны улай 13-июнда Оман булуңунда да Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелери мина чабуулуна кабылган эле.

АКШнын расмий өкүлдөрү бул окуялар боюнча Иранды айыптаса, Тегеран кеме чабуулдарына тиешеси жок экенин билдирип жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG