Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Иран: элдин сыны күйөө баланы иштен алды


Камбиз Мехдизаде.
Камбиз Мехдизаде.

Ирандын президенти Хасан Роуханинин 33 жаштагы күйөө баласы коомчулуктун басымы астында өкмөттүк кызматтан баш тартууга аргасыз болду. Президент Роуханинин кызына үйлөнгөнүнө жарым жыл боло элек жаш адис жооптуу ишке дайындалганына эки гана күн болгон.

33 жаштагы Камбиз Мехдизаде Иран президенти Хасан Роуханинин кызына үйлөнгөнү тууралуу кабарлар тараганына төрт айдай болгон. Эки күн мурда дайындалган жооптуу ишинен кетүүгө аргасыз болгонун жазган катында ал Өнөр жай жана табигый кендер министрине жогорку ишеним көрсөткөнүнө терең ыраазычылыгын билдирип, Геологиялык изилдөөлөр департамент башчылыгынан бошонуп, келечекте жалаң илимий иштер менен алектенүүнү чечкенин жазган.

Декабрдын кап ортосунда бул ишке дайындалган жаш адис Камбиз Мехдизаде президент Роуханинин кара чечекей күйөө баласы экени белгилүү болор замат, коомчулукта анын кесиптик даярдыгы, квалификациясы Геологиялык изилдөө иштерин жетектөөгө жарайбы, же тууганчылык фактор башкы ролду ойноп кеттиби деген суроо кызуу талкууга алынган. Бул кызматта Мехдизаде Ирандын табигый кен байлыктарын чалгындаган чет элдик компаниялар менен да кызматташтыкты колго алышы керек эле.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти кызматында экинчи мөөнөт иштеп жаткан реформист саясатчы саналган Хасан Роуханинин кадыр-баркына бул окуя бир аз көлөкө түшүргөнү талашсыз. Ал соңку кездери Иран өкмөтүндө бир топ жаңы дайындоолорду жүргүзүп, алардын көбү коррупция, тууганчылыкка катуу чырмалышкан тегерандык консерваторлорго тийип, экономикалык каатчылык, улуттук акчанын куну түшүп кеткенине нааразы карапайым калктын кыжырын ого бетер күчөткөндөй болгон.

Анысы кандай, соңку кездери ирандыктар Интернеттеги социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүнүн байманасы, ашып-ташкан жашоо-турмушун, кымбат баалуу оокат-жайларын сүрөт, видеого тартып сындаганы күч алды. Бирок август айында өткөн президент Роуханинин үч кызынын бири жана Мехдизаденин үйлөнүү тою тар чөйрөдө, ашыкча чыгымдарга жол берилбей, жөнөкөй өткөнү кабарланган.

Өнөр жай, табигый кендер жана бизнес министри Реза Рахмани Иран парламентинде президенттин күйөө баласы жооптуу ишке дайындалганы сындалганда, “бул жерде эч кандай үй-бүлөлүк маселе роль ойногон жок. Мехдизаденин резюмеси, күчтүү иш тажрыйбасы, жөндөм шыгы гана эске алынды” деп жооп берген.

Тегеранда чыгуучу башкы басылмалардын бири "Жомхури Эслами" гезити: “азыркыдай татаал учурда, эл кыйналып турганда, саясатчылардын жакын туугандарын кызматка дайындоо Иран ислам республикасына жана революцияга залакасын тийгизиши мүмкүн” деп эскертет. Президент Роухани андай иштерге барган министрлер менен жетекчилерди токтоосуз иштен бошотушу керек деп талап кылат басылма.

Эксперттер белгилегендей, АКШ 2015-жылкы келишимден баш тартып, Иранга каршы санкциялар кайра күчүнө киргени экономикага олуттуу зыян келтирип, жыл башынан бери Ирандык улуттук акчасы риалдын АКШ долларына карата катышы 75%га чейин арзандап, кыймылсыз мүлктүн баасы асмандап, быйылкы инфляция болжол менен 37%га айланат деп кабарланууда.

Ирандыктар бийлик өкүлдөрүнүн жакын туугандары чоң кызматка дайындалганын катуу сындаган учурлар буга чейин да болуп келген. Жакында өлкөнүн Пландоо жана бюджет уюмунун бөлүм башчылыгына белгилүү диниятчы Ахмад Хатаминин кол астындагы имамдын уулу дайындалганда да бул окуя катуу сынга кабылып, Тегерандагы жума намаз маалында Хатами өзү "жакын кесиптешинин 37 жаштагы уулун жумушка алып койгула деп бир да кишиге телефон чалып, же кат жазып суранбаганын" бир нече ирет кайталады.

Ушул жылдын башында ирандыктар социалдык тармактарда расмий адамдардын балдары жана башка жакын туугандары кандай кызматтарга дайындалып жатканын талдаган атайын өнөктүк да уюштурушту. Ал тизме азыр да толукталып, улам жаңы маалымат кошумчаланып жаткан кез.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG