Ага автордун кесиптештери, санаалаштары, китеп сүйүүчүлөр, адабиятчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана журналисттер катышты.
Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан бери карай жазылган чыгармалары кирген. Аларда совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болгон учуру, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Автор "Азаттыкка" кыргыз турмушу тууралуу маек курду.
"Азаттык": Жаңы жарык көргөн “Кыргызча жашоо бормулалары” аттуу китебиңизде доор алмашып жаткандагы кыргыздын жашоосун өзүңүздүн көргөн-билгениңизге таянып жазыптырсыз. Сиз каалаган кыргыздын жашоосу кандай?
Жумагулов: Кыргыз абдан уникалдуу эл. Сексенинчи жылдардын аягы, токсонунчу жылдардын башында кыргызда массалык арак ичүү башталган. Айылда келини кайнатасы менен кошулуп арак ичип калган күндөр болгон. Кытайлар атайын кыргызды жок кылуу үчүн арзан спирт ичимдиктерин жиберип жатат деген сөздөр дагы чыккан.
Советтер учурунда дагы элибиздин улуттук уникалдуулугун жоготуп, жалпы совет адамы кылууга аракет жасашкан. Бирок кыргыз жоголуп кеткен жок. Биз өзүбүздүн улуттук негизибизди сактап калдык. Ал эми кыргыздын жаңы образы кандай болот? Учурда жаңы образдагы кыргыздарды кездештирип эле жүрбөйбүзбү. Мисалы, башка мамлекеттерде иштеп, билим алып, бир нече тилди билген, ошону менен бирге эле "Манасты" дагы алып жүргөн, айылына жардам берип, пайдалуу иштерди кылып жүргөндөр көп. Менин көз карашым боюнча, заманбап кыргыз ушундай болушу керек. Чет элдин, батыштын, чыгыштын жалаң гана жакшы сапаттарын өзүбүзгө сиңирип алуубуз абзел. Бирок биз түпкү уңгубузду жоготпой сактап калышыбыз зарыл. Кудай тарабынан бизге гана берилген, башка элде жок бетке айтуу сыяктуу кээ бир сапаттарыбызды аздектеп калышыбыз керек деп ойлойм.
"Азаттык": Коомчулукта кыргыз интеллигенциясы али түптөлө элек дегендер бар. Сиздин пикириңиз боюнча интеллигенция түптөлдүбү?
Жумагулов: Биринчи кезекте совет учурунда интеллигенция болгон. Ал илимий-чыгармачыл интеллигенция деп аталган. Бирок ал интеллигенция совет бийлиги менен кетти. Ал эми кыргыздын биринчи интеллигенциясы Кыргыз мамлекетин түптөгөн адамдар.
Интеллигенция бул катмар. Бул өзү эле келе калбайт, убакыттын өтүшү менен келүүчү нерсе экен. Эми азыр интеллигенцияны такыр жок деп айтууга болбойт. Мунун мыкты түптөлүшү үчүн дагы күтүшүбүз керек. Бул көп убакыт өтүп, уюткуга айлана турган нерсе. Кыргыздын тарыхында ак сөөк деген болгон. Мына ушул сөз маданияттуу адам дегенди түшүндүргөн. Азыркы учурда деле айылдагы кээ бир аксакал кишилердин, апаларыбыздын өзүн алып жүргөнүн көрүп, ак сөөк тукумунан экен деп болжосо болот. Бүгүнкү күндө деле артыбыздан зыңкыйган кыргыздын өнүккөн жаштары өсүп келе жатат. Менин пикиримде таптакыр интеллигенцияны жок калды деп айтууга болбойт.
"Азаттык": Азыр социалдык тармактардан бир эле учурда жакшы, жашоого керектүү маалыматтарды алып жатабыз. Ал эми ошол эле учурда терс жагы да көп. Социалдык тармактарга, блоггингдерге кандай көз караштасыз?
Жумагулов: Азыр социалдык тармактар адамзатты жакшы жагына өзгөртөбү же жаман жагынабы деген маселе туулуп жатат. Муну негизи таразалап келгенде пайдалуу жактары көп. Мурда тандалуу гана адамдар пикирин билдире алчу. Азыр баары өзүнүн пикирин эркин билдире ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болду. Чыгармачылыкка жол ачылды десек болот. Дагы бир пайдасы элди башкарган чиновниктердин туура эмес жүрүш-туруштарын көзөмөлдөп калдык. Ал эми минус жагына токтолсом - адамдар жеке турмушунун эркиндигинен айрыла баштады.