Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

Кашмирдеги кагылышта Индия жоокерлеринен айрылды


Индиянын Кашмирдеги аскердик күчтөрү.
Индиянын Кашмирдеги аскердик күчтөрү.

Дүйшөмбүдө талаштуу Кашмир аймагындагы козголоңчулар менен кагылышта Индия үч жоокеринен айрылды. Андан бир күн мурдагы атышууда беш аскери мерт болгон.

Коронавирус пандемиясына карабастан акыркы айларда Индия Кашмирдеги жоочуларга каршы аскердик операцияларын күчөткөн. Өткөн айда каршы тараптан 22 кишини жок кылганы кабарланган.

Экөө тең ядролук куралга ээ деп эсептелген Пакистан менен Индия Гималай тоолорунда жайгашкан Кашмир аймагы үчүн узактан бери тирешип келет. 2019-жылдын августунан бери чыңалуу күчөгөн.

Индия алар менен кармашкан жоочуларды каржылайт деп Пакистанды айыптайт. Исламабад мындай кинени четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG