Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Индия Пакистанга ачууланды


Пакистан-Индия чегинен бир көрүнүш. 9-январь, 2012 -жыл.
Пакистан-Индия чегинен бир көрүнүш. 9-январь, 2012 -жыл.

Индия коңшусу Пакистанды эки жоокеринин өлүмү үчүн айыптоодо. Коңшуларды кайраштыруучу окуя кайрадан талаштуу Кашмир чөлкөмүндө болуп отурат.

Өзөктүк куралы бар, өз ара атаандаш эки өлкөнүн аскерлери Кашмирдеги чек ара тилкесинин жанынан акыркы үч күндө эки жолу кагылышкан. Бул талаштуу аймактагы кырдаалдын курчушу эки коңшунун саясий мамилелери жакшыра баштаган учурга туш келип олтурат.

Маселен 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарындагы террордук чабуулдардан бери алгачкы ирет Пакистан өзүнүн крикет командасын Индияга өткөн айда саякатка жөнөткөн.

Ага тушташ Пакистандын ички иштер министри Рахман Малик виза боюнча либералдаштырылган жаңы режимди жарыялоо максатында Индияга барган болчу. Ал Пакистан бийликтеринин кадамын “адамдар ортосундагы байланыш” кеңейишин колдоо деп түшүндүргөн. Андыктан Кашмирде аскерлердин атыша кетиши мына ушундай жараяндардын артынан болуп олтурат.

Индия тышкы иштер министри Салман Хуршид соңку инцидент
“олуттуу тынчсыздануу” жаратарын, бирок ал эки өлкөнүн алаканы
оңдоо аракеттерин ойрон кылышына жол бербөө зарылдыгын белгиледи:

- Эмне болгонуна карабай, ал эми кеңейип кетпегендиги абдан маанилүү. Биз бул кайгылуу окуя кырдаалды курчутушуна жол бере албайбыз жана бербешибиз абзел.

Ал эми Индиянын коргоо министри Араккапарамбила Куреан Энтони Пакистан армиясынын алардын эки жоокерине жасаган мамилесин кескин айыптады:

- Пакистан армиясынын аракеттери ашынган чагымчылдык. Индиянын өлгөн аскерлеринин сөөгүнө жасаган мамилеси адамкерчиликсиздик. Биз Пакистан өкмөтүнө нааразылык билдирүүбүздү улантабыз. Биз кырдаалга кылдат байкоо салып турабыз.

Индия басма сөзүнүн жазганына караганда, алардын шейшембиде пакистандыктардын огунан мерт болгон эки аскеринин биринин башы, экинчисинин кекиртеги кесилген экен.

Расмий нааразылык билдирүү үчүн Пакистандын Нью-Делидеги элчиси Индия тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Индия армиясынын өкүлдөрү чек арада каза тапкан кесипетештерине сый-урмат көрсөтүүдө. 9-январь, 2012-жыл.
Индия армиясынын өкүлдөрү чек арада каза тапкан кесипетештерине сый-урмат көрсөтүүдө. 9-январь, 2012-жыл.
Индия тараптын ырастоосунда, Пакистан жоокерлери алардын күзөттө жүргөн эки аскерин Кашмирди эки бөлгөн көзөмөл тилкесинин Индия тарабына бир нече жүз метр ичкери кирип туруп, атып салышкан.

Пакистан армиясынын расмий өкүлдөрү болсо Индия тараптын ырастоолорун төгүндөп, аны коомчулуук көңүлүн жекшембидеги окуядан алагды кылган “пропаганда” деп мүнөздөдү.

Шейшембидеги кан төгүүгө чейин Пакистан ушул жекшембиде Индия аскерлери алардын бекетине чек арадагы сызыктын жанынан кол салып, бир жоокерди мерт кылганын айтышкан.

Өзү 1947-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алгандан бери Индия менен Пакистан үч ирет согушуп, алардын экөөсү көбүнесе мусулмандар жашаган ушул Кашмир аймагы үчүн жүргөн.

Ал эми 2003-жылы тараптар Кашмирде 740 чакырымга созулган көзөмөл тилкесинде, де-факто чек арада ок атышууну токтотууну макуладашууга жетишкени менен ал утур-утур бузулуп келет.

2008-жылы Мумбай шарында 166 адамдын өмүрүн алган теракттардан кийин токтоп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн эки тарап былтыр эле кайра жандандырышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG