Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Азизбек Келдибеков: «Короз менен булбул» тамсили (Крыловду туурап)


«Азаттыктын» тамашакөй окурманы Азизбек Келдибеков “Күлкү кербенине” жаңы тамсилин сунуштайт.


Кайран Короз, өзү богооз.
Тооктордун баарын жалдап,
«Тооккананы» бүтүн алдап.
«Эркин Короздор» деген партия түзүптүр,
Каршы чыккандарды чокулап, тиштеп, сүзүптүр.

Партиясы өсүп кетпептир,
Өзү деле бийликке жетпептир.
Айласы кеткенде Чөө эсине түшөт,
Чөө менен биригип тандем түзөт.
Бирок бийлик экөөнүн тең өпкөсүн үзөт.

Чөө жыгылып бийликтин бутуна,
Короз чет өлкөгө кетет жутуна.
Чет өлкөдө жүргөндө Короз,
Бийлик алмашып.
Жаныбарлар парламентине келет,
Башка партияга жармашып.
Маалы келсе кыйкырып турам деп матап,
Парламентке салат чатак.
Кыйкыра турган
Жай таап бергиле деп оолугат.

Капысынан Булбулга жолугат:
«Мен кыйкырганды сүйөм", - дейт.
"А сенин барбы күйөөң?» - дейт.
«Күйөөм бар» - дейт булбул,
«Кыйкырбаган, атеист күйөө окшойт, кургур» -
Деп Булбулга сөз айтып далай богооз,
Чокулап жибергиси келет Короз.

Бийлик дегенде жутунган,
Бирок шарыятты тутунган.
Мандатына таянгандар бар,
Эл көзүнчө молдо болуп,
Эл жокто эрдин жалангандар бар.



Азизбек Келдибеков
(«Азаттыктын» окурманы).
XS
SM
MD
LG