Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Мурдагы төбөл жөнүндө азилдерден


Тоолуустандын мурдагы мамлекет башчысы бозгунга чыгып кетсе дагы, сүйүктүү төбөл жөнүндөгү азилдер эл оозунда кала берүүдө.


Гиннестин китебине ким түшөт?

Ал – сөзүндө бекем турган инсан.
Оболу элге аялы менен жакындарын бийликке эч жолотпойм деди. Андан соң бир туугандары көп экенин, мурдатан эле алар бийликке даярданып калганын айтты.
Оболу Баш прокурорду дайындады, кайра жардыгын жокко чыгарды, анан кайра жардыкты жокко чыгарган жардыкты жокко чыгарды.
Оболу коомдук сыналгы түзөм деди, анан жардыгы менен сыналгыга моюнтурук салып койду.
Алгач президенттиктен баш тартуу жөнүндө арызга кол койду. Анан чечкиндүүлүк кылып, өзүн дагы эле президент катары эсептээрин жарыялады.
Оболу аялдардын укугу тууралуу кооз сөз сүйлөдү, анан кайратынан жанбастан, бозгунга токолу менен кетти.
Оболу... анан...
Оболу... анан...
Айтор, Гиннес китеби ушундай эрдиктерди жүзөгө ашырган кишини издеп жүрөт. Сиздер андайды билесиздерби?

* * * * *

Уурдаганга да эчтеке жок

Алекс: - Куке, эми жакшылап эс алып алдыңыз. Эртең жакшылап уктап ойгонгон соң атажуртуңузга аттаныңыз.

Куке: - Анча эмне болуп кетти, Алекс дос?

Алекс: - Сен жөнүндө айтылып жаткан “ушак айыңдарга эч ишенбейбиз, кайра келсин, ачык сотто өзүн далилдесин” деп элиң чакырып жатат. Мен деле ушак-айыңдарга ишенбейм. Бизге өзүң менен чогуу келген жеткинчек уулуң кантип эле өлкөңдө миллиондорду мойсосун? Силерде уурдай тургандай деле эч нерсе жок го!

* * * * *

СМС деген бар да!

Бул өлкө өтө эле артта калган тура!
Мамлекет башчысы кызматтан кетээри тууралуу арызын тээ эски технология менен – факс аркылуу жөнөтүптүр.
Башка өнүккөн өлкөлөрдө СМС эле жиберип коюшмак.

(Ар кыл интернет барактардан алынды).

* * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG