Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

Юморалиссимустун сөзү – 1


Юморалиссимустун (Жаныбек Өмүралиевдин) тапан сөздөрүнөн бир шиңгил.

Кыргыздын чукугандай сөз тапкан тапандарынын бири – акын Жаныбек Өмүралиев.

Кесиптештери анын куйкум, учкул, тентек сөздөрүн көп колдонушса да, "ээси ким?" дегенде Юморалиссимусту көрсөтүп чыга беришет.
Ага Жаныбек капа деле болбойт. Берки юмордун генералиссимусун "колу туткактык кылды" деп эч күнөөлөбөйт. Анткени Юморалиссимус - Жаныбектин өзүнүн "азан чакырып коюп алган" адабий аты.



“Таанышың болсо танкасың, таанышың жокто – маңкасың”.

“Йа-а, Алла” дегенди балтиялыктар “Яак Йоалла” деп айтса деле болоор”.

“Ырыс алды - ынтымак, уруш алды - бир дурак”.

“Комплиментиңизге ыракмат” дегенди “Калп-эле-эметкениңизге ыракмат” деп которуп айтуу керек”.

"Айла жок, бирок, айлавью".

“Галустугу бар экен, калыстыгы жок экен”.


(Урматтуу окурман, бул кыскача тизмени Сиз да толуктай аласыздар).


* * * * *
XS
SM
MD
LG