Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Олланд: Армения ЕБ менен да, Орусия менен да кызматташа алат


ЕБ Армения менен "Москвага тоскоолдук кылбагандай" тыгызыраак кызматташтыкты каалайт.
ЕБ Армения менен "Москвага тоскоолдук кылбагандай" тыгызыраак кызматташтыкты каалайт.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Армениянын азыр Москва баштаган Бажы союзуна кирүү пландарына карабай, Евробиримдикти Ереван менен Ассоциация түзүү жолдорун табууга үндөдү.

Кечээ “Азаттыктын” армян кызматына сүйлөгөн сөзүндө Олланд азыр Еврошаркет “Армения үчүн атайын моделди кабыл алышы керек” деди.

Ошол эле маалда, Олланд азыр Брюссел менен Ереван бирге иштешип, ал кызматташтык курамына Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдиги мүчөлүк маселесине машакат кылбай тургандай жолду издеши керектигин кыйытты.

"Европа Армения менен ассоциация тууралуу келишимди кабыл алышы керек, ошол эле маалда, Ереван Орусия менен да соода келишимине кошула алат. Бул мен үчүн проблема эмес, - деди француз президенти. - Бир эле учурда эки жак менен кызматташууга болот, бирок ал соода биримдигине тоскоолдук кылбай тургандай түзүлүшүн камсыз кылган сценарийди иштешибиз керек".

Олланд Арменияга Бакуда азери президенти Илхам Алиев менен жолугушкандан кийин кечээ кечинде барган.

Бакуда ал Түштүк Кавказга сапарынын максатын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак регионунун айынан уланып келаткан жаңжалды, Грузиядан айрым республикалардын бөлүнүп кетишинин айланасындагы маселелерди талкуулоо аракети менен түшүндүрдү.

Француз президенти “ар бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн жана жер маселесинен чыккан конфликттерди аймактык бүтүндүк позициясынан чечилишин жактай турганын” айтты. Азербайжандагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Франсуа Олланд: "Биздин аракеттер жана менин Кавказга сапарым эч кимге каршы багытталган эмес, - деди. - Бул болгону Франция, Европа менен биздин көзкарандысыз өнөктөштөрүбүз ортосунда аларды түйшөлтүп жаткан окуялар боюнча кызматташтыгыбызды бекемдөөгө ыкласыбызды билдирет".

Олланд регионго сапары маалында бул өлкөлөрдүн лидерлери менен Украинадагы кризисти да талкуулап жатканын кошумчалады.

Бүгүн армян жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин француз президенти Грузияга жөнөп кетет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG