30 жылга жакын "Кыргызфильм" киностудиясында кино-сүрөтчү болуп эмгектенген Александр Федоровдун өздүк архивин назарыңыздарга сунуштайбыз. Александр Федоров 1960-1970-жылдар аралыгында тартылган "Ак кеме", "Көчө", "Караш-Караш", "Жалаң эркектер", "Махабат закымдары", "Бакайдын жайыты" өңдүү көркөм тасмаларда сүрөтчү болгон.
Кадр артында: сүрөттөгү тарых
Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун түптөлгөнүнө 80 жыл толду. 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде (азыркы Бишкек) “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган.

1
Режиссёр Геннадий Базаров өзү тарткан "Буктурма" тасмасында. 1968-жыл.

2
Эл артисти Гүлнара Чокубаева Каныкейдин образында.

3
Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова "Көчө" тасмасында.

4
"Көчө" тасмасынан алынган кадрлар.

5
1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына карата тартылган көркөм тасма.

6
Манастын 1000 жылдыгына карата көркөм тасма тартуу учуру. 1995-жыл.

7
Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.

8
Геннадий Базаровдун "Буктурма" тасмасын тартуу учуру. 1968-жыл.

9
Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова “Каныбек” фильминде.

10
"Ак кеме" тасмасын тартуу учурунда.

11
Геннадий Базаровдун “Буктурма” тасмасында. 1968-жыл.

12
Геннадий Базаровдун “Буктурма” тасмасын тартуу учуру. 1968-жыл.

13
“Токтогул” фильминдеги кадрлар. 1960-жыл.

14
Кинорежиссер Төлөмүш Океев жазуучу Аалы Токомбаев менен.

15
Геннадий Базаров кино тартуу учурунда. 1968-жыл.

16
"Каныбек" көркөм тасмасын тартуу учуру.

17
"Буктурма" тамсасын тартуу процесси.