Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Жалгыздык өмүрдү кыскартат


Жалгыздык кишинин клеткаларын өзгөртүп, физиологиясына терс таасир этет деген тыянакты Чикаго университетинин окумуштуулары чыгарышты.

Социалдык жалгыздык адамдын канындагы стресс гормондорун көбөйтүп, клеткаларды өзгөртөт. Адамдын иммундук системасын коргоп турган кандагы лейкоциттин көлөмүн азайтат.

Күндөлүк жашоодо бир калыпта, кайталанма иштерди аткаруу да ден соолукка терс таасир этет дейт медицина илимдеринин доктору Жон Касиоппо. Ал жетекчилик кылган иликтөө өткөн кылымдын 40-жылдарынан берки АКШдагы үй-бүлөлөрдү камтыган.1940-жылдан 70-жылга чейин жалгыз жашаган америкалыктардын саны жалпы калктын 15% аз болсо, 1970-жылы 20% чыгып, 2013-жылы 40% чапчыган. Социалдык жалгыздык адамдын жарык менен эрте коштошуусуна да түрткү болот экен. Илимий тажрыйбага Чикагонун саламаттык сактоо кызматында каттоодо турган 141 адам катышкан. Алардын ичинен үй-бүлөсү жок жалгыз жашагандардын иммундук системасы өтө алсыз экени аныкталган. Бул боюнча Medical Science журналында атайын макала чыкты.

Көгүчкөн эмчек рагын аныктайт

Көгүчкөндөр эмчек рагын аныктай алат. АКШдагы Айова университетинин окумуштуулары микроскоптук сүрөттөрдөн бактектер рак клеткаларын аныктай ала турганын далилдешти. Маммограм аппаратынан алынган сүрөттөрдү экрандан атайын үйрөтүлгөн көгүчкөндөргө көрсөтүп, алар рак шишигин таба алышкан. Бул канаттуулардын визуалдык эске тутуусу абдан өнүккөндүктөн, 1 миң 800гө чукул сүрөттү бардык деталдары менен эстеп калууга жөндөмдүү. Ракты аныктоо үчүн мурда жаныбарлардын арасынан Лабрадор тукумундагы иттерди үйрөтүп келишкен эле. Ал эми Африкадагы келемиштерди кургак учукту таанууга үйрөтүшкөн.

Бет териси алмашкан адам

Өрт учурунда бети толук күйүп кеткен АКШнын жараны Патрик Хардисонго толугу менен бетин алмаштыруу операциясы жасалып, дүйнөдөгү жүзү өзгөргөн алгачкы адам болуп калды.

Мурда өрт өчүргүч болуп иштеген Патрик 2001-жылы 3-даражадагы күйүк менен ооруканага түшкөн Бул учурда анын бети, кулагы, көзү өрттөн жабыркап күйүп кеткен. 41 жаштагы Патрикке жол кырсыгынан каза тапкан 26 жаштагы велосипед механигинин бети жабыштырылган. Операция Нью-Йорк университетинин Лэнгон медициналык борборунда ишке ашты.

150дөн ашык пластикалык дарыгерлер менен нейрохирургдар операцияга катышты. 2001-жылдан бери Патрик Хардисонго 70 ирет пластикалык операция жасалган. Акыркы бет жабыштыруу аракети 12 саатка уланып, окумуштуулар тарабынан оор операция ийгиликтүү ишке ашканын Lancet басылмасы жазды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG