Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:13

Гректер немис канцлерине кыялын көргөздү


Афинадагы нааразылык, 9-октябрь, 2012.
Афинадагы нааразылык, 9-октябрь, 2012.

Германия канцлеринин Грециядагы визити жергиликтүү тургундардын нааразылыгы менен коштолду.

Немис өкмөт башчысы алар Грециянын евроаймакта калышына кызыкдар экендигин айтканы менен гректер мурдагыдай эле үнөмдөө чараларына каршы чыгып, аны Германиядан көрүп жатышат.

Германия канцлеринин алты сааттык сапары карыз кризисинин каарын тартып жаткан Грецияга анын 2009-жылдан бери алгач ирет барышы болду.

Айрымдар Ангела Меркелдин Афинага барышы символикалык мааниге ээ, муну менен Германия Греция евроаймакта калышына кызыкдар экендигин баса көргөзүп жатат деп мүнөздөшкөнү менен иш сапар демонстрациялар жана тополоң салуу менен коштолду.

Он миңдеген гректер акыркы айлардагы эң ири нааразылык акциясына борбор Афинада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай чыгышты.


Афинадагы кагылыш, 9-октябрь, 2012-жыл.
Афинадагы кагылыш, 9-октябрь, 2012-жыл.
Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жибербеш үчүн грек бийликтери немис канцлеринин сапарына тушташ борбордо 7000дей полицейди жайгаштырышкан эле.

Буга кошумча демонстранттар Меркелдин кортежи өтүүчү жолго жүз метр жакындабасын деген талап болгон.


Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөн парламент имараты утурумдук тосмолор менен курчалганына карабай таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыткан демонстранттарды таратуу үчүн полицияга көздөн жаш агызуучу газ колдонууга туура келди.

Гректердин көбү алардын өкмөтү барууга аргасыз болгон катаал үнөмдөө чараларын Германиядан, ириде канцлер Ангела Меркелден көрүшөт. Афинада эл менен кошо көчөгө чыккан грек коммунисттеринин лидери Алека Папарига мындай дейт:

- Бүгүнкү демонстрация – жеңишке акыр аягында аларды тушаган чынжырды үзүүдөн кайра тартпаган адамдар жетерин каңкуулоодо. Бул ар бир урушта сабак болуш керек.

Немис канцлеринин сапарына тушташ Афинадагы демонстрацияга чыккандар арасында Грециянын парламентке кирген, солчул СИРИЗА партиясынын лидери Алексис Ципрас да болду. Ал кабарчылар менен маегинде:

- Биз айтып жаткан нерсе бирөө: Европанын демократиялык салттары, грек калкы үстүнөн тажрыйба жүргүзүп, гректерди кризистин деңиз чочкосуна, Грецияны социалдык мүрзөгө айлантпайт. Акыр аягында биз жеңебиз, чындык биз тарапта, элдин пикири көп нерсени билгизип турат.

Германиянын Грециядан көбүрөөк үнөмдөөнү талап кылышынын да өз жөнү бар.
Анткени Евробиримдикте экономикалык жактан көч башында турган Германия Греция банкрот болбош үчүн алып жаткан миллиарддаган евро насыяны бөлө келгенде көбүн чыгарууда.

Меркел грек өкмөт башчысы Антонис Самарас менен.
Меркел грек өкмөт башчысы Антонис Самарас менен.
Грек өкмөтү учурда жалпы көлөмү 130 миллиард евро келген насыянын кезектеги траншын алуу үчүн кредиторлор менен бюджеттин чыгымдарын дагы кыскартуу жагын талкуулашууда.

Грек расмий өкүлдөрүнүн айтымында, эгер алар мурда убада кылынган насыянын кезектеги 31,5 миллиард евросун ала алышпаса, ноябрь айына барып өлкөнүн капчыгында каражат түгөнөт.

Канцлер Меркел сапары учурунда ал Грецияны евроаймакта кармоого дилгир экенин, өлкө евроаймактан кеткен учурдагы каржылык башаламандыкка караганда оң жол болорун белгиледи.

Ал эми немис канцлеринин Афинадагы сапары алында евроаймактын каржы министрлер тобунун төрагасы Жан Клод Юнкер грек өкмөтү убада кылынган реформаларды ишке ашыра аларын 18-октябрга чейин далилдөөсү зарылдыгын, болбосо насыянын кезектеги траншы берилбесин айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG