Нооруз майрамын Германиянын ар кайсы шаарларында жашаган кыргызстандыктар шаңдуу белгилешти. Франкфурт шаарындагы мекендештер Борбор Азиялыктар менен биргеликте майрамдашса, Берлин, Гамбург шаарларында тургандарга Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова баш болгон маданият өкүлдөрү барып, майрамдык маанай тартуулашты.
Германия: журтташтар Ноорузду тосту
Нооруз майрамын Германиянын ар кайсы шаарларында жашаган кыргызстандыктар шаңдуу белгилешти. Франкфурт шаарындагы жердештер Борбор Азиялыктар менен биргеликте майрамдашса, Берлин, Гамбург шаарларында тургандарга Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова баш болгон маданият өкүлдөрү барып, майрамдык маанай тартуулашты.

1
Гамбург шаарындагы журтташтар Ноорузду Кыргызстандан келген Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, төкмө акын Идирис Айтбаев жана алып баруучу Нурсултан Майназаров менен биргеликте белгилешти. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнст Оторбаев да катышты.

2
Франкфурт шаарындагы жердештер Ноорузду башка борбор азиялыктар менен чогуу белгилешти.

3
Кыргызстандын Эл артисти Гүлнур Сатылганова менен Гамбургдагы журтташтар.

4
Кыргызстандын Германиянын Франкфурт шаарындагы консулу Данияр Төлөгөнов.

5
Франкфуртта концерттик программа тартууланып, андан кийин Жаңы Зеландиядагы кандуу окуянын курмандыктары эскерилип, расизмди жоюуга арналган сөздөр айтылды.

6
Берлиндеги кыргыздарга белгилүү төкмө акын Идирис Айтибаев жана алып баруучу Нурсултан Майназаров майрамдык маанай тартуулашты.

7
Франкфурт шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөн иш чарада конокторго кыргыз даамдары тартууланды.

8
Франкфурт шаарынын мэриясы колдогон иш чарада улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.

9
Франкфурт шаарында жашаган журтташыбыз Калыгул Жунушбеков.