Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Грузия ири түрк лицейин жабууну чечти


Батумидеги Рефайддин Шахин атындагы түрк лицейи.
Батумидеги Рефайддин Шахин атындагы түрк лицейи.

Грузияда ири түрк лицейлеринин бири лицензиясынан ажырады. Бирок грузин бийлиги соңку чечимге Түркиядагы окуялардын тиешеси жок деп ишендирип жатат.

Бир нече күтүүсүз текшерүүдөн кийин Батумидеги түрк лицейи жагымсыз кабар алды. Грузин бийлиги билим берүү стандарттарына шайкеш келбеген жагдайлар бар деген жүйө менен түрк саясатчысы Рефайддин Шахиндин ысымын алып жүргөн бул мектептин лицензиясын жокко чыгарууну чечти.

340тай окуучу билим алган мектептин жамааты кандай кемчилик жөнүндө сөз болуп жатканын жакшы түшүнө албай турушат.

​Лицейдин директору Элгуджа Давитадзе муну саясий чечим деп мүнөздөдү:

- 18-январда эле түрк медиасында Грузин бийлиги акыры бул мектепти жабат деген маалымат чыккан. Мындан улам саясий чечим кабыл алынды деп ойлоп жатабыз.

Лицейдин директору Элгуджа Давитадзе
Лицейдин директору Элгуджа Давитадзе

Түрк бийлиги Грузиядан бул мектепти жабууну өтүнүп келген. Буга чейин Түркиянын Батумидеги башкы консулу Ясин Темизкан лицейди бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылы каржылайт жана “террорчуларды тарбиялап жатат” деп күнөөлөгөн. Түркия Гүленди өткөн жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыптаса, АКШда бозгунда жүргөн Гүлен бул окуяга тиешеси жоктугун билдирип келет.

Батумиде 1994-жылдан бери иштеп жаткан лицей Гүлен кыймылына байланышы бар деген сөздөрдү четке какты. Грузин бийлиги болсо анын жабылышына Түркиядагы окуялардын тиешеси жок деп ишендирип жатат.

Грузиянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Билимдин сапатын жакшыртуу борборунун өкүлү Давид Кобахидзенин айтымында, толук маалымат жакын арада берилет:

- Конкреттүү эреже бузуулар аныкталды. Мисалы, алардын бири окуучуларды мектепке алууга байланыштуу. Болжол менен он күндөн кийин толук маалымат берип, аныкталган маселелерди элге айтабыз. Саясат жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Лицейдин окуучулары
Лицейдин окуучулары

Грузиянын акыйкатчысы Уча Нануашвили бийликти ачыктыкка жана өз кадамдарын негиздеп берүүгө чакырды. Түрк тарап болсо Грузиянын соңку чечими боюнча үн каткан жок.

Мугалимдер менен окуучулар толук жабылгыча мектепке бара беребиз деп жатышат.

- Грузиядагы кайсы бир мектепти жабуу маселесин Түркия чечип жатканы таң калычтуу. Мейли түрк лицейи болсун, Грузиянын аймагындагы мектептердин тагдырын эмне үчүн башка өлкө чечиши керек?,-деди ата-энелердин бири Гултамзе Давитадзе.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүлен кыймылынын дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө билим берүү мекемелери бар экенин билдирген.

Түркияда былтыр жайында ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен бери ар кыл өлкөлөрдө Гүленге байланышы бар делген окуу жайлар түрк бийлигинин өтүнүчү менен четинен жабылып жатат.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинен көз ирмемдер, 16-июль 2016-жыл.
Түркиядагы төңкөрүш аракетинен көз ирмемдер, 16-июль 2016-жыл.

Буга чейин Азербайжан “Кавказ” университетинин ишин токтоткон. Сомали, Сенегал сыяктуу Африка өлкөлөрү түрк мектептеринин айрымдарын жаап, кайсы бирин Түркия өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөргөн. Кыргызстан түрк бийлигинин кыргыз-түрк “Себат” лицейлерин жабуу өтүнүчүн четке кагып койгон. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн бири катары курамына кирип, атын “Сапат” деп өзгөртө турган болду.

30-январда Түркиянын Hurriyet басылмасы Стамбул прокуратурасынын маалыматына таянуу менен Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университетин “террордук уюм менен кызматташат” деп жазып чыккан. Эл аралык университети бул маалыматтарды куру доомат деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG