Эң оболу белгилей турган нерсе, “Чоң жети” “Орусиянын Крымды аннексиялашын мыйзамсыз жана эл аралык мыйзамдарга каршы келе турган аракет” деп билет. Алар “Чоң сегиз” форматында Орусия менен кызматташуудан “Москва азыркы курсун өзгөрткөнгө чейин” баш тартаарын айтышты. Демек, быйыл июнда өтүшү белгиленип жаткан “Чоң сегиздин” саммити болбойт. Анын ордуна жайында “Чоң жетинин” лидерлери Брюсселде жолугушат.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Гаагадан сүйлөп, “Чоң сегиздин” бойкотун сындады:
- “Чоң сегиз” жөнүндө айта турган болсок, эми бул бир бейформал клуб да... Ага кошулуш үчүн эч ким мүчөлүк күбөлүк бербейт, демек эч кимди андан кууп чыгарыш мүмкүн эмес. “Чоң сегиз” өзүнүн бир маанилүү ролун аткара алдыбы? Көптөр аткара алды деп эсептейт. Анткени дүйнөдөгү негизги экономикалык жана каржылык маселелерди дал ушул клубдун негизинде түзүлгөн “Чоң жыйырма” талкуулап калды.
Лавров Гаагадагы саммитте Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дещица менен да жолугушту. Бул - Орусия Крымга өзүнүн аскерлерин киргизгенден берки бир айдын ичинде эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү өткөргөн эң эле жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болду.
Орус тышкы иштер министри анда кайрадан эле Москванын Украинага коюп жаткан талабын – региондорго кеңиртилген автономия бериш үчүн мыйзамдарын өзгөртүүнү кайталады.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында Украина Крымды Орусияга кошуу боюнча жакында өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын тааныбоо боюнча резолюцияны жактады.
Дүйшөмбүдө орус аскерлери Крымдын Феодосия шаарындагы украин деңиз аскер базасын ээлеп алышты. Орус аскерлери мындан сырткары, асманга ок атып, кулак тундурган граната жарып, Украинанын аскерий кемелеринин бирин да басып алышты. Инцидентте эч ким жабыркабаганы айтылды.
Киевде парламентте сүйлөгөн сөзүндө утурумдук президент Олександр Турчинов Крымда калып жаткан украин аскерлери “азыр өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө коркунуч жаралып жаткандыктан, региондон чыгарылаарын” билдирди.
Швециянын тышкы иштер министри Карел Билдт “Азаттыкка” сүйлөп, азыр Орусиянын мындан кийинки кадамдарын алдын-ала болжоп айтыш кыйын болуп турганын айтты:
- Орусия канчалык катаал чечимдерге бараарын билбейбиз. Азырынча орус-украин чек арасында аскерлер чогулганын жана Орусия тарабында тынчсызданта турган нерселер болуп жатканы тууралуу эскертүүлөрдү алдык. Орусия Украинада түрдүү башаламандыктарды чыгара турган адамдарды жиберип жатканы жөнүндө сигналдар бар. Алар канчалыкка бараарын билбейбиз. Менимче, бүт нерсе алдыда окшойт.
Ал арада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 100 байкоочусунун жарымы дүйшөмбүдө Украинанын орус тилдүү калкы жыш отурукташкан аймактарына жиберилди. Алар түрдүү чыңалууларды эсепке алыш үчүн барышкан.