Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди

Бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз футболчулары 1:8 эсебинде жеңишке жетти. 1-таймда кыргыз футболчулары беш гол киргизип, ишенимдүү алдыга чыкты. 2-таймда кыргызстандык футболчулар дагы үч гол киргизип, эсеп ажырымын кеңейтсе, мьянмалыктар бир гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстан тарапка тиешелүү голдорду Мирлан Мурзаев (хеттрик), Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев киргизди.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Алдыда 15-июнда Кыргызстан талаа ээси Жапония менен ойнойт. Бул күнү Тажикстан менен Мьянма беттешет.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

13:48 11.6.2021

44-мүнөттө Алимардон Шукуров кезектеги голдун ээси болду. Мьянма - Кыргызстан 0:4

13:51 11.6.2021

1-таймга кошумча бир мүнөт убакыт берилди. Беттештин биринчи таймы бүтөрүнө саналуу секунддар калганда чабуулчу Мирлан Мурзаев кыргыз тараптын эсебине 5-голду алып келди. Мьянма - Кыргызстан 0:5

14:11 11.6.2021

Бул оюнда Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов дарбазачы катары оюнга чыкты. Ага мындай милдет жүктөлгөнү улуттук курама команданын үч дарбазачысы коронавируска шектелгендердин сары тизмесине киргенине байланыштуу болду.

Буга чейин жапон өкмөтүнүн COVID-19га каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шек саналгандардын тизмесине киргендиктен, оюндан четтетилген.

7-июнда Монголия курама командасы менен болгон оюнга кыргыз футболчулары дарбазачысыз чыгууга мажбур болгон. Оюнда дарбазаны коргоочу Айзар Акматов кайтарып, Кыргызстан курама командасы F тайпасында акыркы орунду ээлеп келе жаткан Монголия курама командасына 0:1 эсебинде жеңилди.

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канат Маматов коронавируска байланыштуу кырдаалга төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Биз Жапониянын бардык көрсөтмөлөрүн так аткардык. Азыр баарыбыз оор учурда турабыз. Бул жерде бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес. Оору ар бир адамга жугуп калышы мүмкүн. АФКнын сунушу менен бул беттештерди өткөрүүгө Жапония гана макул болду. Биз бул оюндарды Кыргызстанда өткөрө албайт болчубуз. Анткени бизде эл аралык талапка ылайык келген стадионбуз жок. Эми өткөрүп жаткан мамлекет кандай талап койсо, баарын аткарууга мажбурбуз”, - деди Канат Маматов.

Андан тышкары бүгүнкү оюнга коргоочулар - Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу да катышкан жок. Экөө Монголия курамасы менен 7-июндагы оюнда жана 2019-жылы тажик футболчулары менен беттеште эскертүү алышкан. 2019-жылы Бишкекте болгон Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттешинде эки эскертүү алганына байланыштуу, быйыл 7-июнда болгон Кыргызстан - Монголия беттешинен четтетилген команданын капитаны, коргоочу Валерий Кичин дагы бүгүнкү оюнга чыкпай калды. Ал дагы коронавируска шектелгендердин сары тизмесине кирип калган.

Канат Маматов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып футболчулардын арасында эмдөөдөн өткөндөр да бар экенин кошумчалады.

“Кыргызстанда эмдөө ар бир адамдын каалоосу менен гана жасалат. Биз футболчуларды кыйнап вакцина алдыра албайбыз. Анын үстүнө ар кандай реакция жүрүп кетиши мүмкүн. Биздин футболчулардын көпчүлүгү ар кайсы чет элдик клубдарда ойнойт. Аларды бир убакытка чогултуп, беттешке даярдануу мүмкүн эмес. Анткени ар бир клубдун өз эрежелери бар. Жапония мамлекетинин талабы боюнча курама команда толугу менен бир делегация болуп бир күндө барышы керек эле. Азыр биз башка дарбазачы Павел Матяшты Жапонияга жөнөттүк. Ал бүгүн, 11-июнда Жапонияга жетет. Буюрса, 15-июнда Жапония менен боло турган оюнга чыгат деп үмүт артып турабыз", - деди ал.

14:27 11.6.2021

Беттештин 2-таймы башталды. Кыргыз футболчулары удаасы менен эки голду мьянмалыктардын дарбазасына киргизип, оюндун эсеби бир жарым жыл мурдагы беттештеги көрсөткүчкө жетти. 60-мүнөттө чабуулчу, команда капитаны Мирлан Мурзаев дубль жасаса, 62-мүнөттө чабуулчу Абай Боколеев 7-голдун автору болду. Мьянма - Кыргызстан 0:7

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG