Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңди

Бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма жана Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз футболчулары 1:8 эсебинде жеңишке жетти. 1-таймда кыргыз футболчулары беш гол киргизип, ишенимдүү алдыга чыкты. 2-таймда кыргызстандык футболчулар дагы үч гол киргизип, эсеп ажырымын кеңейтсе, мьянмалыктар бир гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстан тарапка тиешелүү голдорду Мирлан Мурзаев (хеттрик), Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев киргизди.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Алдыда 15-июнда Кыргызстан талаа ээси Жапония менен ойнойт. Бул күнү Тажикстан менен Мьянма беттешет.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

20:43 11.6.2021

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарына барды. Ал ковидге тест тапшырып, терс жыйынтыкка ээ болсо команда менен машыгууга жана 15-июнда Жапония менен боло турган оюнга катышат.

16:46 11.6.2021

"Ак шумкарлардын" чоң жеңиши

Кыргызстан менен Мьянма курама командалары 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги беттешинде кыргыз футболчулары <a href="https://www.azattyk.org/a/football-kyrgyzstan-vs-myanmar/30210333.html" target="_blank">7:0 эсебинде жеңишке жеткен</a>. Бул Кыргызстан курама командасынын өз тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болгон.&nbsp;
1/8 Кыргызстан менен Мьянма курама командалары 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги беттешинде кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен. Бул Кыргызстан курама командасынын өз тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болгон. 
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Эки кураманын беттеши Жапониянын Осака шаарында өттү. Оюндагы алгачкы голду футболчу Турсунали Рустамов киргизди.&nbsp;
2/8 Эки кураманын беттеши Жапониянын Осака шаарында өттү. Оюндагы алгачкы голду футболчу Турсунали Рустамов киргизди. 
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Оюндун 24-мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылып, Мьянма курамасы 10 оюнчу менен беттешти улантты.&nbsp;
3/8 Оюндун 24-мүнөтүндө Мьянма оюнчусу Йан Наинг (Yan Naing) орой ойногону үчүн кызыл айып кагазын алып беттештен чыгарылып, Мьянма курамасы 10 оюнчу менен беттешти улантты. 
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Беттеште чабуулчу&nbsp; Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал бул оюнда дагы капитандык милдетти аткарды.
4/8 Беттеште чабуулчу  Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал бул оюнда дагы капитандык милдетти аткарды.
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Ак шумкарлар оюн алдында.&nbsp;
5/8 Ак шумкарлар оюн алдында. 
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев. Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.
6/8 Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев. Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
<p>F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.</p>
7/8

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Эми ак шумкарлар 15-июнда Жапония курама командасы менен беттешет.&nbsp;
8/8 Эми ак шумкарлар 15-июнда Жапония курама командасы менен беттешет. 
Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти. Бул ак шумкарлардын тарыхындагы атаандашын эң ири эсеп менен уткан жеңиши болуп калды. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.
Артка
Алдыга

14:55 11.6.2021

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Жети оюнда 10 упай эсебинде бар Тажикстан 3-тепкичке жайгашты.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

14:54 11.6.2021

Беттеш аяктады. Мьянма - Кыргызстан 1:8

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG