Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

"Сейде" - көп кыргыз кыздарынын үнү


"Сейденин" режиссеру Элнура Осмоналиева
"Сейденин" режиссеру Элнура Осмоналиева

11-сентябрда кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.

"Сейде" бул фестивалда көрсөтүлүп жаткан алгачкы кыргызстандык тасма. Фильм кыска метраждуу тасмалар сынагында 14 тасма менен бирге ат салышууда. Аны Элнура Осмоналиева курстук иши катары тарткан. Режиссер учурда Нью-Йорк университетинин Tisch киномектебинде билим алып жатат.

"Азаттык": Элнура, сиздин “Сейде” атуу тасмаңыз кыргыз тасмаларынан биринчи болуп Венецияда өтүп жаткан эл аралык фестивалда көрсөтүлдү. Жаңы эле дүйнөлүк бет ачарынан чыгыптырсыз. Кепти ушундан баштасак?

Элнура Осмоналиева: Бет ачар жакшы болду, зал толтура эл келди. Тасма көрсөтүлгөн соң көптөр фильм жакканын айтышты. Кыргызстан тууралуу көп суроолор болду. Негизинен жакшы кабыл алышты, келип жеңишке жетишибизди каалап, тилектерин айткандар да болду. Бул жакта көрсөтүлгөн ар бир тасма мыкты. Бирок, ошентсе да утсак болот. Эми калыстар тобунун чечимин күтөбүз да.

"Азаттык": Бул тасманы башынан эле ушундай фестивалдарга катышууну максат кылып тарткансызбы? Же курстук иш катары эле тартып коеюн дедиңиз беле?​

Элнура Осмоналиева: Жок, башынан эле ушундай максатта, чоң фестивалдарга катышса экен, жакшы болсо экен деген ой менен чыгынып эле тарткам.

"Азаттык": Сиз буга чейин “Шакен жылдыздары”, “Ак илбирс” фестивалдарына катышып, атайын сыйлыктарга татып келгенсиз. Мындай чоң фестивалга биринчи жолу катышып жатасыз, сезимдер кандай болууда?

Элнура Осмоналиева: Ооба, мындай деңгээлдеги фестивалга биринчи жолу катышып жатам. Аябай толкунданып, кубанып турам. Ошол эле маалда башка режиссерлор менен таанышып, керектүү суроолорума жооп алып, өзүм үчүн да тажрыйбамды байытууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Кай жерге барба, бардык жерде эле киночулар. Тамак ичкени барсаң деле баарынын сүйлөгөнү кино: сценарий, жарык берүү, оператордук иш жана ушул сыяктуу сөздөр. Кино адамдары жүргөн жерде өзүңдү абдан ыңгайлуу сезет экенсиң.

"Азаттык": Өзү каалабай туруп турмушка узатылган кыз, сиздин тасманын башкы каарманы - Сейденин образы кайдан жаралган?

Элнура Осмоналиева: Улам чоңойгон сайын көп кишилер өзүнүн балалык кыялдарынан кол жууп, жетпей калат. Анткени адамдар бала чагында бардыгы мен каалагандай болот, өз эрким менен баарына жетем деген ой менен өсөт эмеспи. Кийин баары башкача экенине, айрым нерселерге күчү жетпестигин түшүнүп, компромисске барууга туура келет. Сейде да ата-энесинин ою менен макул болуп, турмушка чыгып жатат, ошол маалда өзүнүн атын да жоготуп, өз эркиндигинен ажырап жатат. Сейденин андан аркы жашоосу кандай болоорун эч ким билбейт. Бирок ал окуса болмок, иштесе болмок. Тилеке каршы, Сейде турмушка моюн сунуп калып калат. Анткени анын бараар жери да жок. Көптөрдүкү ошондой, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" эмеспи. Сейде аркылуу мен ошол нерсени чагылдырайын дегем.

"Азаттык": “Сейдени” тартууга эл аралык курам иштеген экен. Алар кимдер? Ошол тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

Элнура Осмоналиева: Оператор мен билим алып жаткан окуу жайдан келген. Анткени бул ошол окуу жайдын талабы. Өзү Таиланддан болот. Фильмдин дагы бир продюсери Франциядан келген. Кипрлик курсташым арт-директор, австриялык курсташым жардамчы болду. Калгандары кыргызстандык эле “Кыргызфильмде” жана жеке студияларда иштеген кесиптештерим. Актерлорду кошпогондо 24 адамдан турган чоң топ иштеди. Чет элдик киночуларга Кыргызстан аябай жакты. Ошону менен бирге алар актерлордун чеберчилигине, суука карабай иштеп жаткан чыдамкайлыгына баа беришти. Тасмага даярдык болгону эки күндү алды. Каскадер Канат Абдрахманов атты керектүү трюктарга тез таптады. Мына ошонун баарына чет элдик кесиптештерим таң калды.

XS
SM
MD
LG