Бейшемби күнү кечинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Эркиндик бульварында мода көргөзмөсү өттү. Сейилдеп жүргөн адамдар Кыргызстандын мода дүйнөсүнүн жылдыздары менен аралашып, дизайнер Толгонай Байранын колунан жаралган эмгектерге күбө болушту.
Бульвардагы мода

1
Эркиндик бульварынын так ортосунда эс алуучуларды таң калтырып улам бир модель өтүп жатты.

2
BAIRA мода үйү чыгарган коллекцияларда бөбөктөр, кичинекей балдар жана секелек кыздар үчүн да кийимдер бар.

3
“Менин Эркиндигим” деп аталган мода көргөзмөнү BAIRA мода үйү уюштурду.

4
Дефилеге чыккан модель кыздар түрдүү жанрдагы кийимдерди көргөзүштү.

5

6
Мода көргөзмөсү чет элдиктерди да кайдыгер калтырган жок.

7
Моделдердин жанында турган көрүүчүлөр.

8
Орто жаштагы аялдар үчүн тигилген көйнөк.

9

10
Иш-чаранын аягында Толгонай Байра эл алдына чыгып кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү колдоону суранды.

11

12
Подиумда мала жашыл, кара жана ак түстөр үстөмдүк кылды.

13
Жаш энелер үчүн тигилген коллекция.

14
BAIRA мода үйү кыз-келиндер үчүн оймо-чийме менен кооздолгон кызыл түстөгү беткаптарды да чыгарган.

15
Эркектер үчүн арналган коллекцияда кадимки чапанга окшош, этек-жеңи кенен кийимдер көрсөтүлдү.

16
Апалар үчүн тигилген кийим.

17
Моделдерди чыдамсыздык менен күтүп жаткан көрүүчүлөр.