Бишкекке кандай мэр керек?
Бишкектин мэри Албек Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча шектүү катары камакка алынды. Мындан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү жөнүндө буйрукка кол койду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы кадры делген Ибраимовдун кызматтан кетиши менен "Бишкекке кандай мэр керек?" деген талкуулар башталды. Акыркы жылдары ар кыл сындардын бутасына айланган борбор калаа кандай өзгөрүүлөргө муктаж? Бул суроолор “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууланды. Талкууга Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев, жергиликтүү бийлик боюнча эксперт Алмаз Кулматов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 25, 2025
Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025
Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
-
Сентябрь 11, 2025
Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы?
-
Август 29, 2025
Эгемен элдин келечеги: Эркин өлкө, ачык коом, изденген муун
-
Август 11, 2025
“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
-
Июль 03, 2025
Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?