Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:50

Европа каржы каатчылыгынан чыга элек


Европанын 18 өлкөсүндө евро жүгүртүлөт.
Европанын 18 өлкөсүндө евро жүгүртүлөт.

Европада жумушсуздардын саны азайганы менен, экономиканы шыктандыруу чаралары жетишсиз. Ал эми Орусияда жылдын алгачкы компанияларды бириктирүү жана ишканаларды өзүнө кошуп алуу операциясы катталды.

Еврону жүгүрткөн 18 өлкө каржы каатчылыгынан арыла элек. Мындай пикирин "Стэндерт энд Поорс" рейтинг агенттигинин суверендүү рейтингдер бөлүмүнүн башчысы Моритц Крэмер билдирди. Бирдиктүү валюта аймагы карыздарын азайтып, экономикалык өсүштү шыктандырышы зарыл.

Карыздардын көлөмү болуп көрбөгөндөй өскөнү жана инфляциянын азайганы Евро аймактын экономикалык өсүшүнө коопчулук жаратат. Экономикалык жана каржылык абалын жакшырткан өлкөлөр Ирландия жана Испаниянын суверендүү рейтингдери көтөрүлгөн. Ал эми былтыр финансы кризисине кабылган Кипрдин абалы ойдогудай оңоло элек. Бирдиктүү валюта аймагында кризис коркунучун туудурган өлкөлөргө Греция кирет.

Евроакчага кирген өлкөлөр финансы кризисинен чыга элек.
Евроакчага кирген өлкөлөр финансы кризисинен чыга элек.

Эл аралык валюта кору дагы Европанын каржылык саламаттыгына көңүл бурду. Өзүнүн билдирүүсүндө Евро аймактагы өкмөттүк дефицит 3% түшкөнүн кабарлады. Греция 2010-жылы банкрот алдында турганда бул сан кооптуу 6% ашкан эле. Дефицит азайганы менен, Эл аралык валюта кору белгилегендей, бул – экономикалык өсүштү шыктандырууга жана каржылык абалды жакшыртууга жетишсиз.

Евро аймактын экономикасынын көлөмү – 10 триллион евро. Жумушсуздардын саны 12% түшкөнү менен, бул санды дагы азайтуу керектигин Эл аралык валюта кору баса белгиледи.

Орусия менен АКШнын бизнес алакалары жанданабы?

Батыштын көптөгөн санкцияларына кабылган Орусиянын "Верофарм" фармацевтикалык компаниясын америкалык "Эбботт" ишканасы 495 миллион долларга сатып алды. Белгилей кетчү жагдай, орус капитал рыногунда буга чейин быйыл бир дагы компанияларды бириктирүү жана ишканаларды өзүнө кошуп алуу операциялары катталган эмес. Акыркы ирет мындай ири каржылык операция былтыр декабрь айында ишке ашкан.

Украинадагы кризис көптөгөн батыш ишкерлерин кооптондурганы менен, орус бизнес чөйрөсү кайра калыбына келип жаткан өңдүү.

"Верофарм" – Орусиянын ири дары чыгарган ишканаларынын бири. Анын базардык капиталдашуусу 300 миллион долларга барабар. Америкалык "Эбботт" компаниясы "Верофармды" сатып алганы маалым болгондо, "Верофармдын" акцияларынын куну 34% кымбаттап, акыркы үч жылдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Жылдын башында "Эбботт" Чилинин CFR Pharmaceuticals компаниясын үч миллиард долларга сатып алган.

Фармацевтика – дүйнөдөгү ири өндүрүштөрдүн бири.
Фармацевтика – дүйнөдөгү ири өндүрүштөрдүн бири.

Орусияда ортоңку катмарга кирген калктын саны көбөйгөнү менен, федерацияда балдардын төрөлүшү акыркы 15 жылдан бери азайып баратат. Карылардын саны арбыган сайын, фармацевтика товарларына болгон талап өсө берет.

Америкалык "Эбботт" ишканасы дүйнөнүн 150 өлкөсүндө өз дарыларын сатат. Иллинойстук компания мурдагы Советтер Союзунун аймагында 1978-жылдан бери иш алып барат. Учурда "Верофармдын" Белгород, Воронеж жана Покров шаарларында заводдору бар.

Дүйнөлүк базарларга учкай токтоло кетсек. Алтын акыркы жумада 48 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1318 долларга чыкты. "Центерранын" акцияларынын куну 50 центке көтөрүлүп, азыркы тапта бир баалуу кагаздын наркы 5 канада доллары 76 центти түзүүдө. Чийки мунайдын баасы бир долларга кымбаттап, бир баррели 106 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда соода көлөмү акыркы жумада 4 миллион 713 миң сомду түздү. Мурдагы аптада сооданын көлөмү 143 миң сомго жеткен.

Европа финансы кризисинен чыга элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG