Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

ЕБ Молдованы милдетин унутпоого чакырды


Европа Биримдиги Молдовага Эркин соода жүгүртүү келишиминдеги милдеттенмелерди сактоону эскертти.

Жакында Молдова Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу макамын алган.

ЕАЭБнын Жогорку Евразиялык кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында өлкө президенти Игорь Додон "Бул эл аралык партнерлерго да, бизге да жакшы сигнал болду. Жакшы максаттарыбыз бар, кийинки интеграциялык баскычтарга барууга даярбыз" деген эле.

Молдова байкоочу макамын алгандан кийин Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясатынын маалымат катчысы Набила Массрали бул өлкө ЕАЭБ менен алакасын так аныктап алышы керектигин эскертти. "Европа Биримдигинин Эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууларында Молдова өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткаруусу шарт", - деди.

- Президент Игорь Додондун көрсөтүүсү менен Молдованын Евразиялык экономикалык биримдигинде байкоочу статусун алганын жактырабыз. Бирок алгач өлкө бийликтери Молдова менен ЕАЭБ ортосундагы алаканы аныктап алышы керек. Ошол эле учурда Молдова бардык өлкөлөрдөй эле Европа Биримдигинде алган милдеттенмелерин сактоосун күтөбүз, - деди Массрали.

Ушул жылдын 3-апрелинде Молдова президенти Додон менен Евразиялык экономикалык биримдиктин жогорку расмий өкүлү Тигран Саркисян Кишиневдо өз ара кызматташтык меморандумуна кол коюшкан.

14-апрелде Бишкекте өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Молдова бул биримдикте байкоочу өлкө макамын алган. Ал жыйынга Молдованын башчысы Игорь Додон да катышкан эле. Додон өз кадамын чыгыш менен батыштын ортосундагы экономикалык кызматташтыкта тең салмактуулукту кармоо аракети деп түшүндүрүп келет.

Бирок Молдованын премьер-министри Павел Филип ЕАЭБ менен меморандумду сынга алып, бул кадам Евробиримдик менен жакындашуу аракетине шек келтирерин айтып чыккан.

- Европа Биримдигинин эскертүүсүн президент Игорь Додондун кадамдары менен байланыштырса болот. Додон мырза президент катары анын статусуна туура келбеген шарттарды жасады. Бизде президенттин ыйгарым укуктары бир топ чектелген. Додон мырза өз укуктарынан бир аз аша чаап жаткандай, - деди молдовалык саясат таануучу Аркадий Барбэрошие.

Былтыр 13-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Социалисттер партиясынын лидери Игорь Додон европалык багытты колдогон талапкер Майя Сандудан алдыга озуп чыккан. Ал шайлоо өнөктүгү маалында Молдованын Европа менен интеграциялык макулдашууларын кайра карап чыгарын билдирген эле.

Бирок шайлоодон кийин Европа Биримдиги менен тарыхый келишим жокко чыгат деген кооптонууларды четке кагып, болгону Орусия менен жакындашууну жактай турганын маалымдаган.

Молдова 2014-жылы Европа Биримдиги менен ассоциациялык келишимге жетишкен. Ал эми жакында байкоочу макамын алган Евразиялык экономикалык биримдигинде Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG