Заманбап Кыргызстандын белдүү этнограф окумуштууларынын бири Эртабылды Жолдош уулу Сулайманов – XX кылымдын экинчи жарымында советтик этнографиялык илимий мектепте терең таалим алган жана көп тарамдуу мөмөсүн сунуштаган азганактай кыргыз илимпоздорунун бири. Быйыл анын 75 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Тарыхчынын блогу.
Заманбап кыргыз этнография илиминин азыркы сересин камсыз кылган таланттуу илимпоздордун бири – Эртабылды Жолдош уулу Сулайманов агай.
Айылы жана ата-теги
Ал элет жергесинде туулуп өскөн. Анын кичи мекени – Кыргызстандын түштүгүндөгү азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл ɵкмɵтүнүн курамындагы Жаӊы-Турмуш (азыркы Алма) айылы.
Бул мурдагы тепкедей кыштак Шайдан-Сай өзөнүнөн батышыраакта, Ноокен (мурдагы Ленин) районунун борбору Масы кыштагынан эки чакырымдай түндүк-чыгышта жайгашкан. Азыркы тапта, албетте, Алма айылы кеңейип, кыйла чоң эле кыштакка айланган.
Эртабылды агайыбыз 1949-жылы 11-октябрда дал ушул Алма айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-теги жана таялары кыргыздын мундуз уруусунан болот.
Анын атасы Жолдош Сулайман уулу (1922–2012) менен энеси Үрүниса (1922–2011) жалпы он бир балалуу болушкан, бирок алардын төртөө кызамык сыяктуу оорулардын айынан чарчап калып, жети бала торолуп өскөн. Эртабылды – эки эжесинен кийинкиси (уулдардын улуусу).
2011-жылы энеси Үрүниса дүйнө салды. Кийинки жылы атасы Жолдош Сулайман уулу 90 жаштын чайын ичип жатып, байбичесинин артынан кетти. Бирок алар Эртабылды агайыбыздын жана башка уул-кыздарынын далай жакшылыктарына күбө болуп, чөбөрө-кыбыраларын көрүп калышты.
Баштапкы таалим
Эртабылды агай Алма айылдагы чакан сегиз жылдык мектепте окуду (азыр ал – Абдыразак Сатаров атындагы бакыйган ири орто мектеп).
Өзүнүн биринчи мугалими – мээримдүү Айдарали Орозбаев агай болгонун, математика, геометрия сабактарын дасыккан педагог Абдыразак Сатаров бергендигин Эртабылды агай айтып калат.
Элетте, албетте, балдар 5-класстан тартып пахтачылык иштерине милдеттүү катышаар эле. Бул оор жумуш сабырдуулукка, талыкпастыкка жана мээнеткечтикке да тарбиялайт эмеспи.
Эртабылды сегиз жылдыкты бүтүргөндөн кийин педагогдук кесипке эртелеп ээ болууну чечти. Ал Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында (1963–1967-жж.) таалим алган.
Маскөөдөгү жогорку билим
Бир чети, атайын педагогикалык окуу жайында окуунун өзү Эртабылды агайга батылдыкты берди. Ал өз окуусун андан ары ошол кездеги Советтер Биримдигинин борборунда улантууну чечти. Анын далай теңтуштары Ош менен Бишкекти гана көздөшкөн эмеспи.
Агайдын этнограф адис катары телчигишине анын 1967–1974-жылдары Маскөө шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Маскөө мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуганы жана мында этнография кафедрасында таалим алганы зор рол ойногонун баса белгилей алабыз.
Бул жылдарда Маскөө турмушу кыйла либерал болчу. Расмий нукка шайкеш келбеген ойлору менен таанымал айдыңдар да арбын эле. Бир эле мисал айтсак, Эртабылды агай студент кезинде эле айтылуу Лев Николаевич Гумилёв (1912–1992) менен баарлаша алган. Зээндүү кыргыз студенттин бул ойготкуч түрколог жана географ менен китепканаларда жанаша отурган учурлары да болгон.
Дагы бир өңүттү салыштырып айта кетсек, эгерде Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында Кыргыз мамлекеттик университетиндеги (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; КУУ) тарыхчы студенттер этнография жана жалпы эле тарых илимдери жаатында өп-чап адабиятка ээ болушса, ал эми Маскөө университетинин жана ал кездеги В.И.Ленин атындагы СССР Мамлекеттик китепканасынын (азыркы Орусия мамлекеттик китепканасынын) китептер кампасы өзүнчө эле мухит болчу.
(Албетте, ал кезде коммунисттик цензуранын чыпкасынан өткөн китептер гана жалпы окурмандарга сунушталганын, бирок айрым “самиздаттык”, б.а. нускалары мыйзамсыз басылган чыгармалар Маскөөдө тымызын таркатылып тургандыгын эскертпей кете албайбыз).
Аспирантурадагы жигердүү мезгил
Агайыбыз темирди кызуусунда чаап, дароо эле күндүзгү аспирантурага өттү да, 1974–1977-жылдары СССР Илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунда аспирантурада окуду.
Агайыбыздын бактысына жараша, даңазалуу этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Балкис (Бәлкис) Халиловна Кармышева (1916–2000) айым анын илимий жетекчиси болуп калды.
Теги татар Балкис Кармышева апай Батыш Кытайдын Кулжа шаарында туулган. Анын ата-энеси Анжиянга көчүп келип, бирок Халил Кармышев 1930-жылы жазыксыз жерден сталиндик ГУЛАГга айдалып, Колымага сүргүнгө жөнөтүлгөн.
Жаштайынан уйгур, өзбек, кыргыз жана орус тилдерин эне тилине удаа үйрөнгөн Балкис апай Тажикстандагы кыпчактардын калдыгы болгон лакай тилин жана этнографиясын, көчмөн өзбек урууларынын жана башка ар кыл түрк тилдүү этностордун этнографиясын ар тараптуу изилдеген.
Б.Х.Кармышеванын каратегиндик кыргыздар жөнүндө илимий монографиясы, зеравшандык көчмөн өзбектердин арасындагы кыргыз уруусу тууралуу да оригиналдуу макаласы бар.
(Балкис апай 1980-жылдары Ташкенде аспирантурада жүргөн кезимде Өзбекстандын Чыгыш таануу институтуна келип, бизге кызыктуу адистик дарс окуп бергендиги алигиче жадымда. Аны кыргыз, казак, өзбек, каракалпак жана башка тарыхчылар жана этнографтар өзгөчө кадырлашаар эле).
Балкис апай Эртабылды агайдан тышкары дагы бир таланттуу кыргыз этнографы Черикбай Казыгул уулу Өмүрбековдун да илимий жетекчиси болгонун кошумчалай кетели.
Э.Ж.Сулайманов агайдын жаш адис катары дагы бир утушу – академик Юлиан Владимирович Бромлей (1921–1990) сыяктуу ошол кездеги советтик чыгаан этнографтардын далайын студент жана аспирант кезинде жекече көрүп, алардын дарстарын жана адистик кеңештерин уккандыгы болду. (Академик Ю.В.Бромлей кыргыздын дагы бир чыгаан этнографы – маркум Какен Мамбеталиева менен кызматташ болгон).
Дүйнөлүк этнографиялык агымдарды талдай алган маскөөлүк илимий чөйрөдө коммунисттик талаптарга ылайык келбеген темаларда дагы эркин ой жүгүртө алган адистер арбын болгонун кантип айтпай коё алабыз!
Лев Гумилёвдун түрк тилдүү бабаларыбыз үчүн орток болгон хун, түрк ж.б. мамлекеттердин тарыхына байланыштуу эмгектери, Олжас Сулейменовдун “Аз жана Я” (1975) эмгеги сыяктуу чыгармалар аспиранттардын бүйүрүн кызыткан талкууларга жем болгон.
Цензурага төп келбеген айрым илимий жана публицисттик чыгармалар советтик борбор шаарда ошол эле “брежневдик” доордо тымызын таркатылып окулган. Тарыхнаама жана этнография тармагындагы өксүктөр тууралуу айдыңдык сын-пикирлер кээде тикелей, кээде каймана, кээде азил сөздөргө чүмбөттөнтүп айтылар эле.
Дал ушундай күрдөөл заманда Эртабылды агай Маскөөдө адис катары жетилип, Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтундагы аспирантурасын 1977-жылы ийгиликтүү аяктаган соң, Ала-Тоого кайтып келген.
Жаш илимпоз
Ошол 1977-жылдан тартып Бишкекте Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунда илимпоз катары эмгектене баштаган.
Эртабылды агай 1983-жылы Маскөө шаарында Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтундагы диссертациялык кеңеште этнография тармагындагы кандидаттык диссертациясын орус тилинде ийгиликтүү жактады.
Анын диссертациясынын авторефераты СССР ИАсынын Жер байлыктарын комплекстүү өздөштүрүү көйгөйлөрү институтунун басмаканасында басылган. (Караңыз: Сулайманов Э. Традиционные приемы обработки металлов у киргизов: (К истории ремесла народов Средней Азии): Автореф. дисс... канд. ист. наук. – Москва: Институт проблем комплексного освоения недр (ИПКОН) АН СССР, 1983. – 25 бет).
Ошентип, ал Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунун этнография бөлүмчөсүндө (секторунда) дасыккан илимпоздордун сабын толуктап калды жана бул жайда 1987-жылга чейин он жылдай ырааттуу иштеп келди.
Түштүктөгү күрдөөл кезең
Эртабылды Сулайманов агай 1980-жылдардын акыркы үчүлтүгүнөн тартып Кыргызстандын түштүгүндө иштеп келет.
Оболу ал Ош аймагында заманбап этнограф адистерди тарбиялоого баш-оту менен киришти.
Алгач 1987–2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ; мурдагы Ош мамлекеттик пединституту) ар кыл кызматтарда иштеди: ал окутуучу, ага окутуучу, доцент (1991), кафедра башчысы, бɵлүм башчысы, декандын орун басары, декан катары да иш алып барды.
Агай бул университеттин тарыхчы жана этнограф адистерин кесипкөй катары тарбиялоого мыкты салым кошкону анык – аны ОшМУнун тарыхчылар жамаатынын өкүлдөрү алигиче алкап айтып келишет.
XXI кылымдын башында ал өзү туулуп-өскөн облустагы телчиге баштаган башка бир жогорку окуу жайдын – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) өнүгүшүнө да адис катары жеке салым кошууга бел байлады.
Ошентип, Этабылды агай 2005-жылы ЖАМУга чакырылып, Ош шаарынан Жалал-Абад шаарына көчүп барды. Ал 2011-жылга чейин ЖАМУдагы Социалдык-гуманитардык факультеттин “Жалпы тарых” кафедрасын жетектеп турду. Азыркы тапта дагы ал факультеттеги “Тарых” кафедрасынын профессору катары иштеп келет.
Илимий чыгармачылык. Темир устачылык менен зергерликти изилдөө
Эртабылды агай 150дөй ар кыл илимий эмгектерди (анын ичинде он чакты монография, окуу курал жана окуу колдонмолорун) жарыялады. Албетте, ал жазган бир нече ондогон баалуу энциклопедиялык макалалар да өзгөчө сөзгө арзыйт. Көп томдуу “Кыргыз Совет Энциклопедиясында” жана башка энциклопедиялык жыйнактарда Эртабылды агай жарыялаган оригиналдуу кыска-нуска макалалар далай этнографиялык иликтөөлөргө башаттык азык болуп берди.
Адатта, кыргыздарды “көчмөн калк” катары бир тараптуу аңдаган далай замандаштарыбыз кыргыздардын көп тарамдуу чарбачылыгына жана терең маданиятына текебер мамиле кылып келишет.
Чынында, байыркы жана орто кылымдарда эле кыргыздарда металл иштетүү өнөрү мыкты өнүккөн. Өз кезеңинин кылымдар карыткан технологиясын талап кылган бул баалуу тармаксыз кыргыздар жана аларга жуурулушкан этностор өтмүш доорлордогу аскердик өнөрдү да, башка чарба тармактарын дагы өксүтүшү мүмкүн болчу.
Эртабылды агай кыргыздардын металл иштетүү тармагын оболу илимий макалаларында, андан соң илимий монографиянын (1982) жана кандидаттык диссертациянын (1983) алкагында чагылдырып, атамекендик этнография жана тарых илимдеринде саамалык жараткан.
Энесай Кыргыз каганаты орто кылымдарда жалпы чыгыш түрк мамлекеттерин темир жана башка металл буюмдар, курал-жарактар менен жабдыган аймактардын бири болгон. Кыргыздардын металл өндүрүшү тууралуу кытай (ханзу) жазма булактары да баяндашкан.
Орус археологдору Сергей Владимирович Киселев (1905–1962), Юлий Сергеевич Худяков (1947–2021) сыяктуу даңазалуу кыргыз таануучулардын да кыргыздардын металл иштетүү өнөрү тууралуу мол маалыматтары белгилүү.
Ал эми Эртабылды агай өз эмгектеринде дал ушул металл иштетүү технологиясынын кийинки этнографиялык доордо сакталып калган салттары жана терминдери жөнүндө терең иликтөө жүргүздү.
Эртабылды агай кызытылган металлды сууга чала коюп, жибитүү жүрүмү “жашытуу” деп аталарын, ширетүү, каңдоо деген ж.б. усталык ыкма аталыштарын, ошондой эле быткылдагыч балка, кайрак таш, кайчы, кыпчуур (кымчуур), кычкач, зым тарткыч (түштүктө – “килийа”), чапкы сыяктуу аспап аттарын жазат.
Кыргыздын “көөрүк” аспабы орто кылымдардын эрте мезгилинде “көрүк” деп эскерилерин, ал эми монголдор бул терминди “хөөрөг” деп аташарын да баса белгилеген.
Ысык-Көлдө Даркан айыл аталышы бар эмеспи, ал эми Эртабылды агай түндүк кыргыздарда “даркан” сөзү “темир уста” сөзүнө маанилеш колдонулган учурлар болгондугун, монгол, бурят жана тыва элдеринде да бул сөз (дарган, тарган, даркан варианттарында) дал ушул “темир уста” маанисинде колдонуларын белгилеген.
Эртабылды агай жалпы эле кыргыз зергерлери, усталары жана уздары тууралуу башка да ар кыл өңүттөрдө изилдөөлөрдү жүргүзүп, колдонмо көркөм өнөрдүн мурасы тууралуу бай маалыматты илим чөйрөсүнө ырааттуу киргизип келди.
Улуттук, көп этностуу маданиятты изилдөөчү жана педагог
СССРдеги айтылуу “Кайра куруу” доорунда Эртабылды агай “Кыргыздардын этнографиялык буюмдары – элдик маданияттын эстелиги катарында” (1989) аттуу макаласы менен улутубуздун заттык жана заттык эмес маданиятын кастарлап сактоо зарылчылыгын жарандык коомго эскерткен.
Терең билимге жана ар тараптуу билгиге (маалыматка) ээ агайыбыз эгемендик доорунда Кыргызстандын көөнө доордогу, орто кылымдардагы жана жаңы доордогу маданиятынын тарыхын жалпылап жазуу жаатында салымдарын ырааттуу жүзөгө ашырып келди.
Андан тышкары ал Түркстан чөлкөмүндөгү элдин (анын ичинде кыргыздар менен өзбектердин) этностук-маданий карым-катнаштарын, чөлкөмдөгү журт которуулар тарыхын, көп этностуу Фергана чөлкөмүнүн руханий дүйнөсүнүн тарыхын жана учурдагы демографиялык жүрүмдөрдү иликтеген эмгектерин эгемендик доорунда байма-бай жарыялап келүүдө.
2010-жылы Жалал-Абадда анын “Этнография (тарых адистигинде окуган студенттер үчүн)” деген китеби жарык көрүп, студенттер үчүн колдон түшкүс мыкты колдонмо болуп калды.
Эртабылды агай далай башка кесиптештери (маселен, маркум этнограф Имел Молдобаев, маркум археолог Кеңешбек Малтаев ж.б.) менен биргелешип макалаларды жарыялап, орчун илимий темага илимий тармактар аралык мамиле кылуу жаатында да өрнөктүү иш-аракет жүргүздү.
Азыркы тапта да ал жаш илимпоздор менен биргелешип, этнография, дүйнө тарыхы, битик (орхон энесай руна сымал) жазмасындагы этнографиялык маалыматтарга ж.б. өңүттөргө арналган ар кыл илимий макалаларды, колдонмо китептерди жана сабактарды жарыялап келет.
Агайыбызды өрнөктүү ата жана таята катары да мыкты билебиз. Маркум Данакан жеңе (1950–2020) экөө Айнура жана Элнура деген эки кыздуу, бир нече жээн неберелүү болушту.
Агайды далай жаш илимпоздор дагы адистик кеңештери, талбас насаатчылыгы жана кесипкөй колдоолору үчүн өз пириндей көрүшөт. Ал ар кыл эл аралык жана жумурияттык илимий шеринелерди уюштурууга да зор салым кошуп келди.
Агайды кесиптештери калыстыгы жана карапайымдыгы үчүн дагы өзгөчө урматташат.
Азыркынын Эр Табылдысы
Эгерде өтмүштө Эр Табылды эл четинде, жоо бетинде эрдик көрсөтсө, бүгүнкүнүн Эр Табылдысы урматтуу Эртбылды агай өтмүштөгү маданий мурастын этнографиялык казынасынын сактоочусу жана ырааттуу иликтөөчүсү катары илим каарманы болуп келет.
2023-жылы Бекмамат Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогика факултетинин “Тарых” кафедрасынын профессору Эртабылды Жолдош уулу Сулайманов Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси сыйлыгына татыган.
Атына заты жарашкан Эртабылды агайыбыз – кыргыз таануучулар үчүн гана эмес, мүлдө түркологдор жана евразиялык этнографтар үчүн дагы өзгөчө баалуу болгон илимий салымы бар мээнеткеч айдыңыбыз жана кадырлуу, устат аксакалыбыз болуп саналат.
Урматтуу Эртабылды агайыбызга 75 жылдык торколуу тою белгиленип жаткан алтын күз маалында чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, 110 жаштын сересин багындырган узак өмүр, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди ак дилден каалайбыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.